“Бул жерде чыныгы жашоо бар”. Альцгеймерге кабылгандар топтолгон айыл

Франциянын түштүк-батышында жайгашкан Ландэ айылы бир караганда катардагы эле кадимки айыл, бирок анда жашагандардын бир чоң айырмачылыгы бар: алар баары деменция оорусуна чалдыккандар же карылыктан алжый баштаган адамдар.

 Альцгеймер оорусуна карабай, Франсис акыр аягына чейин күрөшкүсү келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альцгеймер оорусу менен Франсис акыр аягына чейин күрөшкүсү келет

Айылдын негизги жолунда азык-түлүк дүкөнү жайгашкан. Ал жерден соода кылган жергиликтүү тургундардан акча деле сурашпайт, андыктан капчыгымды үйдө унутуп калдым деп санаа тартпайсың.

Мурдакы фермер Франсис күнүгө таң эрте күркөдөн гезит алат. Ошол убакытты пайдаланып, жергиликтүү эл көп чогулган ресторанга кофе ичүүгө чакырдым.

Франсистен “врач сизде Альцгеймер оорусу бар экенин кабарлаганда сиз кандай абалда болдуңуз” деп сурадым.

Эң негизгиси - моюн сунбаш керек

Ал башын ийкеп, көптөн кийин: “Өтө кыйын”,- деп жооп берди.

Анын атасында дагы Альцгеймер оорусу болгон, бирок Франсис бул ооруга моюн сунуп берейин деген ниети жок.

“Мен өлүмдөн коркпойм, себеби эртеби-кечпи боло турган нерсе,”- дейт ал.

“Бул оору болсо дагы мен жашайм, болгону мендеги жашоо башкача болот. Эгерде сен ооруга моюн суна турган болсоң, анда жашоого болгон үмүттүн өчкөнү. Андыктан баардык күчүңдү жумшап жашаганың оң”.

Айылда дүкөн, ресторандан башка дагы өзүнүн театры бар. Айылдын жашоочуларын караган дарыгерлер аларды коомдук-маданий иш чараларга, ар кандай иштерге активдүү катышууга үгүттөшөт.

Филипп менен Вивиан кадимки режимде жашоого аракет кылууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филипп менен Вивиан кадимки режимде жашоого аракет кылууда

Филипп жана Вивиан деменция диагнозу коюлганына карабастан, чөгүп калбай, кадимки калыбында жашоону улантышууда.

Алыска көз чаптырып жатып Филипп “Биз байма-бай сейилдөөгө чыгып турабыз,”- деди.

«Бактылуусузбу»,- деп сураганымда ал мени шарт карап, жылмаюу менен: “Ооба, биз чынында бактылуубуз”- деп жооп берди.

Кофесин ичип бүткөн соң, жылуу кийинип алышып, сейилдөөгө паркка жөнөштү.

Бул айылда убакытка келгенде атайын тартип жок. Дарыгерлерге кабыл алуу, соода кылуу же тазалоо үчүн белгиленген убакыт жок. Ар ким каалаган убакта каалаган ишин кылат.

Ошол эле учурда алар такай көзөмөлдө болот. Профессор Хелен Амиеванын айтымында, мындай жашоо образы менен оору жеңил өтөт.

Бул айыл чоң изилдөө ишинин бир бөлүгү болуп калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул айыл чоң изилдөө ишинин бир бөлүгү болуп калды

“Мурда биз когнитивдик функциянын жоголушун ар дайым көзөмөлгө алып турчубуз, бирок биз бул жерден андай өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз. Бирок бул жерден эволюциянын өз нугу менен кетип жатканын байкоого болот,”- дейт ал.

"Биздеги мындай шарттар клиникалык натыйжанын траекториясына таасир этиши мүмкүн деп айтууга негиз бар".

Дарыгерлер белгилегендей, айылда жашагандардын туугандары өздөрүн күнөөлөп, көп санаа чекпей калышты.

