Королева Елизаветанын тарыхый миссиясы

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Королева Елизавета II

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II

“Мен өтө жөнөкөй бир билдирүү жасагым келет. Узак болобу, кыска болобу - менин бүт өмүрүм баарыңарга жана биз баарыбыз таандык болгон империяга кызмат кылууга арналаарын баарыңарга жарыялайм”.

Бул келечектеги королева Елизаветанын 1947-жылы 21-апрелде 21 жашка чыгып, Британ салты боюнча бойго жеткендеги сөзү.

Британ тарыхында бойго жеткен ханзаадалар менен ханбийкелер адатта коомго мен бармын деп үн катчы эмес. Көмүскөдө окуп, көлөкө жерге багылган. Елизавета II коомго кайрылган алгачкы ханбийке. Болгондо да эли-журтума кызмат өтөйм, каруумду казык кылам деп болочок озуйпасын жар салып отурат.

Королева болоору али белгисиз ханбийке, королева боло электе опол тоодой миссияны мойнуна алууга даап отурат. Королева болгон соң, өмүр бою ушул сөзүнөн тайбады, калың журтка берген убадасын аткарып, жашоо менен бийликтин өтөлгөсүнө чыга алды.

Британ баш министри Дэвид Кэмерон Елизаветаны - “империяны бороон-чапкындан сактап, бизди чөктүрбөй реалдуулукта кармап турган салмоор таш, биз баарыбыз тегерегинде айланган алтын казык”, - деп баалаганы бар.

Ханбийке Елизавета, 1951

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханбийке Елизавета, 1951

Айтмакчы, Елизавета 14 өкмөт башчысын дайындаса, анын төртөө – Тони Блэр, Тереза Мэй, Дэвид Кэмерон жана Борис Жонсон Елизавета такта отурган кезинде төрөлгөн балдар.

Елизавета ханышанын чыныгы ысымы Елизавета Александра Мария. Улуу Британиянын жана улуттар Шериктештигинин королевасы жана Улуу Британиянын Башкы командачысы, 14 көз карандысыз мамлекеттин королевасы, Англикан чиркөөсүнүн башчысы, Жашыруун кеңештин жетекчиси, соттордун төрайымы... Жалаң кызматтары менен титулдары үзүктөй кагазга батпаган, кагазга жазылбаса да аткарган иштери опол тоодой ханыша катары мойнуна жүктөлгөн салттуу иштери арбын бул ханыша айым 70 жылдан бери тактыда.

Тактыда отуруп, көзү тирүү чагында платина мааракесин белгилеп отурган биринчи монарх. Эң көп башкарган, азыр көзү тирүү ханыша. Елизавета 1952-жылы 25 жашка толуп, тагдырдын буйругу менен (атасы оорудан каза болуп, башка мураскерлер ылайыксыз) тактыга отурду.

Королева Елизавета II тактыга отурган күнү, Букингем сарайы, 1953-ж.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II тактыга отурган күнү, Букингем сарайы, 1953-ж.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аттанганда эле шыр бастырып, келбети көркөм, бир башка дегендей, такка отуруу салтанаты массалык маалымдоо каражаттарында ачык трансляция болгон алгачкы монарх. Албетте, хансарайдагы буга чейин этикетке жок ишти баштап, салтанат өткөн аббатчылыкка журналисттерди күргүштөп киришине өкмөтү да, ордо билермандары да каршы болгон. Бирок Елизавета мага ишениш үчүн эл мени көрүүгө тийиш деп жаңы жөрөлгөнү баштаган.

Дегеле Елизавета заман түрүн кылдат баамдаган, устаранын мизинде оодарылган дүйнөгө шайкеш аракеттенген ишмер катары белгилүү.

Такка отургандан он жылдан соң, королева Букингем хансарайынын кээ бир залдарын эл үчүн ачып, искусствонун галереясы катары ээн-эркин кирип-чыгуусуна жол берген. Ханышанын күндөлүк иши, айрым маанилүү иш-чаралар коомго кеңири жарыяланып, жабык хансарайдын ичине маалыматтык ачыктыктын, айкындуулуктун желаргысы сого баштады. Монархиянын айрым турмушу элдин энчисине, жаңы маалымат технологиялары кадыресе көрүнүшкө айланды.

Андан тышкары, такты мурастоо тууралуу мыйзам да өзгөртүлдү. Мурда такты мурастоо укугу эркек балдарга таандык болсо, алардын жашы жетпеген учурда кыздарга гана энчилүү болсо, эми жынысына карабай, мураскорлордун кимисинин жашы улуураак болсо, хан тактысы ошого тие турган болду. Монархтарга католиктерге да үйлөнүү укугу берилди.

