Нарын парадоксу: катаал климат, жакыр эл, тоолору толо кен байлык
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргыз президенти Садыр Жапаров өткөн аптада Нарын областына барып, Нарын шаарында жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын арыз-муңун угуп келди. Шаардын жанындагы аба майданын калыбына келтирүүнү жана башка экономикалык-социалдык чараларды ишке ашыруу жөнүндө тапшырма берди.
Президент менен жолугушууда Нарындагы жергиликтүү эл контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү сыяктуу маселелерди көтөрдү. Ошол эле убакта жумушсуздук, жакырчылык жана экологиялык кыйынчылыктар бул тоолуу аймакта көп жылдан бери курчуп турган көйгөйлөр. Нарын облусу өлкөдөгү эң жакыр регион болуп көп жылдан бери келатат.

Нарын областында эгемендик доорунда миграция күчөп, келгендерге караганда кеткендердин саны дайыма көп болуп келген. Бул көрсөткүч 2022-жылы 1517 адам келсе, кеткендердин саны 2850 болгон.
Эң жогорку көрсөткүч Кочкор районунда жана Нарын шаарында. Миграциянын көп болуп жатканынын башкы себеби жумушсуздук деңгээли жогору. Айыл жеринде малың же жериң болсо оокатың өтөт, ансыз бул жакта башка иш жок. Нарын шаарында же областтык борборлордо чоңураак ишканалар жок. Көзгө көрүнүп иштеп атканы сүттү кайра иштеткен бир комбинат бар. Терини, жүндү кайра иштетүү боюнча "Аида" деген бир ишкана ачылып, рынок көзүн таба албай жабылып калды.
"Миграциянын көп болуп атканы биринчи себеби ушул жумушсуздук. Айыл жеринде мал менен, дыйкан чарбасы менен оокат кылат. Шаарда кармай турган эч нерсе жок. Чоң ишканалар жок. Жаштар үчүн эң чоң көйгөй ушул",-дейт Нарын шаарынын мурдагы мэри Эмил Абдраимов.
Жыл башталганы облустагы гидроэнергетикалык потенциалды өздөштүрүү боюнча эки жакшы жаңылык болду. Куланак ГЭСинин курулушу башталды жана эми Жогорку Нарын каскадына британдык инвестор келип, ишти жандантат деп жарыя болду. Эми ушул эки долбоор иштеп баштаса жумушчу орундар түзүлөт деп жергиликтүү эл жаңылыктарга кулак түрүп турган чагы.

Сүрөттүн булагы, АКИПРЕСС
Нарын облусу аянты боюнча Кыргызстандагы эң чоң регион, ал эми калкы боюнча жети дубандын ичинде алтынчы орунда. Бийик тоолуу, климаты катаал, кыш беш-алты айга созулган жер. Же алды толтура кен байлык, алтын, темир, көмүр жана башка чоң кендер бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок күтүрөгөн мал жаткан жайытты бузуп алуудан чочулаган жергиликтүү эл кен иштетүүгө келген инвесторлор менен тил табышып иштеше албай келатат. Ошол себептүү Солтон-Сарыдагы алтын кенине келген кытай инвестору менен чыр-чатактар болду. Темирдин мол кени бар Жетим-Тоону дагы иштетүүнү элдин арасында колдогондор да, каршылык да бар.
Кыргызстан Жетим-Тоо темир кенин Кытайга же башка өлкөгө бербейт, өзү иштетип пайдасын көрөт деп өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитети билдирген. Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп саналат. Өлкөдө бул кенди иштетип, Кытайдын карызын жабуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келатат.
Садыр Жапаров 2021-жылы нарындык шайлоочулар менен жолугушууда Жетим-Тоо темир кени Кытайга берилбейт, Кыргызстан өзү иштетет деп айткан.
"Биз өзүбүз иштетип, акыркы продукцияны - металлды биз өзүбүз чыгарышыбыз керек. Металлды сатканда жумуш орундары, салыктар баары Кыргызстанга калат. Биз өзүбүз бутка турбасак болбойт. Кылдаттык менен таза, ачык-айкын иштеп коюш керек",-деген ошол убактагы өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев.

