Алматы: Тонолбой калган дүкөндө Чыңгыз Айтматовдун китептери да бар...

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Алматыда талап тоноо күч алганда дүкөн кызматкерлери дагы үмүт үзүп койгон экен...

Сүрөттүн булагы, almatykitap.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыда талап тоноо күч алганда дүкөн кызматкерлери дагы үмүт үзүп койгон экен...

Өрт, чуу каптаган Алматы шаары. Туш-тарапта үрөй учурчудай тонолгон, талкаланган дүкөндөр. Дал ошол эле дүкөндөрдүн катарында бир да айнеги сынбай, бүлүнбөй жашыл аралчадай болуп бир дүкөн турду. Билгенге анын ичиндеги байлык башка дүкөндөрдүкүнөн алда канча кымбат турмак. Бактыга жараша эч нерсе болбогондой дүкөн жаркыраган бойдон кала берди. Ал “Алматыкитап” дүкөнү эле.

Бир эле казакстандыктар эмес, чет өлкөлүктөр дагы бул китеп дүкөндүн сүрөтүн жарыялап жатышат. Тонолбой калганын сыры эмнеде? Бул суроо далай ойлорго жем таштады. Китеп ушунчалык сыйга ээби же тескерисинче такыр баркы жокпу?

Би-Би-Си дал ошол китеп дүкөндүн пиар бөлүмүнүн кызматкери Гүлмарал Наурызбай кызы менен маектешти. Ал дүкөндүн тонолбой калганына өзү да таң калып жатканын жашырган жок.

Алмата шаарында миллиондоп чыгым тартык деген ишкерлер арбын...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмата шаарында миллиондоп чыгым тартык деген ишкерлер арбын...

Гүлмарал Наурызбай кызы: Биз ушунча кайнаган окуядан кийин, шаардын чордонунда туруп биздин дүкөн бүтүн калат деп ойлогон дагы жокпуз. Себеби ал кезде бардык дүкөндөрдүн терезелери сындырылды, баары бүлүндү го. Өрт коюлду, кыйрады, атылды. Ошон үчүн биз аман калат деп ойлогон жокпуз. Кийин баардык дүкөндөрдүн ичинен биздин дүкөн “аман” калганын билдик.

Би-Би-Си: Ошону билгенде реакцияңыздар кандай болду?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Албетте, кубанычтуу болду. Баарыбыз кубандык. Ал жакта кымбат баалуу мүлктөр бар эле. LED-экрандар, телевизор, столдор бар, интерьерлик буюмдар, мүлктөр бар. Эксклюзивдүү, кымбат-кымбат китептер бар. Ошолорго тийишпегенине абдан кубандык.

Китеп дүкөндүн ички көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, almatykitap.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китеп дүкөндүн ички көрүнүшү

Би-Би-Си: Бүлүнбөй бүтүн калганына өзүңүздөр кандай себеп бар деп ойлойсуздар?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Гүлмарал Наурызбай кызы: Ар түрдүү оюбуз бар. Эл журтта кээ бирөөлөр “уурулар китеп окубайт, китеп окуй турган адам уурдабайт” деп жатышат. Митингде болгондордун айрымдары “биз балдарга айттык, китепкананы китептерине тийишпегиле дедик” деген экен дегендер дагы бар экен. Бирөөлөр айтат жаштарга азыркы заманда китеп керек эмес, аларга бир гана жей турган тамак, телефон сыяктуу кымбат-кымбат буюмдар керек дешет... Бул жагы дагы кызык.

Би-Би-Си: Сиздерге ошол эле интернеттен кандай пикирлер келип жатат?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Көбүнчө, кубанычтуу пикирлер түштү. Басымдуу бөлүгү китеп окуй турган жаштардан десем болот. “Биз китеп дүкөндөрү аман калсын деп тилек кылдык, кабатыр болдук, жалынып жаттык” дешти. Китеп дүкөнү, болгондо да жөнөкөй бир китеп дүкөн эмес, чоң-чоң иш чаралар, атактуу жазуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, ай сайын ал жерде иш-чара уюштурула турган маданий очок эле. Балдарга арналган китептерди талкуулайбыз. Дүкөнүбүздө бардыгы айнектен жасалган. “Айнектерди сындырып кетеби, китептерди уурдашабы деп ойлогонбуз, аман калганына кубанып жатабыз” деп жазышууда.

Китеп дүкөндө өткөн саамалыктардын бири

Сүрөттүн булагы, almatykitap.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китеп дүкөндө өткөн саамалыктардын бири

Би-Би-Си: Бул көрүнүш сиздердин баштагыдан дагы жакшы иштөөңүздөргө дем берип жатабы?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Албетте, мотивация, стимул берип жатат. Комментарийлерди окуп жатсаңыз керек. Биздин кызматкерлер “Баарыбыз кабатыр болуп жатканбыз, дүкөн аман калганына кубанып жатабыз”, деп жазып жатышат. Ооба, чынында эле аябай мотивация берип жатат. Пландарыбыз арбын. Жакында “Тop IQ” деген программа менен китептерди электрондук түргө которуп, башкача айтканда бир желеге бардык китептерди жүктөп, бир прогорамма топтой турган тиркеме иштелип жатат. Мурун окуучулар баардык китептерин бир сумкага салса, азыр сумка керек эмес. Ал китептердин баары, мугалимдердин журналы, китептер, тапшырмалардын баары ошол “IQ`да” болот. Балдар ошол “IQ” программасына кирип, каалаган жерде сабак окуса болот. Биринчи жолу бул жерде ошондой жаңылык бар. Башкысы интернетке туташса эле болду.

Китеп дүкөндө өткөн саамалыктардын бири

Сүрөттүн булагы, almatykitap.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китеп дүкөндө өткөн саамалыктардын бири

Би-Би-Си: Тарыхы жөнүндө да айтып берсеңиз…

Гүлмарал Наурызбай кызы: Негизи тамыры 1988-жылдан бери карай келе жатат десем жаңылбайм. Алматы китеп басмасы 1993-жылдан бери күрдөлдүү иштеп келет. Бул жерде эл аралык маанидеги иш-чаралар дагы өткөн. Мисалы 12 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң жыйын өткөн. Жаңы технологиялар боюнча эл аралык конференция десем болот. Банктардыкындай эле платформаны китепканаларга киргизүү аракети.

Би-Би-Си: Жаштар китеп окубайт деп калышат эмеспи, бул жагы Казакстанда кандай?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Китеп окуй тургандары да, окубагандары да бар. Китеп окутуу, жаштарды китепке жакындатуу боюнча көп иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мамлекет ошону колго алды. Касым-Жомарт Токаев өзү китеп боюнча хештег ачып, мен кандай китептерди жакшы көрөм деген сыяктуу, республикалык деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулду. Бирок жаштарыбыз көбүнчө орус тилиндеги китептерди окуп жатышат.

Би-Би-Си: Казак жаштары кайсы китептерге көбүрөөк кызыгууда?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Казак жаштары көбүнчө чет тилден которулган китептерге жана казак тилинин классиктерине басым жасап жатышат.

Гүлмарал Наурызбай кызы: Бөбөктөргө арналган кечээлер дагы байма-бай өтүп турат

Сүрөттүн булагы, almatykitap.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлмарал Наурызбай кызы: Бөбөктөргө арналган кечээлер дагы байма-бай өтүп турат

Би-Би-Си: Сиздердин дүкөндө Чыңгыз Айтматовдун дагы китептери сатылабы?

Гүлмарал Наурызбай кызы: Ооба, көп сатылат. Чыңгыз Айтматовдун китебин мен өзүм дагы окугам. Биздин Шерхан Муртаза которгон го, ошол кишилер кыргыз тилинен көп китептерди которгон жана Айтматовдун китептерин жакшы которгон. Болгондо да абдан сабаттуу, өтө жакшы адабий тил менен которгон. Окууга абдан жеңил. Окурманды өзүнө байлап алат. “Жамилияны”, “Ак кемени” казак жаштары арасында көп окушат. Жаштарды китепке жакындаткысы келген жылдыз блогерлерибиз дагы дал ошол китептерди көп жарнамалайт.

Казакстандагы талап тоноонун эн көбү дагы дал ошол Алматы калаасында болду. Айрым соода жайлары миллиондогон доллар чыгымга учурадык деп маалымат каражаттарына айтып берип жатышат.