Доминик 89 жаштагы апасын көрсөтүп жатып: “Менде тынчсыздануу жок, себеби мен билем бул жер ага жагат жана коопсуз,”- дейт.

Доминик айылда жашагандардын туугандары өздөрүн күнөөлөп, көп санаа чекпей калышты дейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор айылда жашагандардын туугандары өздөрүн күнөөлөп, көп санаа чекпей калышты дейт.

Уктоочу бөлмөдөгү чоң терезеден бакча көрүнүп турат. Бул жерде баардык нерсе тааныш, бөлмөлөрдө илинген үй-бүлөлүк сүрөттөр көп, жада калса картина жана эмеректерди дагы үйдөн алып келишкен.

Бул жерде туугандары келип көрүш үчүн белгиленген так убакыт жок, алар каалаган убакта келип кете беришет.

Доминик эжеси экөө ооруларды ушунчалык жакшы деңгээлде кароочу жер бар экенин билген дагы эмес.

“Мен бул жактан кетип жатканда жан дүйнөм тынч, келгенде апамдын үйүнө келгендей эле болом,”- дейт ал.

Доминик каалаган убакта энесин келип көрүп кете алат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Доминик каалаган убакта энесине келип, баарлашып кетет

Бир кабаттуу шаленин ар биринде сегизден ашпаган адам жашайт, алардын жалпы ашканасы, конок бөлмөсү жана түштөнүүчү залы бар.

Айылдын жашоочулары карылар үйүнө канча акча төлөнсө, бул жерге дагы ошондой суммадагы акча төлөшмөк, бирок бул айылдын чыгымын аймактык бийлик бүт өз мойнуна алып, 22 млн доллар инвестиция кылды.

2020-жылы ачылган убакта бул ушундай айылдардын экинчиси болгон, бирок клиникалык байкоо жүргүзгөн биринчи айыл.

Дүйнө жүзү боюнча мындай он чакты гана жай бар. Алар деменция синдромунун өөрчүшүн изилдеген уюмдардын кызыгуусун жаратууда.

Айылдын жашоочуларына күнүгө волонтерлор иштеген дүкөнгө барып туруу сунуш кылынат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айылдын жашоочуларына күнүгө волонтерлор иштеген дүкөнгө барып туруу сунуш кылынат

65 жаштагы Патрисия азыр эле жергиликтүү чач тарачтан чыкты. Анын айтымында бул аймакка келгенден бери мурунку жашоосундай эле тиричилигин өткөрүп жатат.

“Үйдө жашаганда мен аябай зеригет элем, - дейт ал - мага тамак ашты ашпозчу даярдап берчү, мен билчүмүн Альгеймер оорусу бар адам менен жашаш канчалык кыйын экенин.”

“Мен өзүм жардам бере турган жерде жашагым келчү, себеби башка үйлөрдө карылар үчүн эчтеке жасашпайт, а бул жерде болсо чыныгы жашоо бар.”

Патрисия
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Патрисия бул жакта жашоосу толук кандуу өтүп жатканын айтат

Чынында деменция синдромуна чалдыккан адамдар көбүнчө элден алыстап калат.

Бирок бул жердеги адамдар бири-бири менен алака-катышта болот, чын дилинен бири-бири менен жолугушкусу келет, биргелешип иш бүтүрө алышат.

Изилдөөчүлөрдүн жүйөсүндө, социалдаштыруу элементи деменция синдрому бар жашоочулар үчүн бактылуу жана сергек жашоонун ачкычы болушу ыктымал.

120 жашоочу үчүн орто эсеп менен алганда ошончо адис жана дагы кошумча ыктыярчылар керектелет.

Албетте, деменция айыкпас оору, канчалык аракет жасаба, андан кутула албайсың. Бирок оору канчалык күчөбөсүн, бейтаптар бул жерден керектүү жардамдын баарын ала алышат. (МА)