"Башка-көзгө койгулаган туура эмес": укук коргоо органдары кандай учурда күч колдоно алат?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМК

Сүрөттүн булагы, UKMK

УКМКнын атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн Ош шаарында кылмышка шектүү кишилерди кармоо учурундагы видеосу коомдо кызуу талкуу жаратты. Бул окуя кылмышка шектүүнү кармоо тартиби кандай болушу керек, күч түзүмдөрү кандай учурда күч колдонсо болот деген маселени козгоду.

Бир нече күн мурун кармалгандардын бири социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, анда УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып, видео материалдарды жана сүрөттөрдү жүктөдү.

Маселе коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдар жарандардын укуктарынын корголушу жана күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу тууралуу суроо койсо, башкалары атайын кызмат кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз милдетин так аткарып жатканын айтып чыгышты.

Бул окуя боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү жарыялады.

Анын айтымында, соңку учурда өздөрүн "нейтралдар" деп атап, уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө аракет кылган жаштар бир катар оор кылмышка аралашканы аныкталган.

"Алардын бир нече жолу адамдарга кол салып, уруп-согуп майып кылып, тоноп жүрүшкөнү, ал тургай бир жарандын жанын кыюуга аз калган учурлары видеолор аркылуу далилденди. Бул кылмышкерлер өз эрежелерин орнотуп, зомбулук менен элди коркутууга аракет кылып келишкен. Аларды кармоо учурунда атайын даярдыктагы кызматкерлер менен мушташып, качууга аракет кылышты. Бирок азыр кээ бир бейөкмөт уюмдар бул кылмышкерлерди коргоп чыгып, "адам укугу бузулду" деген маалымат таратып жатышат. Силер ыйык туткан батыш өлкөлөрүндө мындай тентектик, мыкаачылык аракеттер үчүн керек болсо чекеге атып салышмак. Биздикилер гумандуу экен, кармап барып түрмөгө салып коюшту",- деп жазды.

Ошондой эле ал мамлекет уюшкан кылмыштуулукту толугу менен жок кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

"Биз адам укуктарынын сакталышын колдойбуз. Бирок ошол эле учурда бейкүнөө адамдардын укугун тебелеп, майып кылган кылмышкерлерди актап, аларды коомчулукка "бей-бечара" катары көрсөткөндөрдүн аракети адилеттүүлүккө жатпайт! Өздөрү зомбулукка барып, кылмыш кылып, мыйзамды одоно бузуп жаткандарды коргоп чыгуу - бул кылмыштуулукту жайылтуу менен барабар деп эсептейм! Бейөкмөт уюмдар, силер кимдин таламын талашып жатасыңар? Бычактап, кордоп, адамдардын тагдырын талкалаган кылмышкерлердиби? Бейкүнөө жабыркагандардын укугу жөнүндө эмне үчүн унчукпайсыңар? Эмне үчүн чыныгы фактыларды жашырып, коомчулукту манипуляция кылып жатасыңар?",- деди Орунбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет бул маселеге байланыштуу азырынча комментарий берилбей турганын айтты.

"Мыйзам чегинде гана иштеши керек"

Рита Карасартова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Укук коргоочу Рита Карасартова УКМК жана ИИМ кызматкерлеринин кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурундагы мыйзам бузууларына байланыштуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, соңку окуялар күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча коомчулукта олуттуу суроо жаратты.

Ал буга чейин өзү дагы "Кемпир-Абад иши" боюнча камакка алынганын эске салып, ошол учурда кыйла мыйзам бузуулар болгонун белгиледи.

"Кылмыш жана жаза кодексине ылайык, шектүүнү кармап жатканда ага бир жолу телефон чалууга уруксат берилиши керек. Ал киши жактоочусуна же ишенимдүү адамына чалып, кармалып жатканы тууралуу кабардар кылууга укуктуу. Мага андай мүмкүнчүлүк берилген эмес. Биринчи кезекте телефонумду алып коюшту. Ошондо уулум айласыздан социалдык тармактарда түз эфирге чыкканга аргасыз болду. Эгер мага телефон чалууга мүмкүнчүлүк бергенде, ал видео тартылмак эмес. Экинчиден, үйдүн баарын тинтип чыгышты. Тинтүү соттун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Булар анткен жок. Тинтүүнү чукул чаралар менен байланыштырып коюшту. Бирок кандай учурда чукул чара колдонулат? Эгер шектүү куралчан болсо, ал ошол учурда өтө олуттуу коркунуч жаратып жатса, анда соттун уруксаты жок эле тинтүүгө алса болот. Болгону дептеримди, компьютеримди алып кетишти. Булар үчүн менин куралдарым ошол экен. Күч органдары мыйзам чегинде гана иштеши керек. Бул эң чоң алтын эреже, алар мыйзамда эмне жазылса, ошону гана жасай алат",- деди Карасартова.

