Ташиевдин эскертүүсүнүн артында чоң реформа турабы?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын УКМК жетекчисинин күч түзүмдөрүнө болгон кайырылуусу коомдо кызуу талкууга кабылды. Анын күнөөсүз адамдарды атайлап камагандар жоопкерчиликке тартылат деген сөзүнөн кийин тергөө жана сот органдарынын мындай ашыкча аракеттерин ашкерелеп чыккандар болду. Айрымдар кайсы бир учурда системанын катачылыгынан укук коргоо органдарынын курмандыгына айланганын айтып чыгышты.
Укугу бузулган укук коргоочу

Сүрөттүн булагы, Kamil Ruziev
Камиль Рузиев адам укугун коргойм деп жүрүп, өз укугун тебелетип алганын айтат. Ага мындан төрт жыл мурун иш козголуп, бирок былтыр Жогорку сот тарабынан акталган. Укук коргоочу бул жеңишке жетүү үчүн үч жыл убактымды, ден соолугумду кетирип, болгон күчүмдү сарптадым деп эскерет.
Адилеттүүлүк издегендердин таламын талашканы үчүн милиция тарабынан куугунтукка алынганын айтып, Рузиев бул иш атайлап уюштурулган деп эсептейт.
Акталганы менен окуя анын жеке жашоосуна, ден соолугуна, жана үй-бүлөсүнө чейин терс таасирин тийгизип, бир нече жылга созулган оор сыноолорду алып келди дейт.
"Бул жылдар мен үчүн да, үй-бүлөм үчүн да өтө оор болду. Балдарым, жакындарым коркуп калды. Таасири жаман экен. Жакындарымда деле коркуу сезими калып калды",- дейт Рузиев.
2020-жылы май айында Рузиевди УКМК кызматкерлери камакка алган. Анын айтымында, эки күн бою убактылуу кармоочу жайда психологиялык жана физикалык кыйноого туш болгон. Тергөөчүлөр кылмышты моюнга алдыруу үчүн мага кысым көрсөткөн дейт ал. Өз укугун коргоо максатында жабык жайда отуруп алып ачкачылык жарыялоого чейин жеткен.
"Мени документ жасоо жана алдамчылык кылды деп айыпташты. Бирок бул иштер УКМКнын карамагындагы иш эмес эле. Алар мыйзамды одоно бузуп, мени жоопко тартышты",- дейт Рузиев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда Рузиевди түйшөлткөн маселе убагында аны камап, кыйноого алган укук коргоо кызматкерлеринин бүгүнкү күнгө чейин жоопкерчиликке тартылбаганы.
Соттон акталган соң Рузиев реабилитациялоо боюнча даттанып чыккан. Сот өкүмү менен материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн бир миң доллар өлчөмүндө каражат өндүрүлгөн.
"Бул иш менин ден-соолугумду эле эмес, энергиямды, күчүмдү алды. Бирок үч жыл аралыгындагы материалдык чыгым араң 1000 долларга бааланды. Анысы аз келгенсип мени негизсиз камап, кыйнаган жана иш козгогон кызматкерлер дале иштеп жүрөт. Мен бул маселени Башкы прокуратурага билдирдим. Алар карап чыгып, баа беребиз деген. Бирок азырынча жооп жок"- деди укук коргоочу.
Рузиевдин айтымында, атайын кызматтын башчысынын билдирүүсүнөн кийин бул иш чечилип кетет дегенге ишенбей турат.
"Өзүмдүн ишим боюнча УКМК жетекчисине кайрылгам. Бирок мага келгенде мыйзам иштеген жок да. Менин укугум толук калыбына келтирилген жок",- деди ал.
Ал өз укугун коргоо талабы менен Бириккен улуттар уюмуна чейин кайрылган.
"Кенемте талап кылгандан дагы коркушат"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жарандык активист Рита Карасартова Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталып, кийин акталгандардын бири.
Бирок акталды деген менен Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы болгон мамлекеттик айыптоочунун арызы учурда шаардык сотто дале каралып жатат.
Карасартованын айтымында, Кыргызстанда чыгып жаткан өкүмдөрдүн көбү саясий мотивге ээ.
"Учурда соттордун көбү милиция эмнени алып келсе, нотариус сыяктуу ошону ырастап берген бөлүмгө айланып калды. Алар актагандан дагы коркушат. Актап койгону үчүн айрымдары иштен алынып, куугунтукка дуушар болгон учурлар жок эмес. Ошон үчүн соттор ач кулактан тынч кулак деген позицияга өтүп алган",- деди Карасартова.
Анын айтымында, актоо өкүмү чыкса да сот жообуна тартылгандар мамлекеттен компенсация талап кылышпайт жана мыйзамсыз камагандарга каршы арызданбайт:
"Аларды актап жатканда дагы шарт коюшат. Актайм, бирок тынч отурасың деп талап кылышат. Ошондуктан акталгандардын көбү мыйзамсыз соттогондорду жоопко тартууну эмес, кенемте талап кылгандан дагы айбыгышат. Алар ошол чечимге ыраазы болушат".
"Күнөөсүз адамды жоопко тартпагыла"

13-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнө кайрылып, күнөөсүз адамдарды атайлап камаган кызматкерлер катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертти:
"Атайлап бирөөнүн артынан түшүп, кылмышты жасатып жыйынтыкка жетебиз дегендер өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла. Адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Биздин арабызда мындай учурлар такыр болбошу керек".
Ал күч органдарында иштегендер адам тагдыры менен ойноого акысы жок экенин баса белгилеп, анын кесепети оор болорун айтты.
"Силер жаңылып калууга, ката кетиргенге акыңар жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, анын жашоосу силердин алдыңарда турат. Жакшынакай жашап жаткан адамды "подстава" кылып камап, үй-бүлөсүн зарлатып, бала-чакасын ыйлатып, мындай абалга түшүрбөшүңөр керек",- деди Ташиев.
Күч органдарында көп жыл иштеген Феликс Кулов УКМК башчысы тарабынан мындай эскертүү жөн жерден айтылган жок деп эсептейт:
"Күч органдарынын тергөөчүлөрү иштин көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн Ташиев айтып жаткан ыкманы колдонулуп жатканы анык. Бул эскертүү өз натыйжасын берип, адилеттүүлүктү орнотууда оң таасирин тийгизет деп үмүт кылалы".
"Эсиң барда этегиңди жый"

Сүрөттүн булагы, Official
Мурдагы Акыйкатчы Токон Мамытов бул кайрылуунун маанисине токтолуп, анын артында олуттуу себептер бар экенин белгиледи.
"Биринчиден, акыркы учурда президентке, парламентке, Ташиевдин жеке өзүнө да көптөгөн кайрылуу түшүп жатат. Алардын негизинде укук коргоо органдары бурмалоого барып, адамдарды мажбурлап, ушундай көрсөтмө бересиң деп коркутуулар болуп жатканын айтып жатышат. Ошон үчүн адам укугун тебелебегиле деп кайрылууга мажбур болду",- дейт Мамытов.
Токон Мамытовдун айтымында, кайрылуу укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы коррупциянын күчөшүнө байланыштуу эскертүү иретинде жасалып жатышы мүмкүн. Андан тышкары "статистика" деп аталган эски система дагы буга себеп болушу ыктымал.
Ал кошумчалагандай, укук коргоо органдарында ар бир кызматкердин жасаган иши сандык көрсөткүч менен бааланып, ошонун негизинде сыйлык же кызматтык өсүүгө умтулат.
"Алар мынча ууру кармадым, мынча кылмыштын бетин ачтым деп статистика тапшырат. Мына ушул жасалма көрсөткүчтөр айрым кызматкерлерди мыйзам бузууга түртүп жатат",- деди ал.
Ошондой эле, Мамытов бул эскертүү натыйжасын берет деп үмүттөнүп турганын айтты. Эми УКМКнын мындан аркы чаралары өтө катуу болушу ыктымал деди:
"Ташиев эсиңер барда этегиңерди жыйгыла деген сөздү айтты. Бул эскертүүнү ушундай түшүнүү керек".
Мамытов эскертүү чоң реформанын алдында жасалып жаткан кадам болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Мыйзамдуулукту сактоо үчүн укук коргоо органдарынын ачыктыгын жана жоопкерчилигин арттыруу шарт дейт ал. Бул чакырык жалпы коомчулукта колдоо тапканы менен, эң негизгиси бул сөздөр реалдуу өзгөрүүгө алып келиши керек экенин билдирди.