Ханбийке Елизавета менен Уинстон Черчил, 1950-ж.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханбийке Елизавета менен Уинстон Черчил, 1950-ж.

Елизавета такка отурганда кадимки Черчилль экинчи ирет бийликке келип, премьер-министр эле. Ооба. Жаш кызга эбегейсиз империянын королдук бийлиги колуна тийгенде өлкөдө Уинстон Черчилль, Америкада Гарри Трумэн, Францияда Шарль де Голь, Советтер союзунда Иосиф Сталин сыяктуу залкарлар, дөө-шаалар бийликте эле.

Саясаттын чыныгы генийи Черчилль, адегенде Елизаветага көп ишене берген эмес, акыл-эси толо секелек кыз бизди далай убайга салат го деп кооптонгон. Бирок экөөнүн мамилеси бирин бири сыйлоонун, монарх менен анын баш министринин ортосунда гармониялуу кызматташтыктын чыныгы үлгүсү болгон.

Елизавета Черчиллди “кан, тер жана көз жаш суудай аккан” согушта Англины жеңишке алып келген улуу саясатчы катары сыйлап, эсептешип, кеңешин угуп, устатындай мамиле кылган. Черчилль ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенде, Елизавета өз колу менен кат жазып, астейдил ыраазычылыгын билдирген. Ага сэр титулун ыйгарган. Бул эл ичинде кадыры артык саясатчынын көңүлүн алуу ишараты же популизм эмес, терең урмат-сый эле.

Айтмакчы, Елизавета саясатчыларга же мамлекеттик ишмерлерге гана эмес, эл урматтаган интеллектуалдарга, жазуучуларга жана популярдуу маданият ишмерлерине да рыцарь титулун ыйгарган. Мисалы даңазалуу “Битлздын” музыканттары сэр наамына ээ. Черчилль каза болгондо ханыша Елизавета да бир ирет ордо жөрөлгөсүнөн четтеп, табыт келе электе, элден биринчи, ал тургай маркумдун үй-бүлөсүнөн мурдараак маркумдун зыйнатына барып, коштошуу аземи аяктаганга чейин күтүп, элдин эң акырында кетет. Көп жылдан соң, Елизаветадан сүйүктүү премьери ким экенин сураганда, ал Черчиллдин ысымын атаган: “Албетте, Черчилль. Аны менен баарлашуу кызыктуу эле”.

Адегенде жактырбаса да, башынан неченди өткөргөн кыраакы Черчилль, алгачкы аудиенциядан тартып тактыда маңдайына мураскор болгондуктан “ханыша” аталган пенде эмес, мамлекетке кызмат кылууга жөндөмдүү адам, татыктуу инсан, ички-тышкы маселелерди тике чечпесе да көптү түшүнгөн саясатчы отурганына көзү жеткен. Ал акылман, эрктүү Елизаветаны чын дилинен сыйлап, өмүр бою барктаган. А балким Черчиллдин айрым биографтары жазгандай жүрөгүнүн түпкүрүндө ашык болсо болгондур, ажеп эмес, анысын биз билбейбиз. Хансарайдын сынаакы кызматкерлери ханышанын дарегине карата Черчиллдин тамшанган сөздөрүн далай ирет укканын эскерип келишет.

Королева Елизавета II жана ханбийке Диана

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II жана ханбийке Диана, 1982-ж.

Чет өлкөлөрдүн лидерлери да Елизаветаны такта отурган номиналдуу ханыша эмес, жетик мамлекеттик ишмер катары бааалап, ошого жараша кадырлап, аны менен эсептешип келген. Албетте, саясатчылар тигил же бул өлкөнүн лидери менен мамилесин ошол өлкөнүн эл аралык аренада ролуна, дүйнөлүк саясатта ордуна, экономикалык салмагына жараша түзмөгү анык. Бирок ошол өлкөнүн башчысынын, лидеринин маданий, интеллектуалдык деңгээли, өлкө ичинде кадыры, жүрүм-туруму, инсандык дарамети, дээри алака-мамиледе чечүүчү фактор, зор мааниге ээ.

Өткөн кылымдын чок ортосунда такка отурган Елизавета, узак өмүрүндө нелерди гана башынан кечирген жок. Андан бери саясий аренадан нечен алптар өттү, не бир көйкашка мыктылар келбесине кетти. Саясатчылар тургай империялар кыйрап, дүйнөнүн саясий картасы кайра-кайра чийилип, бирөөлөр жоголуп, башкалары пайда болду. Дүйнөнүн алтыдан бирин ээлеген, атасы Георг VI бир тууган бөлөсү, император Николай II канына забын болгон большевиктер курган, космоско биринчи киши учурган ири держава Советтер Союзу кулады. Социалисттик лагерь ыдырап, Европада жана Азияда жаңы мамлекеттер пайда болду.