Карасартова укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык унаасы жок, жарандык кийимчен келип, алып кеткен учурларга токтолду.

"Мага көп ата-эне кайрылат. Жарандык кийим кийип алып, атайын унаада эмес, башка унаа менен алып кетти деп айтышат. Анан УКМКга, ИИМге чалып, балдары кайда экенин издеген күндөр көп болгон",- деди укук коргоочу.

Ал жактоочу Самат Матцаковду кармоодо дагы УКМК одоно мыйзам бузган деп эсептейт:

"Ал жөнөкөй жаран эмес, жактоочу. Адвокаттын өзүнүн статусу бар жана мыйзамда анын укугу бир нече берене менен корголгон. Адвокаттарды кармоонун өзүнүн эрежеси бар. Ал эми биздикилер эмне кылышты? Катардагы жаранга мамиле кылгандай кармап кетишти. Аны атайын кызмат кармаган. Аларга туура эмес кылып жатасыңар деп азыр эч ким айта албайт да".

"Башка-көзгө койгулаган туура эмес"

Артур Медетбеков

Сүрөттүн булагы, Facebook

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, кылмышкерди же шектүүнү кармоо операциясы ар бир мамлекеттин ички мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, кандайдыр бир кармоо операциясын жүргүзөөрдөн мурун ИИМ же атайын кызмат алдын ала тактоо, аныктоо иштерин жүргүзөт.

"Шектүүнү же кылмышкерди кармоо операциясында ар кандай күтүүсүз каршылык көрсөткөн учурлар кездешет. Маселен, ок чыгарып же жарылуучу каражат ыргытып жиберүүсү толук мүмкүн. Мындай операцияларда коопсуздук үчүн кандайдыр бир күч колдонулушу мүмкүн. Ал мыйзамда жазылган. Бирок бул баштапкы кармоо учурунда гана. Кармагандан кийин аларды сабап, тепкилеп, уруу одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет. Шектүүбү же кылмышкерби, аны жерге жаткырып алып тепкилеп, башка-көзгө койгулаган туура эмес. Алардын дагы конституциялык укугу бар. Ал эми шектүүнүн колунда эч кандай курал-жарак жок экени көрүнүп турса, аны атууга же катуу чара көрүүгө мыйзам жол бербейт. Кээде шектүү сөз аркылуу коркутууга бара турган болсо, жагдайга жараша күч колдонулат",- деди Медетбеков.

Ошондой эле ал шектүүнү кармоо операциялары боюнча ИИМ жана УКМКнын милдеттери бирдей экенин кошумчалады.

Акыйкатчы институту эмне дейт?

Акыйкатчы институтунун Адам укуктарын укук коргоо органдары тарабынан сакталышына контроль жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Жандаевдин айтымында, сотко чейинки өндүрүштөгү мыйзам бузууларга байланыштуу аларга былтыр 415 арыз түшкөн.

Анын ичинен 265 арыз милициянын, 71 арыз прокуратуранын, 54 арыз тергөө судьяларынын жана 25 арыз УКМК кызматкерлеринин үстүнөн жазылган.

"Алардын арасынан 36 арыз кыйноо боюнча келип түшкөн. Арыз ээлери менен жолугуп, материалдарды топтоп, прокуратурага жибергенбиз. Тилекке каршы 36 материал боюнча кылмыштын белгилери аныкталган жок деген жооп алдык. Калган учурлар боюнча бир нече адам кызматтык жоопкерчиликке тартылып, иштен алынгандары болду",- деди адис.

ИИМдин маалыматы

Ички иштер министрлигинен шектүүлөрдү кармоо учурунда укук бузуулар боюнча жарандардан келип түшкөн арыздар жана даттануулар тууралуу так маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Бирок министрлик милициянын кармоо учурундагы милдеттери жана укуктары тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.

"Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамга ылайык, төмөнкү учурларда милиция кызматкерлери күч колдонууга же атайын каражаттарды пайдаланууга укуктуу экени айтылат.

  • Шектүү куралчан болуп, коомго түздөн-түз коркунуч жаратканда;
  • Соттолгон кишилер жабык мекемелерден качып кеткенде;
  • Адам барымтага алынганда;
  • Массалык тартип бузууларга алып келсе;
  • Топтошкон адамдар укук коргоо органдарына баш ийбей, каршылык көрсөткөндө;
  • Өзүн-өзү коргоо максатында.

Министрлик белгилегендей, милиция кызматкерлерине жарандардын, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын бузбоо боюнча үзгүлтүксүз окутуулар өткөрүлүп турат.