Казакстан: маркумдарга чыккан сот өкүмдөрү. "Кандуу январь" боюнча сот

Айсымбат Токоева, Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы

Казакстан

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Алматыда жабык өтүп келген сот жараянында “Кыйноо” беренеси боюнча айыпталып жаткан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин он бир кызматкеринин иши каралууда.

Сотто бир нече жабырлауучу аларды жөн жерден эле Январь окуяларында "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин адамдары ар кайсы жерден кармап, ур-токмокко алып, күч органдарына өткөрүп беришкенин айтышкан. Чуулгандуу иште аралашып жүргөн Арман Жумагалдиевге оор айыптар тагылууда. Анын жакындары "күнөсүз, ал тескерисинче тынчтандырууга аракет кылган" деп келишет. Өтө чиеленишкен бул соттук иш бир топ убакыттан бери каралып келе жатат.

Казакстан 2022-жылдын январында болгон ири нааразылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоону улантууда. Жадагалса тополоңдо жана милиция менен кагылышууда набыт болгондорго да кылмыш иштери козголгон.

Ушул жайда Алматы менен Тараздын соттору бир нече резонанстуу иштерди карап чыгышкан. Аларда өлгөндөрдүн тогузу кайрадан күнөөлүү деп табылып, бирөө гана акталган. Эл арасында бул сот иштери “аруахтардын соту” (“арбактардын соту”) деп аталып калды.

34 жаштагы Шынгыс Тастанбеков 2021-жылдын декабрь айында Казакстандын Абай районундагы айылында курулуп жаткан үйүнө эшик сатып алууга акча табуу үчүн Алматыга иштегени келген. Ал ата-энесинин үйүн бүтүрүп, андан кийин үйлөнүп, үй-бүлө курууну кыялданчу.

5-январь күнү таңкы саат 7де жакындары ага телефон чалып, баары жайындабы деп сурашты: жаңылыктарда Алматыдагы тынч митингдер кантип миңдеген адамдар катышкан нааразылык акцияларына жана баш аламандыктарга айланганы тууралуу сөз болуп жаткан.

Шынгыс шаарда эч коркунуч жок экенинине туугандарын ишендирүүгө аракет кылды.

“Ал эрки күчтүү, элин, жерин сүйгөн жигит эле. Апам эч жакка барба деп суранды. Трубканын ары жагында кыйкырыктар, ызы-чуу, ышкырыктар угулуп жатты. Ал коркунучтуу эч нерсе болбогонун, эл гимнди ырдап, топтошуп ары берип басып жүргөнүн айтты. 5-күнү саат 10:00дөн баштап ага байланыша албай калдык.”-дейт, эжеси Шынар Тастанбекова.

Шыңгысты издеп, үй-бүлөсү Алматыдагы бардык туугандарына телефон чалган. 10-январдын кечинде анын эжесине укук коргоо органдарынан телефон чалышып, сөөктүн өздүгүн тактап берүүнү суранышкан.

Тастанбекова анын бир тууганы талап-тоноолорго жана мамлекеттик мекемелерди басып алууга катышпаганын билдирүүдө. Анын айтымында, Шынгыс тынч митингге митингчилерди колдоо жана аны менен бирге “элдин мүдөөсүн бийликке жеткирүү үчүн” барган. Бирок бул боюнча бийлик бөтөнчө көз карашта.

Казакстандын эгемен тарыхындагы эң ири нааразылык акциялары

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2022-жылдын 2-январында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн мунай шаарчасында газдын кымбатташына каршы тынчтык митингдери башталган. Казакстандыктар өз жеринен алынган күйүүчү май эки эсе кымбаттап кеткенине нааразы болушкан.

Кийинки күндөрү митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Күн тартибине ошондой эле бүтүндөй өлкөнүн экономикалык жана социалдык көйгөйлөрү кошулду.

5-январга караган түнү тынч нааразылык акциялары өкмөткө каршы кыймылга жана талап-тоноочулукка айланып, Казакстандын бир катар шаарларында мамлекеттик мекемелерди басып алуу аракеттери көрүлгөн. Алматы массалык баш аламандыктын жана талап-тоноолордун чордонунда калып, анда акимчиликтин (мэриянын), президенттик резиденциянын, ИИМдин имараттары өрттөлүп, эл аралык аэропорт басып алынган.