Елизавета 300 ашык иш сапарында 130 ашык мамлекетке барган. Ошол өлкөлөрдүн айрымдары бир кезекте Британ таажысына баш ийген, империянын курамындагы аймактар эле. Бир кездеги колониялар Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу глобалдык уюмдарда жана эл аралык форумдарда Биритания менен бирдей укукка ээ болуп, айрымдары өзөктүк куралдуу державага айланды.

Королева Елизавета II, ханзаада Гарри жана Меган Маркл . 2018

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II, ханзаада Гарри жана Меган Маркл . 2018

Виктория доорундагыдай алтын заман эмес, дүйнө дал-дал кетип, ыдыраган замана болду. Албетте, экинчи дүйнөлүк согуштан соң башталган, көз карандысыздык үчүн туташ башталган улуу көчтү жана глобалдык процессти Елизавета да, Черчилль тургай, 70 жыл бою Британ өкмөтүн жетектеген министрлери менен де Голль баштаган Европанын лидерлери чогулуп келип токтото албайт эле.

Жер планетасынын үчтөн бирин ээлеген зор империя Улуу Британия өзү да кемип, аянты кыйла кичирейди. Бирок Англиянын күч-кубаты аянты менен кошо азайды деп айтууга али эрте. Аянтынан ажыраган менен таасиринен ажырабай, алигиче мурдагы колонияларындагы эбегейсиз байлыкка ээ. Британ империясынын курамындагы аймактарда укуктун, мамлекеттик түзүлүштүн жана бизнестин британ модели иштеп, англис тили үстөмдүк кылып келет.

Улуу Британия Елизаветанын доорунда Европа биримдигине (ЕС) кирсе, эми андан чыгып жаткан заманды – “Брекситти” башынан кечирип жаткан кези. Елизавета бир кезде Англиянын Европа биримдигине киришин сүрөсө, алтымыш жылдан соң андан чыгышын кубаттап, элден колдоо таппай айласы кеткен консерваторлордун өкмөтүн колдоду. Референдумда “Брекситти” демилгелеген консерваторлор утту. Мына, тагдырдын тамашасы, тарыхтын күңгөй-тескейи.

Ханыша Елизавета II мааракесине байланыштуу интервьюсунда: “Адам өзүн кандай сезсе жана канчада деп эсептесе, ошончо жашта”, - деп жооп берген экен. Калети жок.

Карт империянын кылымга тете өмүр сүргөн ханышасы али кайраттуу саясатчы жана элге сүйкүмдүү айым, мээрман эне. Эмдигиче ат үстүндө, тизгин колунда. Британдыктар үчүн монархия туруктуулуктун символу, улуттук биримдиктин кепили жана бийликтин алтын казыгы. Дал ушул миссиясын, ханыша боло электе тандап алган озуйпасын Елизавета не бир татаал жана оор сыноолордо акылы, билими, кынтыксыз жүрүм-туруму, билгичтиги менен аткара алды. Ханыша эл аралык сыноолордо гана эмес, таажынын аброюна шек келтирүүчү, анын кадырына залакасы тиймеги анык сыноолорду да татыктуу жеңе алды. “Кара килең болбой кар кетпейт, капсалаң болбой хан кетпейт”. Андай окуялар арбын экен. Келишкен келбети менен эркек аттууларды арбап, махабат үчүн баарына кайыл аял аттуулар үчүн идеалга айлана баштаган принцесса Диананын жоруктары, анын каза болгондогу элдин терс мамилеси бир эмес, бир нече королдун башын жутмак эле. Бирок эрктүү ханышаны мүңкүрөтө албады. Канчалык ичинен сызса да эне экенин, аял экенин билгизип, элге мээримдүү ишарат кылып, сырын алдырбай, ханыша катары сынынан жазбай тике карап, журтка жаккыдай кайрылуу жасап, кырдаалды жөнгө салды.

Дианага байланыштуу масштабга жетпесе да, этикетке жатпаган осол окуялар Елизаветанын алдына күтүүсүздөн чыга калып турду. Башкасын койгондо да, монархия институтун, таажынын кадыр-баркын ошол сыноолордон аман-эсен алып чыкканы эле Еливаета ханышаны Британ тарыхындагы талашсыз ролун, мыкты аткарган миссиясын даана айкындап турат.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.