Каракөл чакан ГЭСине инвестор тандоодогу күдүк жагдайлар

"Каракөл" ГЭСин Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясында куруу пландалууда.

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Каракөл" ГЭСин Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясында куруу пландалууда. Бул дарыя Нарын дарыясынын сол жээгиндеги куймасы.
    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Каракөл чакан ГЭСин курууга инвесторлорду тандоонун эң кызуу учуруна келди. Бул долбоорду ишке ашырууга “77 Insaat”, Жапониянын “Muroo Systems Co” жана жергиликтүү "Жагалмай" деп аталган компания ат салышууда.

Инвесторлор эмнеге кабатыр?

Бул маселе Энергетика министрлигинде каралып жаткан чакта Би-Би-Сиге “77 Insaat” компаниясы менен иштештип келаткан кыргыз жараны Амангелди Сопубеков келип, тармактык министрликте буга чейин инвесторлорго болуп жаткан мамилеге өтө кабатыр экенин билдирди.

“Министр Турдубаев деген экен, ал кабыл албай койду. Үч күн жүрүштү. Ооруп атам дегенинен кабинетине келсек, бир кыз менен чай ичип отуруптур. Ошол сөз президентке жетти, башка да күнөөсү бар экен. Ал эртеси эле кызматтан кетти. Андан кийин Доскул Бекмурзаев деген келди, ал сүйрөдү. Кара-Көлгө салалы десем, ага мен миллион доллар кошуп койгом, өзүм салам деди. "Орто-Токойду" бер десек, аны кытайларга берип таштады. Алар 25 миллион долларга бүтүрөбүз деп убада беришкен, азыр 38 миллион болду, анын 30% бюджеттен берип салдырткан атышат. Жогорку Нарын каскадын сураганда, Гонконгдо сот болуп жатат деп баш тартышкан.”

Аталган жарандын айтымында, түркиялык “77 Insaat” компаниясы Каракөл чакан ГЭСин 25 миллион долларга бир жарым жылда салып берүүгө даяр экенин көрсөтүүдө. Куруп бүткөндөн кийин он беш жыл иштетип, акчасын чыгарып алгандан соң, Кыргызстандын өкмөтүнө өткөрүп берип кетмекчи.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги биздин сурообузга көп күттүрбөй эле жооп кайтарды. Алардан келген расмий маалыматта Каракөл ГЭСин курууга кызыкдар болуп жаткан компаниялар тандоо этабы жүрүп жатканы айтылат:

“Кара-Көл чакан ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга жапониялык “Muroo Systems Co”, жергиликтүү «Жагалмай» түркиялык «77 Insaat» компаниясы кызыкдар болууда. Жогоруда көрсөтүлгөн кызыкдар тараптардын сунуштарын кароонун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу үчүн эң пайдалуу шарттарды сунуштаган тарап менен кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынат”.

Расмий маалыматка караганда, “77 Insaat” компаниясы менен 7-февралда министрликте жолугушуу болгон. Бул компаниянын электроэнергетика тармагында тажрыйбасы да, акчасы да жетиштүү дешет. Башкалары банктардан кредит алып салганы жаткан чакта, бул инвестор өзүнүн каражаты жетиштүү экенин билдирүүдө.

Ал эми жапониялык компания менен Энергетика министрлиги кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшкан болчу. Энергетика министри өткөн жылы ноябрда Жапонияга болгон иш сапарында кичи ГЭСтерди курууга инвесторлорду чакырып келген эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жапониялык “Muroo Systems Co” компаниясы Кыргызстандын рыногуна жаңы кирип жаткан инвестор. Өткөн жылдын аягында бул компаниянын президентин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү болгон эле.

Аталган компаниянын президенти Чонсин Пан ошол жолугушууда көптөгөн жапон компаниялары Кыргызстандагы инвестициялык потенциалды билип, ишенип келиши мүмкүн экенин билдирген.

Бул компаниянын расмий сайтында Кыргызстандагы гидроэнергетика потенциалды өнүктүрүү боюнча базалык келишимге кол коюлганы жөнүндө жаңылык бадырайып көрүнүп турат.

“Кабар” агенттиги Энергетика министрлиги жапониялык компания менен чакан Каракөл ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшканын кабарлаган эле. Жол картасына кол коюшканы бул компаниянын тандалып алынганыбы же тандоонун алдындагы процедураларбы, бул жагы так болбой жатат.

