Мобилизация жана мигранттар. “Эшикти ачкандан коркобуз”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Орусияда жарыяланган аскердик мобилизация орус жарандыгын алган борбор азиялык мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын жашоосунун ыргагын бузду. Алардын айрымдарына аскерге чакыруу келгени соцтармактарда талкуу жаратып, кыргызстандыктар да согушка катышабы деген суроо жаратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си Орусиядагы мигранттардан кабар алды.
Салтанат жолдошу, кызы менен Орусиянын Якутск шаарында жашайт. Ал мындан эки жыл мурун орус жарандыгын алган. Жарыяланган мобилизациядан улам учурда жолдошун Кыргызстанга узатып, өзү кызы менен Якутскта калды.
“Жолдошумдун ата-энеси он-он беш жылдан бери эле бул жакта болгондуктан, алардын жарандыгы бар. Жолдошумдуку да бар, мен ал аркылуу алгам. Жолдошум бул жактын армиясында кызмат өтөгөн. Ага аскерге чакыруу келе элек, бирок орус жарандыгы бар кыргыз балдардын көбүнө келиптир. Алар азыр Хабаровскиде аскерге даярдыктан өтүп жатышыптыр. Ал жактан кийин “красная точка” деп коюшат экен Украинаны, ошол жакка алып кетишет экен. Бирок ал жерде тиешелүү шарт түзүлбөгөнүн ошол кыргыз балдар чалып, керектүү нерселердин тизмесин берди. Мисалы, бутуна кие турган берцы, шым, жата турган уктоочу мүшөктөрү,керек болсо байпактары жок экен. Аларды бул жактан колунда барлар сатып алып берип жатышат”
“Эшикти ачкандан коркобуз”
Салтанат жолдошуна чакыруу келсе, барганга милдеттүү экенин белгиледи. Ошондуктан алар чакырууну колго албоонун айласын издеп, жолдошу Кыргызстанга кете берүүнү чечишкен.
“Эгер чакыруу келсе, жолдошум барышы керек. Анткени ал милдеттүү. Барбаса, 15 жылга кесилет экен. Ошондуктан, чакырууну албашыбыз керек. Башында мобилизация жарыялангандан кийин үйгө конбой, эки күн башка жакта түнөп жүрдү. Ал эми алар үйгө келгенде, жакындары болуп, чакырууну колго алып калса дагы барышы керек. Ошондуктан, биз эшикти ачкандан да коркуп жатабыз. Мурда эшигибиз ачык эле турчу эле, азыр минтип, ачкыч менен бекитүүгө мажбурбуз” ,-дейт Салтанат. Буга чейин Кремль Украинада согушуп жаткан орус армиясынын катарын толуктоо үчүн башталган мобилизациянын жүрүшүндө каталар кетип жатканын моюнга алган.
«Жарлык бузулуп жаткан учурлар болууда, бирок бардык каталар оңдолот,-" деди Путиндин басма сөз катчысы.
Туш тараптан келип жаткан кабарларга караганда, эч кандай аскердик тажрыйбасы жоктор гана эмес, кары-картаңдар, майыптарга чейин чакырылып жаткан учурлар көп болууда.
Салтанат Якутскиде мобилизация катаал жүрүп, көчөдө, үйдө, жумушта – бардык жерде эркектердин колуна чакыруу карматылып жатканын айтат. Алардын арасында кыргыз мигранттары дагы бар.
“Кечээ жакында эле бир кыргыз баланы машина айдап бараткан жеринен милиция тосуп, айдоочулук күбөлүгүндөгү аты-жөнүн жазып, чакыруу карматып коюптур. Болбосо, ал баланын жарандыгы да жок. Ал эми элчиликке барам деп жүрөт. Себеби жарандыгы жокторго барууга болбойт да”,-деди Салтанат.
“Ипотекабыз бар, эмне кылышты билбейм”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Каарманыбыз билеттердин кымбаттап кеткендиктен, кыргыздардын көбү машина менен Кыргызстанга сапар тартып жатканын айтты. Анын жолдошу да кадимки такси менен эле Кыргызстанга жөнөп кеткенине эки күн болду.
“Жолдошум Кыргызстанга кеткенине эки күн болду. Эми азыр орустар өзүлөрү качып жаткандан кийин, биз калышыбыз керекпи? Бул жакта төрөлүп-өсүп, байып жаткан орустар өзүлөрү мекенин коргобой, качып жаткандан кийин, биз калабызбы? Бул бир. Экинчиден, ал жакка кете турган болсо, тирүү келиши жүздө он пайыз. Ал өзү эркек болуп, чакырса барам дегендей кылат, бирок биз – үй-бүлөсү каршыбыз. Кызыбыз бар, ата-энебиз бар. Ал бизге керек. Үй-бүлөбүздө жалгыз багуучу ошол. Согушка барсаңар акча беребиз деп, эки жүз миң рубль менен алдап жатышат. Ал жактан ал тирүү келеби, жокпу, белгисиз да. Эгер өлүп, сөөгү табылбай калса, компенсация да берилбейт экен. Киши өлүп калгандан кийин акчанын эмне кереги бар? Мага мисалы, ал акча кереги жок, ошол үчүн жолдошумдун чакыруу албашынын айласын издеп, Кыргызстанга жөнөттүк. Өзүм болсо, кызым менен бул жакта тура турам. Эгер кырдаал оорлошо берсе, биз да кетебиз го. Бирок кеткенде да, кандай кылабыз билбейм. Анткени бул жакта ипотекага үй алып алганбыз. Анын бир жылы калган. Башка кредиттерибиз бар. Кыргызстанга барсак, ал жакта биздин эч нерсебиз жок, бардыгын бул жакта куруп алганбыз. Азырынча мен жолдошумдун ордуна, эки кишинин ордуна иштеп, ипотеканы жабыш үчүн бул жактамын. Мындан ары эмне болору такыр белгисиз. Жолдошумдун чакыруусун мен да албашым керек. Эгер менин колума тийип калса, анда жолдошум кайра келип, аскерге даярдык үчүн кетиши керек, андан ары согушка. Иши кылып, жүрөк тынч эмес”,-деди Салтанат.
