Жайыт мыйзамында элди чочуткан эмне?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда жайыттарды пайдалануунун өкмөт сунуштаган жаңы эрежелери кызуу талаш-талкууларды пайда кылды. Айыл чарба министрлиги деградация болгон жайыттарды асылдандыруу үчүн аны мал жайбаган максатка беш жылдан 20 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүүнү демилгелеп жатат. Бирок ага каршы чыккандар элдик байлык жеке колдорго өтүп кетиши мүмкүн деп кабатыр болууда. Талаштуу мыйзам долбоорун кыргыз парламенти шаршембиде экинчи окууда кароодо.
Кыргыз жеринин токсон пайыздан ашууну тоолор. Тоо койнунда мал багып, оокат кылган жергиликтүү эл үчүн жайыт - стратегиялык ресурс. Ошондуктан такырланган жайыттарды жеке адамдарга, компанияларга убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө демилге элди бир аз кооптондуруп койду.
Айыл чарба министрлиги өз кезегинде сөз деградация болгон жайыттардын ичинен 500 миң гектарын гана асылдандыруу үчүн ак ниет аракет болуп жатканын гана айтууда.
“Өзгөртүү киргизүүнүн эң жакшы жери, жайыт ижарага берилбей, өзүнүн категориясын алмаштырып, айыл чарба категориясына өзгөрөт дагы ошол боюнча иштер жүргүзүлөт. Аны алган жайыт пайдалануучу өзү койгон планын аткарыш керек, үч- же беш жылга чейин аны иштетиш керек. Жакшы иштетпесе, өкмөт аны кайра алып коюшу мүмкүн. Бир эле мөмө-жемиш бактарын тиккенге эмес, көп жылдык чөптөрдү өстүргөнгө берип түшүмдүүлүгүн жогорулатуу – эң негизги максатыбыз”,-деди Би-Би-СигеАйыл чарба министрлигинин жайыт жана мал өстүрүү департаментинин директору Жаныбек Керимбаев.
Жайыттар жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга өткөн жылы сентярда эле коюлган. Анда жайыттарды жеке жана юридикалык жактарга мал жаюу менен байланышпаган максатка берүү каралган. Атап айтканда,аң уулоо, бал чарбачылыгы, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, туризм, эс алуу, балык өстүрүүгө берилиши мүмкүн. Биринчи жолу беш жылга убактылуу пайдаланууга берилет, андан кийин 20 жылга узартылат. Бирок убактылуу деп алгандар аны оңой менен кайтарбайт, ошондо чыр-чатак башталат деп каршы болуп жаткандар чыгууда.
"Жыйырма жылга чейин ала турган болсо, адегенде беш жыл дептир. Мына ошондо чыр чыгат. Айыл өкмөттөрүнүн ортосунда чыр чыгат, айылдагы адамдардын арасында чыр чыгат. Эмне үчүн сен Ташматовго бересиң, эмнеге Акматовго бербейсиң. Балык чарбасы деп коюптур. Жайыттын ортосунан суу чыгарып, балык чарбасын түзүп алган болсо, аны өмүрүндө өлүп баратса да бербейт жайытты”,- дейт Кемел Ашыралиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору.

Жогорку Кеңеш жайыттарды сарамжал жана эффективдүү башкаруу жолдорун карап жатканда, өлкөдө мал көбөйүп, жайыт жетишпей баштады. Айрыкча, бодо мал көбөйдү.
Ошол себептүү бир катар райондордо жайыт талашкан чыр-чатактар чыгып, алия аягына чейин чечиле элек. 2018-жылы Соң-Көл жайлоосунда жайыт талашып, кочкорлук жана жумгалдык малчылар чырдашкан эле. Кийинки жылдары ушундай эле жаңжал Кара-Кужур жайлоосун талашкан кочкорлук жана нарындык малчылардын ортосунда болду.

Кыргызстанда тогуз миллион гектар жайыт бар. Аны пайдалангандар мамлекетке өзүнчө акы төлөйт. Өткөн жылы жайыттарды пайдалануудан 139 миллион сом каражат жыйналган. Аны жайыт комитеттери чогултуп, жайыттарды карап турат.
Бирок бул акча канчалык максаттуу жумшалып жатат деген чоң суроо бар. Ошол эле убакта жайыт комитеттери жакшы иштебей, токтоп калган фактылар да бар. Ошондуктан өкмөт жайыттарды башкарууну өз колуна алгысы келип атат.