Ал эми "Жагалмай" деген компания ачык маалыматтарда 2020-жылы кайра каттоодон өткөнү айтылат, ишкерлик түрү "шоссе жана автомагистралдарды куруу" деп жазылып турат. ГЭС куруу жагындагы тажрыйбасы жөнүндө эч маалымат көрүнбөйт.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасында бул компаниянын таламын талашкан чоңдор болуп жатканын кабарлаган эле.

Расмий маалыматка караганда, Энергетика министрлиги быйыл Кыргызстанда элүүгө жакын чакан ГЭСтерди куруу боюнча иштерди башташы керек. Өткөн жылы чакан ГЭСтерди курууга жыйырма чакты компания күбөлүк алганы айтылууда.

"Каракөл" чакан ГЭСин куруунун наркы адегенде 25 миллион долларга, ал эми долбоордук кубаттуулугу 18 МВт болуп бааланган. Бирок азыр анын чыгымы кытай компаниясынын эсебинде 38 миллион долларга өсүп кеткени айтылууда. Инвесторлор аны бир жарым-эки жылда куруп бүтөрүн билдирүүдө.

Каракөл чакан ГЭСин Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясында куруу пландалууда. Бул дарыя Нарын дарыясынын сол жээгиндеги куймасы.

Кыргызстандын энергетика министри Т. Ибраев жапониялык “Muroo Systems Co” компаниясы менен меморандумга жана жол картасына кол коюшкан.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын энергетика министри Т. Ибраев жапониялык “Muroo Systems Co” компаниясы менен меморандумга жана жол картасына кол коюшкан.

"Жогорку Нарын" ГЭС каскадына британ компаниясы келет

1-мартта Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен британиялык «MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments» компаниясынын ортосунда "Жогорку-Нарын ГЭС" каскадын куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул меморандумдун максаты "Жогорку-Нарын ГЭС" каскадын куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектр станциясын (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс.

“Күндөн-күнгө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Биз энергетиктер калкка электр энергриясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Буга байланыштуу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курсак, Нарын жана Ысык-Көл зоналарында электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, КР энергосистемасынын коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо, региондордо электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтууга шарт түзүлөт деген ойдомун” – деп билдирген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын Россиянын "Русгидро" компаниясы куруп баштап, ишти орто жерде таштап койгон. Кыргызстан келишимден чыгып кеткенден кийин орус компаниясы сотко берип, анын ГЭС курууга кетирген 37 миллион долларын Кыргызстан төлөп бермей болууда.

Камбар-Ата -1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип курмакчы болууда.

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата -1" ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип курмакчы болууда.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Лондонго иш сапар менен барып, британиялык компаниялар менен жолугуп жаңы эле кайтып келди. Расмий кабарга караганда, ал энергетикадагы келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирген британиялык «ЕРГ Интернэшнл» (ERG International Group) компаниясы жана Миндо эска Лимитед Энерджи Инвестмент (MINDDO CK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments) менен жолугушуу өткөрдү. Компания күн, шамал станциялары, чакан ГЭСтер боюнча сунуштарын жөнөтө турганын билдирди.

Чыгыштан жапониялык, батыштан британиялык компанияларды энергетикадагы инвестициялык долбоорлорго тартуу аракети жакшы ишсе ашса, Кыргызстан азыркы энергетикалык кризистен чыгып, карыздан кутулуп, өнүгүү жолуна түшмөк.

Кыргызстан азыркы учурда энергияга болгон өзүнүн ички керектөөсүн жаба албай, сырттан сатып алууга аргасыз болууда. Экинчиден, энергетикадагы тарифтер рыноктук эмес, социалдык мүнөздө арзан болуп жаткандыктан, бул тармак өнүгө албай, очойгон карыздан башы чыкпай келатат.

Садыр Жапаров жакында эле энергия кубатынын наркы бир сомго көтөрүлөрүн жарыя кылган.

Кыргызстан энергетикадагы тартыштыкты жоюу үчүн өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалын ыкчам өздөштүрүүсү керек. Бул биринчи кезекте турган "Камбар-Ата -1" ГЭСин куруу. Көп жылдан бери сөз болуп келаткан бул долбоорду эми Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан чогуу курмай болуп кол алышты. Жаңы жылдын башында үч өлкөнүн энергетика министрлери жолугуп, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту.