Көмүрдөн энергия алуу эң эски жана зыян

Климат: шамал менен күн нурун пайдалануу оң таасирин берет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Климат: шамал менен күн нурун пайдалануу оң таасирин берет

Жаңы баяндамага ылайык быйыл дүйнө электр энергиясын өндүрүү максатында казылып алынган отундарды азыраак колдонуусу ыктымал, бул өз кезегинде таза энергетиканы колдонуудагы “бурулуш учур” болчудай.

Быйылкы жыл дүйнөдө болуп жаткан рецессия менен пандемияны кошпогондо, электр энергиясын өндүрүү үчүн көмүрдү, мунайзатты жана газды колдонууну азайтуунун биринчи жылы болмокчу.

Натыйжада, энергия өндүрүүдө абаны жылыткан газдар атмосферага азыраак бөлүнүп чыгат.

Баяндаманын авторлору өзгөрүүнү, негизинен Кытайда болуп жаткан кайра жаралуучу энергия тармагынын дүркүрөп өсүп жатканына байланыштырышууда.

Учурда дүйнөлүк электр энергиясынын 12% шамал жана күндөн өндүрүлүп, 2022 -жылы Улуу Британиянын дээрлик бардык аймагын энергия менен камсыз кылууга жете турганчалык шамал турбиналары ишке кирген.

Эмбер Энергетикалык аналитиктердин изилдөөсүнө ылайык, быйыл, кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн энергия ага болгон суроо-талаптын өсүшүн канааттандыра алат.

Глобалдык жылууланууга электр энергиясын өндүрүүнүн салымы эң чоң. Ал 2021-жылы энергия өндүрүүдөгү көмүртектин эмиссиясынын үчтөн биринен көбүн түзгөн.

Андыктан, бул тармактагы көмүр, мунай жана газды колдонуудан акырындык менен баш тартуу дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүн коркунучтуу деңгээлге жеткирбөөдө маанилүү болуп саналат.

Жаңы изилдөө дүйнөлүк электр энергиясына болгон суроо-талаптын 93% түзгөн өлкөлөрдүн маалыматын камтыйт.

Шамал турбиналары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу Британиянын энергия менен дээрлик камсыз кылууга жете турганчалык шамал турбиналары ишке кирген.

Ember's Global Electricity Review баяндамасынын төртүнчү чыгарылышында, учурда электр энергиясын өндүрүү максатында казылып алынган отундун ролун азайтуу жаатында олуттуу прогресс болуп жатканы көрсөтүлөт.

Негизги өзгөрүүлөр - электр энергиясынын экономикалык жактан пайдалуу булагы катары күн менен шамалды колдонуунун тынымсыз өсүшү. Дүйнө жүзү боюнча өткөн жылы күндөн энергия алуу 24% өстү, бул Түштүк Африка сыяктуу чоң бир өлкөнүн жылдык керектөөсүн канааттандырууга жетиштүү.

Атомдук энергетика жана гидроэнергетика менен бирге таза булактардан 2022-жылы дүйнөлүк электр энергиясынын 39% өндүрүлгөн. Баяндамага ылайык ушул кезге чейинки эң таза электр энергиясынын эң көп көлөмү былтыр өндүрүлгөн.

Бирок, ага карабастан, көмүрдү пайдалануу дагы көбөйгөндүктөн, бул тармактагы көмүр кычкыл газынын эмиссиясы да өсө берген.

Дүйнөдөгү жаңы күн батареялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай өткөн жылы дүйнөдөгү жаңы күн батареяларынын 40% га жакынын ишке киргизди, алар негизинен көп сандаган чатырларга орнотулду.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баяндаманын авторлорунун айтымында, электр энергиясына болгон жалпы суроо-талаптын өсүшүн канаатандыруу дайыма эле таза булактардан келип чыккан эмес.

Ошондой эле 2022-жылы Францияда көптөгөн реакторлор иштебей, Европанын дарыялары кээ бир жерлерде азайып кеткендиктен атомдук энергетикада жана гидроэнергетикада көйгөйлөр болгон.

