"Менин башка тандоом жок эле": канзаада Гарри титулдан баш тартканын түшүндүрдү

Канзаада Гарри королдуктагы милдеттеринен баш тартканына кайгырып турганын, бирок анын мындан башка тандоосу болбогонун билдирди. Елизавета II королевага кызмат кыла берем, деди канзаада.

Принц Гарри

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Биз мамлекеттик каржылоосуз эле королевага, Шериктештикке жана аскердик ассоциацияларга кызмат кыла беребиз деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, мындай кылуу мүмкүн эмес болуп чыкты",-деди Гарри Sentabale кайрымдуулук уюмунун жолугушуу кечесинде сүйлөгөн сөзүндө.

Британия менин үйүм, сүйүктүү жерим жана ушул бойдон кала берет, деген Гарри.

Мунун алдында Букингем ак сарайы канзаада Гарри жана жубайы Меган мындан ары королдук титулун колдонбой турганын жана мамлекеттен каражат албай турганын билдирген.

2020-жылдын жазынан тарта эми аларга "сиздин королдук улуу урматыңызга"деп кайрылышпайт. Бирок ошол эле маалда Гарри жана жубайы Меган Сассекс герцогу жана герцогинясы бойдон кала берет. Ал эми Гарри төрөлгөндө эле бирилген канзаада титулун сактап калат.

Принц Гарри и Арчи

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гарри рождество майрамын үй-бүлөсү менен Канадада белгиледи

Гарри менен Меган Виндзордогу үйүн оңдоо үчүн короткон 2,4 млн. фунт каражатты Улуу Британиянын казынасына кайтарып берүү ниетин билдирген.

Буга чейин Гарри менен Меган маалымат агенттиктери өтө эле ашыкча көңүл буруп, басым кылып жатканын даттанып келишкен. Гарри өзүнүн апасы, канайым Диананы өлүмгө жеткирген "бул кубаттуу күчтүн" курмандыгына жубайы Меган да кабылып калышы мүмкүн деген эле.

"Инстаграм" баракчасына жайгаштырган видео кайрылуусунда Гарри Меганга үйлөнгөн учурда алар "энтузиазм жана зор үмүт менен кызмат кылууга (британ тактысына) дилгир болгонун" айтып, аягы мындай болуп бүткөнүнө өкүндү.

Елизавета II Гарри менен Мегандын жаңы жашоосуна батасын берген

Канзаада Гарри менен анын жубайынын күтүүсүз чечими королдук үй-бүлөнү кезектеги жаңыланууга алып келчүдөй

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Гарри менен анын жубайынын күтүүсүз чечими королдук үй-бүлөнү кезектеги жаңыланууга алып келчүдөй

Өткөн аптада Британиянын королевасы Елизавета II Сассек герцогу менен герцогинясынын жаңыча жашоо баштоо жөнүндө каалоо-тилегин колдоого алган. эле.

Королева Сандрингем сарайында королдук үй-бүлө мүчөлөрүн жыйнап, канзаада Гарри менен анын жубайы Мегандын келечегин талкуулашкан.

"Биз алардын королдук үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү болуп кала беришин каалай турганыбызга карабастан, алардын көз каранды болбой жашоо жана ошол эле убакта биздин үй-бүлөнүн бир бөлүгү болуп кала берүү жөнүндө каалоо-тилектерин биз сыйлайбыз жана түшүнөбүз",-деп айтылган билдирүүдө.

Королеванын айтымында, жолугушууда өткөөл мезгил жөнүндө айрым деңгээлде бүтүм болду, бул убакыт ичинде Сассек герцогу менен герцогинясы бир топ убактысын Канадада, бир тобун Британияда өткөрүшөт. Ɵткөөл мезгил канчага созулат - белгисиз.

"Менин үй-бүлөмдө бир топ татаал маселени чечүү керек болуп турат, алдыда али иш көп, бирок мен акыркы чечимди жакынкы күндөрү кабыл алууну өтүндүм",-деп айтылат королеванын билдирүүсүнүн аягында.

Сандрингем сарайындагы жолугушууга королева Елизавета II, анын небереси Гарриден башка Гарринин атасы канзаада Уельс жана бир тууган агасы канзаада Уильям катышты. Гарринин жубайы Меган бул сүйлөшүүгө телефон аркылуу катышат деп айтылган эле.

Королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү Гарри менен Мегандын королдук үй-бүлө мүчөсү катары милдеттерин аткаруудан баш тартып жатканына байланыштуу казынадан канча акча, кандай титул алышары, ошондой эле аларга уруксат берилген коммерциялык иштердин майда-бараты каралмак.

Гарри менен Меган королдук үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрү болбой калышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гарри менен Меган королдук үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрү болбой калышат

Жаңыланууларга ыңгайлашуу

Британдык монархиянын ийгиликтеринин сыры анын жаңыланууларга ыңгайлашып келгенинде деп жазат редакциялык макалада Times.

Гарри менен Меган Марклдын королдук үй-бүлөнүн айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып жатышы - ушундай кезектеги жаңылануунун кабары. Эгер аны чечпей койсо кризиске өтүп кетет, аны чечүүнүн эң жакшы жолу Сассек герцогдору үчүн жана жалпы эле королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жаңы ролун аныктап алууда турат.

Чынында британдык коомдун төрүндө монархиялык өзүнчө бир мүчөнүн эмес, бүтүндөй үй-бүлөнүн идеясы салыштырмалуу алганда жаңы, ага жарым кылым боло элек, аны королеванын өзү ойлоп тапкан дейт газета. Ɵзүнүн бардык аракети менен королева бүт үй-бүлөнүн кадыр-баркын кармап келатат, бирок мындай стратегиянын айрым тобокелдиги да бар.

Гарри менен Меган Маркл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бир адамдын моралдык сапаттарына курулган монархия эгер анын башына чабал адам келсе, анда бүт наркын жоготуп алышы мүмкүн, королдук үй-бүлөнүн тарыхында мындай нерсе болуп келген.

Бул проблеманын чечилиши андан качууда же чечкен түр көрсөтүп коюуда эмес, жаңы компромисске келүүдө турат.

Сассек герцогу жана герцогинясы өздөрү каржылык көз каранды эместикти каалап жатышканын билдиришкен, бул ого бетер жакшы, дейт басылма. Чынында королдук үй-бүлөнүн Елизавета экинчи менен анын жубайынан башка мүчөлөрү королдук милдеттерин аткарбай туруп эле иштеп акча табууга эмне үчүн болбосун деген суроо бар. Андан монархиянын бедели коомдун алдында түшүп кетпейт, керек болсо жаңы көрк бермек. (AbA/КС)