Кайрадан шайлоо: талапкерлердин катары калыңдады

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин катары калыңдады. БШКга бул тууралуу арыздардарды тапшыруу мөөнөтү 27-январда аяктайт.

Шайлоо

Сүрөттүн булагы, Official

Биринчи май райондук округу боюнча талапкерлигин азырынча жети киши койду. Алар: Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Анвар Сартаев, Рысбай Аматов, Русланбек Акылбеков, Адылбек Гапаров.

Ал эми Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерлигин коем деп БШКга алты киши кайрылды: Гуля Алмамбетова, Жаныбек Асанбеков, Назгуль Жолдошова, Жусубалы Керимбаев, Эдиль Бейшенбаев, Муратбек Султанбаев.

Экс-генпрокурор Аида Салянова дагы шайлоого баруу ниетин ачыктады, бирок Боршайкомго бул тууралуу арыз менен кайрыла электиги белгилүү болду.

7-февралга чейин БШК кайрадан шайлоого барчу талапкерлерди каттап бүтүшү керек, андан кийин үгүт өнөктүгү башталып, ал 26-февралга чейин уланат. Добуш берүү 27-февралда өтөрүн буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова тактаган.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо былтыр 28-ноябрда өтүп, жаңы Жогорку Кеңеш 29-декабрда өз ишин баштады. Депутаттардын 54 партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланмак.

Бирок Бишкектеги эки шайлоо округунда “баарына каршы” добуштар үстөмдүк кылып, кайрадан шайлоолор дайындалып жатат.