Нааразылык акциясынын алгачкы күндөрүндө Казакстандын коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, үн чыгаруучу граната жана желим окторду колдонушкан. Бирок 5-январда Алматыдагы Республика аянтында жана ага чектеш президенттик резиденцияда атышуу башталган. Митингчилер элдин арасында куралдуу топтор пайда болуп, баш аламандыктарды жаратып, имараттарды басып алышканын айтышты.

Алматы акимчилигинин күйүп кеткен имараты

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Эртеси күнү бүт өлкө боюнча “антитеррордук операция” башталды. Президент Касым-Жомарт Токаев күч органдарына “кылмышкерлер менен канкорлорду” эскертүүсүз атууга буйрук берди. Ошол эле маалда Алматыга аскер кызматкерлери келип, окуянын күбөлөрүнүн айтымында, нааразылык акциясынын катышуучуларына, жада калса жолдон өтүп бара жаткан жай тургундарга да ок аткан.

Жалпысынан Казакстандагы тополоңдо расмий маалыматтар боюнча 238 адам каза болгон, бирок укук коргоочулар жабыркагандар андан көп экенин айтышууда. Күч органдары карапайым элге ок чыгарганын бийлик моюнга албайт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алматыда жана Казакстандын башка шаарларында мамлекеттик мекемелерге, президенттин резиденциясына, дүкөндөргө жана башка имараттарга жасалган куралдуу кол салуу учурунда 92 адам каза болгон. Тергөө башка жабырлануучулардын өлүмүнүн жагдайларын ачыктай элек.

Миңдеген кылмыш иштери

Январь окуясынын натыйжасында укук коргоо органдары беш миңден ашуун кылмыш ишин козгоп, 1200дөн ашык адам соттолгон.

Ошол эле учурда массалык башаламандык жана терроризм боюнча кылмыш иштери жадагалса каза болгондорго карата да ачылган – 34 жаштагы Шынгыс Тастанбеков Алматыдагы ушундай эле иш боюнча фигурант болуп калган.

Тастанбековдун үй-бүлө архивинен.

Сүрөттүн булагы, Тастанбеков

Бийликтин маалыматы боюнча, ал башаламандыктарга катышкан. Ушул эле иш боюнча дагы төрт айыпталуучу, мамлекеттик мекемелерге - президенттик резиденцияга жана шаар администрациясына кол салышкан. Алар да нааразылык акциялары маалында каза болгон. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Апелляциялык сот айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды.“Соттолуучулардын өлүмүнө байланыштуу” эч кандай жаза колдонулган эмес.

Тастанбековдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Жаксылык Долда Шынгыстын күнөөсү жок экенин айтып, бул саясий иш деп эсептейт.

Ал ишти тергөө учурунда кетирилген мыйзам бузууларды көрсөтөт – мисалы, күнөөнүн далили катары тергөөдө Тастанбеков эл арасында турган видео үзүндүлөр колдонулган.

“Кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларына ылайык, алар бизге видеону этап менен эмес, эпизод менен эмес, толугу менен көрсөтүшү керек. Видеолор монтаждалган, кесилген, (аларда) маалымат толук эмес. Эгер мага бул окуяны толугу менен көрсөтүшсө, балким Тастанбековдун үйүнө кеткенин көрмөктүр элем. Алар өздөрүнө пайдалуу болгон фрагментти кылмыш ишине кошушкан. Мунун баары туура эмес, - дейт Долда.

Анын үстүнө, Долданын айтымында, тергөө Тастанбековдун өздүгүн тактоо жана кадрда Шынгыс өзү экенин далилдөө үчүн портреттик жана фотографиялык экспертиза жүргүзгөн эмес.

“Бул видеолордо анын бир нерсе менен куралданып, же куралсыз дагы имараттарга жана полицияга кол салганы тууралуу бир да фрагмент жок. Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренесине (массалык баш аламандык) ылайык, аны актоо мүмкүн болчу,” - деп эсептейт адвокат.

