Британияда Орусиянын канча акчасы бар?

Reality Check тобу, BBC News

Лондонград

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон шаары бай орусиялыктар үчүн “Лондонград” деп аталып жүрөт

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Британия Орусияга санкция киргизүү жөнүндө ойлонуп келатат. Бирок тышкы иштер министри Лиз Трасс “мурда Лондондо мыйзамсыз каражаттар боюнча көйгөй болгон, аны тактап жатабыз” деп Би-Би-Сиге билдирди. Бул маселени чечүү эмне үчүн оор?

Британияда Орусиянын канча акчасы бар?

Орусиядагы жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн бай адамдар менен компаниялар Британиянын каржылык жана кыймылсыз мүлк базарларына мыйзамдуу түрдө инвестиция салышат.

Бирок Transparency International аттуу антикоррупциялык уюм аныктап чыккандай, Британияда 5 миллиарддан ашуун фунт стерлингди чапчыган мүлк “күмөндүү байлыкка” сатылып алынган жана анын бештен бири Орусиядан келген.

Ички иштер министрлигинин отчетунда айтылгандай, Британияда “Орусиядан келген же Орусияга байланышы бар мыйзамсыз каражаттын олуттуу көлөмү” байкалууда. Каражат шаан-шөкөттүү кыймылсыз мүлк, автомашина жана билим алуу үчүн жумшалып, кээде маданий мекемелерге кайрымдуулук иретинде берилип келет. Бул адамдарга “өзүнүн аброюн тазалоого” мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыймылсыз мүлк тармагына келсек, ага адамдар эмес компаниялар ээлик кылышы мүмкүн. Ошондуктан маалымат алуу оңой эмес. Чет жерде компанияга ээлик кылуу боюнча малымат базасында айтылгандай, Англия менен Уэлсте 94 миң кыймылсыз мүлк объектинин төртөөсүнө гана Орусиядагы компанияларга таандык делген чет элдик компания мыйзамдуу ээлик кылат.

Бирок Британ Виргин Аралдарындагы (БВА) жайгашкан чет жердеги компанияларды колдонуу менен орусиялыктар башка көптөгөн мүлктөргө ээлик кылышы ыктымал.

Британиядагы орус акчасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Андай компаниялардын масштабы 2021-жылдын октябрында ачыкка чыгып кеткен Пандора документтери аттуу дээрлик 12 млн кагаз аркылуу белгилүү болгон.

Кагаздар аркылуу жашырын байлык, салыктан качуу жана айрым учурларда дүйнөдөгү бай, күчтүү адамдардын акчаны адалдоо аракеттери ачыкка чыккан.

Изилдөөчүлөр 700дөн ашуун оффшордук компания Британияда кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын, алардын 5% Орусиянын жарандарына таандык экенин аныктап чыгышкан.

Бир мисал Алексей Чепа. Ал орусиялык саясатчы жана бизнесмен. Чепа бир БВА компания аркылуу 2011-жылы Лондондун борбордук бөлүгүндөгү Холланд парк жергесинен 10 бөлмөлүү хан сарай сатып алган. Ал былтыр 25 млн фунт стерлингге сатылган.

Эмне үчүн Британия орусиялык инвесторлорду өзүнө тартат?

Колунда бар орусиялыктар Лондонго көчүп кетип жатканына же кыймылсыз мүлк сатып алуу, инвестиция салуу үчүн аталган шаар популярдуу жайга айланганына көп болду.

Британиянын “алтын визасы” — 1-даражадагы виза схемасы (инвестор) — 2 млн же андан көп фунт стерлинг инвестиция салган байларга Британияда отурукташууга жана үй-бүлөсү менен чогуу жашоого мүмкүнчүлүк берет.

Андай виза алгандар Британияда туруктуу жашап калуу боюнча кайрыла алышат. Канча убакта кайрыла аларын инвестициясынын көлөмү аныктайт:

  • 10 млн фунт стерлинг салса эки жылда
  • 5 млн фунт стерлинг салса үч жылда
  • 2 млн фунт стерлинг салса беш жылда

Британиянын ички иштер министрлиги мындай схема 2008-жылы ишке киргизилгенден бери Орусиянын жарандарына 14 516 инвестор визасын берген.

Олег Дерипаска

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олег Дерипаска Лондон фондулук биржасында ири сумма топтоого жетишкен

Орусиянын компаниялары дагы Лондондогу фондулук биржада акцияларды сатуу менен ири көлөмдөгү акча табууга жетишкен.

Ошондой бенефициарлардын бири энергетикалык фирма (En+ Group) болгон. Коомчулукка биринчи сунушталган кезде компания Олег Дерипаска тарабынан көзөмөлдөнүп турган. Дерипаска Орусиянын президенти Владимир Путиндин үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Өкмөт кандай чараларды көргөн?

2018-жылы Британиянын өкмөтү биринчи кылмыш жоопкерчилигине тартпай туруп эле кыймылсыз мүлктү конфискациялоо механизмин ишке киргизген.

Ошол Түшүндүрүлбөгөн байлык буйругу (ТББ) кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн бир адам акчаны кайдан тапканын далилдөөнү милдеттендирет.

Бирок ТББ болгону төрт жолу колдонулуп, бир эле учурда мүлк өткөрүлүп берилген.

Сотторго жеткиликтүү болгон дагы бир шайман — Эсептерди тоңдуруу буйругу (ЭТБ). Эгерде акча кылмыштык аракеттер менен байланыштуу болсо, анда ал сотторго банктагы же курулуш коомундагы каражатты тоңдуруп коюуга мүмкүнчүлүк берет.

“Чатам хаус” аналитикалык борборунун баяндамасына ылайык, ЭТБ ишке кирип, ТББга караганда бир топ эле ийгиликтүү болгон. Анда Сириянын президенти Башар ал-Асаддын жээнине жана Молдованын мурдагы президентинин уулуна каршы колдонулган чаралар жөнүндө сөз болот.

Лондон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өкмөт 2016-жылы Британиядагы мүлккө ээ болгондордун жалпы реестрин түзүү аркылуу акчаны адалдоого каршы күрөшүү планы бар экенин билдирген.

Ал пландар 2019-жылы Королеванын сөзүндө айтылган, бирок өкмөт ал боюнча качан мыйзам чыгарарын билдире элек.

Британиянын өкмөтү эгерде Украинага каршы Орусия аракетке өтсө, анда Британиянын Орусияга каршы күчүндө турган санкциялары андан ары күчөтөрүн айтты.

Кремль менен байланышы бар адамдар кылтакка илинип, алардын Британиядагы активдери тоңдурулат жана аларга Британияга кирүүгө тыюу салынат, ошондой эле алар Британиядагы бир дагы компания же адамдар менен иш кыла албай калат. (EA)