Президент менен жолугушууда облустун башчысы Алтынбек Эргешов “Солтон-Сары” алтын кенинин ишмердиги толук көзөмөлгө алынып, социалдык пакет катары бөлүнгөн каражат калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат деп билдирди.
Мындан төрт жыл мурда Солтон-Сарыда чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан кытай инвесторунун жумушчуларын жайытты уулантты деп айыптап жергиликтүү эл кууп кетирген эле.
Азыр деле кытай инвесторунун экологияны булгабай иштеп берерине жергиликтүү эл көп ишенбейт.

Жергиликтүү элдин оокаты негизинен мал чарбасына адистешкен. Айыл жеринде мал багып мээнет кылгандардын турмушу оңолуп, байып кеткендер бар. Бирок мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагы өнүккөн эмес. Фермерлер малын семиртип союп көбүнчө Бишкектин базарына алып чыгышат.
Малдын көбөйүп кеткенинен жайыттар деградация болуп, жетишпей жатканы өзүнчө көйгөйгө айланууда. Кочкор менен Нарын районунун, Кочкор менен Жумгал районунун малчыларынын ортосунда жайыт талашкан чыр-чатактар болду.
Айыл чарба министрлиги деградация болгон жайыттарды жеке адамдарга, компанияларга убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө планын жарыя кылган, бирок бул элди кооптондуруп койду. Долбоордо биринчи жолу беш жылга убактылуу пайдаланууга берилет, андан кийин 20 жылга узартылат деп каралган. Бирок убактылуу деп алгандар аны оңой менен кайтарбайт, ошондо чыр-чатак башталат деп каршы болуп жаткандар чыгууда.
"Жыйырма жылга чейин ала турган болсо, мына ошондо чыр чыгат. Айыл өкмөттөрүнүн ортосунда чыр чыгат, айылдагы адамдардын арасында чыр чыгат. Эмне үчүн сен Ташматовго бересиң, эмнеге Акматовго бербейсиң. Балык чарбасы деп коюптур. Жайыттын ортосунан суу чыгарып, балык чарбасын түзүп алган болсо, аны өмүрүндө өлүп баратса да бербейт жайытты”,- дейт Кемел Ашыралиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору.

Аймактагы ирригациялык курулуштар эскирген, совет учурунда курулган каналдар талкаланып, жараксыз абалга келген. Кошумча жер өздөштүргүсү келгендер суу алып келе албай убара. Ошондуктан сугат каналдарын оңдоп, жаңыртып чыкмайынча айыл чарбасында өсүш болбойт. Ал үчүн өкмөттөн максаттуу каржылык долбоорлор ишке ашышы абзел.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу баштапкы долбоорунда Торугарт аркылуу өтүп, Нарын шаарынын жанынан өтөт деп айтылган. Темир жол келсе тоолуу региондун өнүгүшүнө дагы бир чоң өбөлгө болмок. Бирок кийинки долбоор боюнча Кытайдан келген темир жол бул аймактын чети менен гана өтөт окшоп калды.
2021-жылдын көрсөткүчү боюнча Нарын облусунун дүң продуктусу республиканын ички дүң продукциясынын 2,4% түзүп, өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды.
Региондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында административдик реформанын пилоттук долбоору башталган турат. Ага ылайык санариптик өнүгүү жана креативдүү экономика, IT чөйрөсүн жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, “жашыл” экономикага өтүү, айыл чарба жана өнөр жай кластерлери түзүмдөрү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө киргизилмекчи.
Мындан тышкары, агроөнөр жай комплексин жана туризмди өнүктүрүү, гидроэнергетикалык потенциалды өстүрүү, жолдорду куруу боюнча бир катар долбоорлор сунушталды.