Жактоочу кошумчалагандай, иштин башында ал жактаган адам терроризмге жана мамлекеттик мекемелерге кол салууга да айыпталган, бирок тергөө далил жоктугунан бул айыптарды алып салган.

Нааразылык акциялары 13-январда басылган

Сүрөттүн булагы, EPA

Маркумдун эжеси Шынар Тастанбекова инисинин иши боюнча маалыматтар бири-бирине карама-каршы келерин белгилейт.

“Ал 5-күнү (Алматыдагы) президенттик резиденцияда өлтүрүлгөн деп жатышат. Башка (материалдарда) анын сөөгү 7-январда такыр башка жерден: Сатпаев көчөсүндөгү соода үйүнүн жанынан табылганын жазышууда. Сот муну эске алган жок, баары жалган көрсөтмөлөргө негизделген,” - дейт Шынар.

Анын айтымында, тергөөчү алардын үй-бүлөсү менен “соодалашып”, күнөөнү мойнуна алып, кол коюуну сунуштаган, алар баш тартканда - коркутууга өткөн.

“Сотко чейинки тергөө аяктаганы жарыяланганда алар (тергөөчүлөр) туугандарына Тастанбеков массалык баш аламандыктын катышуучусу болгон деп арыз жазууну сунушташкан. Анан адам өлүмүнө байланыштуу бул иш токтотулмак. Алар: “Баш тартса, ишти сотко өткөрүп, аны соттотуп салабыз” дешкен”, - дейт жактоочу.

Туугандары анын тагылган айыптар боюнча күнөөсү далилденбегенин жана мыйзамсыз эч нерсе кылбаганын айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.

Би-Би-Си Казакстандын Башкы прокуратурасына комментарий берүү өтүнүчү жолдоп, жооп күтүп жатат.

Митингчилерге ким ок чыгарган?

2022-жылдын январында Шынгыс Тастанбековдун өлүмү боюнча Алматынын ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүү беренесине ылайык сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. Бирок адвокат Жакшылык Долданын айтымында, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, акыры массалык баш аламандыкка катышкан деген ишке тиркелген.

Адам өлтүрүү жана массалык баш аламандыкка катышуу боюнча эки иш бириктирилгенден соң, Тастанбековдун өлүмү боюнча фактылар иликтенген эмес. “Адам өлтүрүү иши автоматтык түрдө жабылды. Бул жердеги эң башкы мыйзамсыздык – бийлик (Тастанбеков) качан, кайдан жана эмнеден өлгөнүн текшерип убара болгусу келбегенинде,” - деп нааразы болду Долда.

Адвокаттын айтымында, сөөктү биринчи кароо учурунда полиция кызматкери протоколдо Шынгыста октун тешип өткөн жарааты жана бутунун арткы жагында – жамбашында күйүктүн издери бар экенин көрсөткөн.

“Бирок, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда ок тийген деп жазылып, күйүктүн белгиси тууралуу эч нерсе жок. Мен сотто ушул маселени көтөрүп, кандай күйүк экенин териштирүүнү сурандым. Балким ал кыйноо учурунда өлтүрүлгөндүр? 7-январь күнү баары камалып, катары менен кыйноого алынган. Бул боюнча ишти карап жаткан судья эч кандай реакция кылган жок. Иш апелляциялык инстанцияда каралгандыктан, (адам өлтүрүү боюнча) ишти кайра ачтыра албайбыз”, — дейт жактоочу.

Алматыда унаага тийген ок

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Казакстандын Башкы прокуратурасы тополоңго байланыштуу кармалгандардын айрымдарын укук коргоо кызматкерлери кыйноого алганын моюнга алды. Өлкө боюнча күч органдары тарабынан кыйноо жана кызмат абалынан аша чабуу фактылары боюнча 203 кылмыш иши козголгон.

Долда Тастанбековго ок үстүдөн атылган деп болжолдойт, анткени октун траекториясы жогорудан ылдыйга карай түшкөн – ок көкүрөктөн өтүп, ийиндин астынан чыгып кеткен. Бул ишке тийешелүү башка фигуранттардын өлүмү боюнча да фактылар иликтенген эмес.

Укук коргоочулардын айтымында, жабырлануучулардын көбү октон алган жараатынан каза болушкан. Бирок өлүм фактылары боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн митингчилерге так ким ок чыгарганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдары да айтып, Казакстанды январь окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышууда.