Бирок баяндамада 2023-жылы шамалдан жана күндөн алынган энергиянын өсүшү ага болгон суроо-талаптын өсүшүнө караганда көбүрөөк болору айтылат жана бул климаттын жылуулануусуна салымын кошуп жаткан газдарды азайтат.

"Электр энергиясын өндүрүүдө күйүүчү майларды колдонууну токтотконуңузда, эмиссиянын азайганын көрө баштайсыз", - деди баяндаманын башкы автору Малгорзата Виатрос-Мотыка.

"Электрлештирүү өсүп жаткан контекстте бул өтө маанилүү, анткени биз электр унааларын, жылуулук насосторун көп колдонобуз, андыктан энергетика секторунда таза отунду колдонуу башка секторлордо да булганууну азайтат."

Быйыл электр энергиясын өндүрүүдөгү казылып алынган отундун эмиссиясынын төмөндөшү анча чоң эмес, болжол менен 0,3% болушу күтүлүп жатканына карабастан, авторлор төмөндөө кийинки жылдарда дагы уланат жана тездейт деп эсептешет. Мунун ачкычы, баяндамага ылайык, былтыр газды колдонуу бир аз төмөндөгөнүндө жатат. Мисалы, 2022-жылы Бразилия сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө гидроэнергетиканы колдонуу өсүп, газды пайдалануу 46% га кыскарган.

Казылып алынган отундарды колдонуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казылып алынган отундарды колдонууну чектөөнүн ачкычы бул электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты кайра жаралуучу энергия булактары аркылуу канааттандыруу.

Бул тармакта кыргызстандык ишкерлердин аракети күч. Алар мамлекет бул тармакка көбүрөк көңүл бурса дейт...

"Азыр биз кийинки бурулуш учурга жетип, эми күйүүчү майдын энергетика секторундагы эмиссиясынын төмөндөшүнүн жаңы доорун көрө баштадык. Буга шамал жана күндүн энергиясын колдонуу себеп болгонун билебиз жана алардын булактарын мүмкүн болушунча тез арада куруу үчүн жол картасын түзүшүбүз керек," деди Эмберден, отчеттун авторлорунун бири Дэйв Жонс.

Жалпы тенденцияга таасир эткен маанилүү оюнчулардын бири Кытай. Шамалдан алынган глобалдык энергиянын 50% га жакыны Кытайдан чыгат. Ошондой эле көмүр энергиясынын дүйнөдөгү эң ири керектөөчүсү Кытай глобалдык күн энергиясынын 40%га жакынын өндүрөт.

"Кытай шамал, күн жана таза энергиянын бардык башка булактарын азыркыдай ылдамдыкта курса 2025-жылга чейин көмүр өндүрүүнүн деңгээлине жетүү мүмкүнчүлүгү бар, бул абдан маанилүү болмок," деди Жонс мырза.

Энергетика боюнча эксперттер электр энергиясын өндүрүүдө казылып алынган отундарды чектөө бул тармактагы "бурулуш" болушу мүмкүн экенин моюнга алышат, бирок алдыда дагы көп иш аткарылышы керек.

Аталгаг изилдөөгө катышпаган Берген университетинин профессору Жессика Жевелл "Көмүр энергиясын өндүрүүнүн эң алгачкы жогорку көрсөткүчү 1979-жылы Улуу Британияда болгон" деди.

"Ошентсе да, көмүрдөн толугу менен баш тартуу үчүн ондогон жылдар керектелди, мисалы, көмүр жагуунун туу чокусунан 43 жыл өтсө дагы Улуу Британия 2022-жылы дале көмүрдүн бир азын колдонду. Таза энергетика боюнча максаттарга жетүү үчүн азыр биздин 40, атүгүл 30 жылыбыз жок. Биз электр энергиясын бир топ кыска убакытта көмүрдөн көз карандысыз кылышыбыз керек” дейт ал. (DO)