Милиция коргойбу же кордойбу? Омурткасы сынган Элдиярдын баяны

Милиция бөлүмүндө кыйноо боюнча териштирүү бүтө элек

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Милиция бөлүмүндө кыйноо боюнча териштирүү бүтө элек
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектин Октябрь районуна караштуу №3 милиция бөлүмүндө омурткасы сынгыча кыйноого кабылды делген Элдияр Асангариевдин саламаттыгы учурда канаттандыраарлык.

Окуядан кийин бир катар бейөкмөт уюмдары президентке кайрылып, ишти жеке көзөмөлгө алууну суранышты. Ал арада адам укугун коргогон уюмдар Ички иштер министринин отставкасы тууралуу маселе козгошту.

"Омурткасы эки жеринен сынган"

Милициядан ыдык көрдү делип жаткан Элдияр Асангариевге карата учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар жүрүп жатканын Би-Би-Сиге анын адвокаты Бактыбек Асамудинов билдирди:

"Рентген көргөзгөндөй омурткасынын эки жеринен сөөктөрү сыныптыр. Жарака эмес, сынык экен. Учурда даарыланып жатат, бирок ага карабастан Элдияр өзү жана айдоочусу сурак беришти".

Милиция бөлүмүндө кыйноо фактысы орун алган деген шек менен 27-февралда козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары уланууда. Жабырлануучу тарап милиция эки жаранга күч колдонгон деп күнөөлөп, бирок Бишкек ШИИБи мындай айыпты четке кагууда.

Дүйшөмбүдө Элдияр Асангариевдин иши боюнча жарандык коом өкүлдөрү президентке кайрылышып, ишти жеке көзөмөлгө алууну суранышты.

Окуянын чоо жайы

26-февралда Асанбай кичи районундагы №52 үйдүн жанындагы павильонду алып салуу жөнүндө сот чечимин аткаруу үчүн тартип кызматкерлери келген. Бирок павильондун ээси менен ТСЖ (турак жай менчик ээлеринин шериктештиги) төрагасы кайым-айтышып, тартыша кетишкен. Эки аялды ажыратуу үчүн сот аткаруучулар милицияны чакырышкан.

Бишкек ШИИБдин билдиришинче, павильон ээсинин уулу Элдияр Асангариев жана окуя болгон жерге аны менен чогуу келген айдоочусу агрессивдүү маанайда болгондуктан, милиция аларды окуя болгон жерден алып кетишкен.

Окуя Бишкектин Октябрь районуна караштуу №3 милиция бөлүмүндө болгон

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуя Бишкектин Октябрь районуна караштуу №3 милиция бөлүмүндө болгон

"ГОМдун эшигин жаап коюп, сегиз милиция колун бурап, таканчыктап отуруп калганда, аркасынан омуртканы көздөй тизе менен тебишкен. Жүлүнү аман, бирок омуртканын сөөктөрү сынып кеткен. Адвокаты келип кирген кезде, милициялар качып кетип, Элдияр тура албай жерде жатып калган", - деди жарандык коом өкүлү, жабырлануучунун тууганы Мирбек Асангариев.

Шаардык ички иштер башкармалыгы милициядан ыдык көрдү делип жаткан жигиттин окуясы боюнча сот аткаруучунун сурагынын видеосун жарыялап, анда милицияда күнөө болбогону айтылат.

"Жок, милиция сабаган эмес, мен андайды көргөн жокмун",- дейт окуя боюнча түшүндүрмө берип жаткан сот аткаруучу.

"Пакет менен тумчуктуруу-кыйноонун кеңири жайылган ыкмасы"

Ички иштер министри азырынча бул окуя боюнча түшүндүрмө менен чыга элек жана реакция да жасай элек. Би-Би-Си министрликтин басма сөз кызматына бул маселе боюнча байланышка чыга алган жок. Ал арада укук коргоочулар премьер-министрге кайрылып, мындай кырдаалда министрдин отставкасы тууралуу маселе козголушу керек деп жатышат.

"Юристтер адам укугу үчүн" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асел Койлубаева 2017-жылы жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат дейт:

"Кыйноолордун эң арзан ыкмасы - башка пакет кийгизмей. Кадимки эле бир сомдук желим баштыкты кийгизишип тумчуктурушат. Кийинки орунда кол-буту менен согуп, тепкилешет. Уруп-согуу менен гана чектелишпейт, психологиялык зомбулук да кылышат. "Аялыңды, балдарыңды камайбыз", "бир туугандырыңа наркотик таштап кетебиз" деп коркутушат. Бул адам үчүн эң кыйын кыйноо".

"Аялыңды, балдарыңды камайбыз", "бир туугандырыңа наркотик таштап кетебиз" деп коркутушат

Сүрөттүн булагы, Joomart Uraimov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аялыңды, балдарыңды камайбыз", "бир туугандырыңа наркотик таштап кетебиз" деп коркутушат

Укук коргоочунун айтымында соңку жылдары күч органдарын реформалоо боюнча эл аралык уюмдардын каржылоосунда бир катар чоң долбоорлор ишке ашса дагы, тартип сакчылары арасында мажбурлап күнөөнү моюнга алдыруу тажрыйбасы жоюла элек.

"Милицияга өзубүздүн эле балдар, жигиттер барып иштеп жатышат. Жакшынакай эле барышып, бирок ошол системага киргенде, система аларды акмачылыкка түртүп, адамдык кадыр баркты булар баалабай калышат экен. Басмырлоо-кыйноо менен иш алып барышат. Укук коргоо органдарында системалык реформа жүрбөсө, бул маселе чечилбейт",- дейт Асел Койлубаева.

Укук коргоочулар кыйноолордун алдын алуу үчүн советтик системадан калган кылмыш иштеринин бетин ачууда пайыздык статистика критерийинен баш тартуу керек дешет.