Дүйнөдөгү өлүм-житимдин негизги себеби: ДССУ иликтөөсүн жарыялады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку жыйырма жылда инфекциялык эмес оорулардан - жүрөк кан-тамыр, диабет жана рактан каза тапкандар көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн масштабдуу изилдөөдө айтылды.
"Бул жаңы баа бизге профилактика, диагностика жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону күчөтүү керектигин эскертет,-деди ДССУ жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус. - Ошондой эле бул иликтөө өзгөчө глобалдык пандемиянын шартында жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдөгү биринчи медициналык жана санитардык жардам көрсөтүүнү радикалдуу жакшыртуу зарылдыгын көрсөтөт".
2000-жылдарга салыштырмалуу дүйнөдө орточо жашоо узактыгы 6 жылга узарып, 73 жашты түзөт. Мындан 20 жыл мурун 67 жаштын тегерегинде болчу. Изилдөө коронавирус пандемиясына чейинки маалыматтарга негизделген.

Дүйнөдөгү өлүм-житимдин негизги себеби (2019-жыл)
- 1. Жүрөк оорусу
- 2. Инсульт
- 3. Өпкөнүн өнөкөт оорулары
- 4. Өпкөнүн инфекциялык оорулары
- 5. Ымыркайлар арасындагы оору (инфекциялык)
- 6. Рак илдети
- 7. Альцгеймер жана башка деменциянын формалары
- 8. Диарея (инфекционное заболевание)
- 9. Кант диабети
- 10. Бөйрөк ооурлары
ДССУ маалыматы

Дүйнөдөгү өлүм-житимдин 16 пайызы жүрөк оорусунан. Анан калса соңку 20 жылда бул илдеттен өлгөндөр саны жылына 2 миллиондон 9 миллионго чейин өстү.
Ымыркайлар арасындагы оору (Неонаталдык) ДССУ тизмесинде бешинчи орунда аталды. Бул илдет жакыр өлкөлөрдөгү өлүм-житимдин негизги себеби. Ошол эле маалда уюм белгилегендей соңку учурда ымыркайлар арасындагы жоготуулар кескин азайды. 2019-жылы 2 млн ымыркай чарчап калды. Бул 2000-жылга салыштырганда 1,2 миллионго аз.
Альцгеймер сыяктуу деменция илдеттери дагы курч экенин белгиленди. Мындай оорудан көз жумгандардын көрсөткүчү Европа менен Америкада үчүнчү орунда. Уюмдун эксперттери мындай илдеттен көбүнчө аялдар жабыр тартарын белгилейт. Каза тапкандардын 65% аялдар.
20 жыл ичинде диабеттен өлгөндөр 70 пайызга өстү, биринчи кезекте эркектер арасында. Эң жогорку көрсөткүч жакынкы Чыгышта.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Инфекциялык оорулар
ДССУ маалыматтары көрсөткөндөй, 200-жылдарга салыштырмалуу дүйнө инфекциялык илдеттер менен натыйжалуу күрөшүп калды. Туберкулез менен ВИЧ/CПИД сыяктуу оорулар өлүм-житимге алып барган эң негизги илдеттердин катарынан кетти. Бирок Африка жана Азия регионунда бул илдеттер дагы деле олуттуу коркунуч түзөт.
Учурда эң коркунуч оорулар пневмония сыяктуу өпкөнү сезгенткет илдеттер болуп калды. Андан тышкары 2010-2019-жылдары жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны дагы абдан жогору болгону белгиленүүдө. Баяндамада жол кырсыгынан каза тапкандардын 75 пайызы эркектер экени дагы айтылууда.