“Мекен артык баарынан”
Россиянын жаңы Кылмыш Кодексинде согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот. Ошондуктан, мигранттар самолёт, поезд болбосо, кадимки такси унаалары менен Кыргызстанга кайтышууда. Ошондой жарандарды ташып жаткан Тосоров Улукбек таксист. Ал буга чейин Монголия-Казакстан маршруту менен “кирди-чыкты” кагазын жасаткан мигранттарды ташып иштечү. Анын айтымында мобилизация жарыяланган күнү эле кыргызстандыктар мекенине кайтууга машина издей баштаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Мобилизация жарыяланган күнү эле орус жарандыгын алган кыргызстандыктар “Кыргызстанга кетишибиз керек эле, машина жокпу?” деп издеп башташты. Анан ошол жердеги такси жамааты Кыргызстанга машина коелу деп сүйлөшүп, төрт машина даярдадык. Ал төрт машина бир күн эмес, беш-алты саатта эле толду. Ошентип төрт машинанын ар биринде жетиден киши болуп Кыргызстанга келдик. Андай рейстен мен дагы төрт рейс кылып койдум буга чейин. Мени менен келгендер бүт эле орус жарандыгын алгандар болду. Алар аскер кызматын өтөгөнү менен, Орусия үчүн күрөшүп, ал жактын согушуна катышкылары келбейт да. Мекен артык баарынан. Орусияда мүлкү, бизнеси бар кыргыздар бар, алар айлаларын таппай турган чагы азыр. А мүлкү жоктор дароо эле келип жатышат менин оюмча”,-деди Улукбек.
“Ушул жердин нанын жеп, чайын ичип, анан кетип каламбы?”
Калиев Кубанычбек Орусияда ок эки жылдан бери жашап, иштеп келет. Ал үй-бүлөсү менен кыргыз тамактарын жасаган чакан кафе иштетет. Эки баланын атасы Кубанычбек мобилизация жарыялангандан бери Кыргызстанга кетүүнү каалагандардын саны көбөйгөнүн айтат. Бирок өзү азырынча мекенге кайтууну пландаган жок.
“Азыр бир нерсе деш кыйын. Ар ким өзүнүн ою менен эле жүрөт. Бирөө ютубдан эле көрүп, маалыматка ишенип жатат, бирөө телеграммдан окуп, дагы бирөө досторунун айтканына ишенип эле чечим чыгарып жатат. Негизинен абал тынч эле, мигранттарга эч ким деле тийишпей эле. Бирок аскердик кызматын өтөгөн эки-үч таанышыма чакыруу келгенин уктум. Чакыруу келет дегенин угуп эле Кыргызстанга кетип калгандар дагы болуп жатышат”,-деди Калиев.
Кубанычтын өзүнө чакыруу келе элек, бирок эгер кокус ага да келип калса, ал Орусиянын атынан согушка барууга даяр экенин жашырбай айтты.
“Бул жакта [Орусияда] он эки жылдан ашык жашадык, ушул жердин абасын жутуп, нанын жедик, чайын ичтик дегендей. Ушунча болгондон кийин качып кетиш деле туура эмес болуп калат го дейм. Бул Кудайдан келген сыноо, келсе демек кабыл алыш керек. Качып, Кыргызстанга барганда, балким ал жакта да согуш болуп, ал жактан да катышыш керек болуп калат, ким билет? Эми, барганда эле дароо өлүп калат деген нерсе жок да, балким кайра келебиз. Чекебизге эмне жазса, ошону көрөбүз да. Бирок жакындарым туугандарын Орусиядан кет, үйгө кел деп жатышат. Менде азыр Кыргызстанга кайтайын деген план жок”,-деди Кубанычбек Калиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
21-сентябрда орус президенти Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ал жарлыкка кол коюп, бирок анда армияга запастан канча адам чакырыларын так айткан эмес.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу резервден 300 миң адам чакырылат деп билдирген.Бирок Россиянын оппозициялык ЖМКлардын кабарына караганда, бир миллионго чейин адам армияга чакырылышы мүмкүн. Анткени, Путиндин жарыяланган жарлыгында бир абзац алынып калган (жашыруун), анда канча резервист чакырылышы керектиги көрсөтүлгөн деп жатышат.