2022-жылдын январь айынын аягында президент Касым-Жомарт Токаев иликтөөгө эл аралык эксперттерди тартуунун зарылчылыгы жок экенин айткан — жергиликтүү телеканалга берген маегинде ал “өзүбүз чече алабыз” деп билдирген.

Бирок, “Власть” басылмасы жазгандай, 2023-жылдын июнь айына карата 12 кишинин гана өлүмүнө байланыштуу айыпталгандардын иши сотко өткөн. Өлүмүнүн чоо-жайы иликтенгендердин арасында Казак улуттук университетинин ректорунун уулу да бар.

Укук коргоочулар 40тан ашуун өлүм боюнча кылмыш иштери токтотулган же жашыруун деген макам берилген. Ошол эле маалда август айынын башында Шымкент шаарынын соту балдарына ок аткандарды жана атууга буйрук бергендерди жазалоо талабы менен акимчиликке барган эки жергиликтүү тургунга 10 суткага чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

"Аларда эч кандай далил жок"

Шынгыс Тастанбеков - Алматыдагы массалык баш аламандыкка катышкан деп өлгөндөн кийин соттолгон алты адамдын бири. Дагы экөө Кызылордада, жетөө Таразда соттолду.

Таразда ата-энелер да балдарынын өлтүрүлүшү боюнча расмий версияга ишенишпейт, дейт журналист жана соттун байкоочусу Есдаулет Кызырбекулы.

“Башынан эле сот тергөөчүлөр тарапта болгон. Сот жактоочу тараптын өлтүрүлгөндөргө карата жалган көрсөтмөлөр берилген деген жүйөлөрүн эске алган жок. (Тергөөдө) эч кандай олуттуу далилдер жок эле. Бирок сот каза болгондорду күнөөлүү деп чечим чыгарды”, - дейт Кызырбекулы.

Апелляциялык арызды кароо учурунда кантсе да облустук сот каза болгон беш адамдын бири 18 жаштагы Нурсултан Куатбаевди күнөөсүз деп тапты. Өкүмдү жарыялоо СИЗОдо, жабык эшик артында өттү - андан кийин судьялар айыпталуучулардын жакындарына түшүндүрмө бербей туруп “качып кетишкен”.

Былтыр октябрда 17 жаштагы Андрей Опушиев да массалык баш аламандыкка катышкан деп өлгөндөн кийин соттолду. Опушиев да октон каза болгон – артынан ок тийип, көкүрөгүн тешип кеткен. Анын үстүнө өспүрүмдүн жаагы, тиштери, манжалары жана сол буту сынган. Маркумдун үй-бүлөсү укук коргоо органдарынан анын өлүмүнүн жагдайын иликтөөнү талап кылып, ал талап орундалган эмес.

Адвокат Жаксылык Долданын айтымында Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекет массалык баш аламандык боюнча айыпталгандар акталган учурда, алардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берилиши керек.

“Мен, мамлекет ушуну болтурбоо үчүн алардын баарын соттоо керек деп талап кылып жатат деп эсептейм. Тастанбеков имараттарга кол салган эмес, күч органдары менен эч кандай байланышы болгон эмес: аларды ур-токмокко алган же сөккөн да эмес. Аларда андай далил жок. Ал жөн эле митингчилердин арасында жүргөн, ошол үчүн соттолду”, - дейт Долда.

Шынгыс Тастанбеков апасы жана жээни менен

Сүрөттүн булагы, Тастанбековдун үй-бүлө архивинен

Маркумдун эжеси Шынар Тастабенкова инисинин өлтүрүлүшүнө Казакстандын бийлиги күнөөлүү деп эсептейт.

“Ал абдан чынчыл, боорукер, ишенимдүү адам эле”, - деп эскерет Шынар бир тууганы тууралуу - Шынгыс бизге чептей эле, жылдыздай жаркырап турчу, тилекке каршы, жылдызы жалп өчтү. Биз көзүбүз өткөнчө эми ушул азап менен жашайбыз, ата-энем ыйлаганда, өзүмдү койорго жер таппай калам. Алар таянычынан айрылышты”.