Альцгеймердин дарысы. АКШда адуканумаб препараты расмий катталды

Шприц

АКШда тамак-аш азыктары жана дары-дармектердин сапатын караган башкармалык (FDA) Альцгеймер оорусу менен күрөшүү үчүн адуканумаб препаратын жактырды. Бул жыйырма жылдан бери биринчи жолу болуп жаткан иш.

Biogen компаниясы иштеп чыккан препарат сатыкка Aduhelm деген коммерциялык ат менен чыгат.

Бул дары карыган адамдарда кеңири тараган Альцгеймер оорусунун сиптомдоруна эмес, анын тереңдеги себептерине таасир этет.

Альцгеймер илдетине каршы күрөштө бул тарыхый учур болууда. Биринчи жолу бул оорунун симптомдорун гана басаңдатуу үчүн эмес, негизги себептери менен күрөшчү препаратка уруксаат берилип жатат.

пациент

Адуканумаб Британияда азырынча лицензия ала элек. Азырынча анын клиникалык сыноодо гана колдонулуусуна уруксат. Аталган дары Лондондогу Улуттук Неврология Госпиталында сыноодон өтүп жатат.

68 жаштагы Алдо Сересага он жыл мурун Альцгеймер деген диагноз коюлганда, ал хирург катары ишин токтотууга аргасыз болгон. Ага ай сайын Адуканумаб дарысы берилип жатат жана дары жардам берип жатканы анык.

Aldo Ceresa, 68, a retired surgeon, was part of the trial
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алдо Сереса экспериментке катышкандан кийин мээси жакшы иштеп калганын айтууда

"Көп адашпай калганымды байкадым. Когнитивдик тесттеримде жакшы жылыштар байкалды,-дейт Алдо Сереса. -Көп адашпай калдым. Албетте, илдет дагы деле күчүндө. Бирок мурункудай жаман болбой калды. Азыр өзүмө көбүрөк ишенип калдым."

Эки жыл мурун Адуканумаб сыноодон өтпөй калган. Алдо катышып жаткан медициналык сыноо да токтотулган. Бирок бул медициналык каражатты чыгарган Биожен компаниясы дагы кошумча маалыматтарды анализдеп, дарыны жогору дозада алган бейтаптардын эс тутуму, когнитивдик жөндөмү жана сүйлөгөнү жакшырак экенин байкаган.

Оорулунун мээси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дары ичкенден кийин оорулуулардын мээси жакшы иштеп калганын окумуштуулар белгилешүүдө

Альцгеймер илдетине чалдыккан адамдын мээсинде уулуу белоктор -Амилоиддин топтолуп калганы байкалат. Адуканумаб так ушул амилоиддинди жок кылат же азайтат.

Бул бир жылдан бери Адуканумаб препаратын алып жаткан ошол эле адамдын мээсин караганда Амилоид көп санда жок болгон.

Британияда бул препараттын клиникалык сыноосун жетектеп жаткан дарыгер Кэт Мамери абдан кубанып жатат:

"Альцгеймер илдетин иликтөө жана түшүнүүдө бул өтө олуттуу мезгил. Канчадан бери эч үмүтү жок жашап келе жаткан адамдарга жарык үмүт пайда болду. Менин сыноомо катышып жаткан бейтаптар жана окумуштуулар олуттуу жардам берчү дары табууга ынтызар."

Соңку жылдарда Альцгеймер илдетин айыктырчу бир катар дарылар жарактан чыгып калды. Эми болсо, бул ооруну басаңдатчу дарынын чыгып жатышы окумуштууларды мындан да эффективдүү дарылардын үстүнөн иштөөгө шыктандырууда.

Адуканумаб препараты Альцгеймер илдети өөрчүп кете элек бейтаптарга берилет, себеби алардын мээси өтө жабыркай элек болот. Бул дарыга Британияда уруксаат берилерин же жоктугун чечүүгө бир жыл кетет. Эгер уруксаат бериле турган болсо, бул дарыга болгон талап тоодой чоң болот.