Кытайдын көзүн кызарткан Жетим-Тоо кыргыздын багын ачабы?

Жетим-Тоо кени Нарын областында жайгашкан.

Сүрөттүн булагы, Taissiya Shaidarova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетим-Тоо кени Нарын областында жайгашкан.

Кыргызстан Жетим-Тоо темир кенин Кытайга же башка өлкөгө бербейт, өзү иштетип пайдасын көрөт. Бул жөнүндө бейшембиде өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин башчысы билдирди. Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп саналат. Өлкөдө жаңы шайлоо өнөктүгү башталгандан бери бул кенди иштетип, Кытайдын карызын жабуу маселеси көтөрүлүп жатат.

Президенттик кызматка негизги талапкер болуп жаткан Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушууда Жетим-Тоо темир кени Кытайга берилбейт, Кыргызстан өзү иштетет деп айтары менен анын артынан мамлекеттик булактар бул тема боюнча дембе-дем билдирүү таратып баштады. Биринчи болуп президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү жарыяланды. Андан соң өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде чукул басма сөз жыйынын өткөрдү.

"Биз өзүбүз иштетип, акыркы продукцияны - металлды биз өзүбүз чыгарышыбыз керек. Металлды сатканда жумуш орундары, салыктар баары Кыргызстанга калат. Биз өзүбүз бутка турбасак болбойт. Кылдаттык менен таза, ачык-айкын иштеп коюш керек",-деди комитет башчысы.

"Эмне, ал сокур беле"?

Жетим-Тоо кенин мындан он беш жылча мурда Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда анын уулу Максим 300 сомго лицензция ала коюп, анын 80% Кытайга "Арт Майнинг" компаниясына 25 миллион долларга сатып жиберди деген маалымат элге белгилүү. 2010-жылы бийлик алмашканда Кытай компаниясына берилген бул лицензия жараксыз кылынган. 2012-2013-жылдары кытай компаниясы сотко берип, лицензиясын кайтарып алууга аракет кылган. Бул иштин чоо жайы жөнүндө жакында эле "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кенен-чонон маалымат берген эле.

Бирок Текебаев бул окуяга жөн эле кайрылган жок. Жетим-Тоо Кытайга кетип жаткан ошол учурда өлкөдө коррупция туу чокусуна жеткенин белгилеп, азыр президенттикке башкы талапкер болуп жаткан саясатчынын ошол учурдагы ролун баса көрсөткүсү келди.

"Бирок ошол учурдагы коррупцияга каршы күрөш агенттигинин комиссары Садыр Жапаров үн каткан эмес. Эмне, ал сокур беле? Эмне, ал дудук беле? Эмне, ал дүлөй беле? Макул Максимдин убагында кызматым деп корксун, бизнесим деп корксун. Максимдин кеткенине он жыл болду. Он жылдан кийин деле ошол окуяга баа берип, ошол учурдагы ири коррупциялык иш болгонун айтып койсо, адилеттүү болмок да".

Жетим-Тоо кенин Кытай компанияларынын иштетишине жергиликтүү эл каршы болуп келгени белгилүү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетим-Тоо кенин Кытай компанияларынын иштетишине жергиликтүү эл каршы болуп келатат.

"Четинен эле каза бер"

Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен экени айтылууда. Албетте, аны Кыргызстан өзү иштетсе, андан чоң пайда көрмөк. Бирок өкмөт эмнеге он беш жыл бул кенди карабай келип, так ушул шайлоонун алдында бул маселени көтөрүп чапкылап калган себеби эмне?

Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Жетим-Тоо темир кенин иштетип, Кытайга болгон карыздан кутулууга мүмкүн экенин айтып баштагандан кийин бул анын шайлоо программасындагы маанилүү маселе болуп калды.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул бир 50 миллиард доллардын тегерегиндеги биздин запасыбыз. Ошонун сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон, азыр дагы ал уланып жатат. Бул сырье менен гана. Бир дагы чет мамлекеттин катышуусу болбойт, биздин өзүбүздүн гана катышуубуз менен. Четинен эле казып, сырьесун дүйнөлүк баа менен сатсаң эле, биздин эсеп боюнча, бир жылда эле бир миллиард долларынан кутулуп койсок болот",-деген эле Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда.

Жетим-Тоону иштетүү жөнүндө сөз каякта, ким менен болгон, ким менен азыр уланып жатат, деген суроолор болбой койгон жок. Ошол себептүү анын айткандарын саясий атаандаштары ар кимиси өзүнчө чечмелеп, жоромолдоп жатат. Анын ичинде Өмүрбек Текебаевдин дагы өзүнүн версиясы бар: "Ал боюнча Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анча-мынча эсеп кысаптарын кылып койгон",-дейт.

Кыргызстанды кен байлыктардан кудай кур койгон эмес, алтыны-күмүшү, көмүрү, темири, башкасы бар. Бирок бийликти мыкчыган мырзалардын ошол кендердин көзүн таап иштете албай, чет элдик компанияларга алдатып жиберип, экономикага пайда алып келе албай жатканы, отуз жылдан бери элдин көңүлүн өйүгөн көйгөй. Ошол себептүү кезектеги чоң шайлоонун алдында бийликке бараткан саясатчылардын катыра берген убадасын уккан эл кайра эле жакшылыктан үмүт кылып, келечегин Теңир-Тоодогу бир чоң кенден көрүп туру. (КС)