Курсктагы салгылаш: чаалыккан украин аскерлери эмне үчүн Трамптын Ак үйгө келишин күтүүдө?
Пол Адамс, Би-Би-Синин дипломатия боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардын кабагы түнөрүп, кыжырлары кайнап турат.
"Абал күн сайын начарлап баратат".
"Биз негизги максат эмне эмне экенин түшүнбөй жатабыз. Бул жак биздин жер эмес".
Бул Курск облусунда согушуп жаткан украин аскерлеринин билдирүүлөрү. Алардын жазганына карап фронтто абал өтө эле оор экенин байкоого болот. Украин аскерлери төрт ай мурунку капилет чабуулдун жана кармаштын максатын түшүнбөй, жеңилип калуу коркунучун сезип турушкандай.
Курск облусунда салгылашып жаткан бир нече украин аскери менен Telegram аркылуу байланыштык. Алардын бири жакында эле ошол жерден – от күйгөн кан майдандан кайтып келди. Биз анын чыныгы аты-жөнүн ачыктабайбыз деп макулдаштык.
Алар аба ырайынын катаал шарты, орус армиясынын тынымсыз бомбалоосу, анын ичинде коркунучтуу 3000 килограммдык бомбалардан улам уйкусуздук жана чарчап-чаалыгуу өнөкөткө айланганын айтып беришти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украин аскерлери улам артка чегинип жатышканын, орусиялыктар болсо акырындап аймактарды ээлей баштагын жашырышпайт.
"Бул көрүнүш улана берет, болгону убакыттын гана маселеси”, – деп жазды Павло 26-ноябрда.
Ал аскерлердин баары катуу чарчаганын, ротациянын жоктугун, ал тургай башка фронттордон жөнөтүлгөн жашы ортолоп калган аскерлер да дээрлик эс албай туруп согушка кирип жатышканын сөз кылды.
Аскерлер өз командирлерине, алардын буйруктарына жана курал-жарактын жетишсиздигине нааразы. Бул согуштагы кадимки көрүнүш. Жоокерлер оор шарттарда гана ушундай кылышат.
Душмандар үстөмдүк кылып, кыш босогодо турганда украин жоокерлеринен оптимисттик сөздөрдү күтүүнүн өзү туура эмес.
Биз менен маектешкен бардык аскерлердин билдирүүлөрүндө нааразычылыктын белгилери бар. Бул украин жоокерлеринин ындыны өчө түшкөнүн көрсөтүп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кээ бирөөлөр Курск облусундагы операциянын негизги максаттарынын бири – орус күчтөрүн чыгыш фронттон алаксытуу планы ишке ашырарынан күмөн санашат. Азыр аларга ээлеп турган аймактарды АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришкиче кармап туруу буйругу берилген.
"Биздин башкы милдет – Трамптын инаугурациясы жана сүйлөшүүлөр башталганга чейин мүмкүн болушунча көп аймакты ээлеп туруу, – деп жазды Павло. – Андан кийин бул аймакты башка нерсеге алмаштырышса керек. Бирок эмнеге экенин эч ким билбейт".
Ноябрдын аягында президент Зеленский эки тарап тең Ак үйдөгү бийлик алмашууну күтүп жатат деп кыйытты.
"Мен ишенем, ал [Путин] 20-январга чейин бизди сүрүп чыгаргысы келет. Кырдаал анын көзөмөлүндө экенин көрсөтүү – ал үчүн абдан маанилүү. Бирок ал кырдаалды көзөмөлдөбөйт”, – деди Зеленский.
АКШ, Британия жана Франция Курск облусундагы украин аскерлерине өздөрү берген ракеталар менен душмандардын чабуулунун мизин кайтаруу үчүн Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат берген. Бирок ал деле фронттогу жоокерлердин маанайын анчалык көтөрүп жибере алган жок.
"Эч ким ракетага үмүт артып, суук окопто күтүп отурган жери жок. Биз бул жерде согушуп, жашап жатабыз, ракеталар башка жакта учуп жүрөт".
Балким ATACMS жана Storm Shadow ракеталары тылдагы командалык пункттарга жана ок-дары кампаларына жогорку тактык менен сокку уруп жаткандыр. Бирок мындай ийгиликтер фронттогу жоокерлерден алда канча алыс.
"Биз ракеталар жөнүндө сүйлөшпөйбүз. Биз бункердеги күндөрдү үй-бүлө, ротация жана жөнөкөй нерселер тууралуу сүйлөшүү менен өткөрөбүз”, – деп жазды Мирослав.
Орусия акырындык менен, бирок токтобостон алдыга кадам таштоодо. Украина үчүн Курск облусунун аймагын сактап калуу милдети ого бетер маанилүү көрүнөт.
Октябрь айында орус аскерлери Украинанын болжол менен 500 чарчы километр аймагын басып алган.
Украина болсо август айында ээлеп алган Курск облусундагы жерлердин 40 пайыздан ашыгын жоготту.
"Маселе жеңип алууда эмес, аны кармап турдууда. Бул биз үчүн оор болуп жатат", — дейт Вадим.

Ошентсе да Вадим жоготууларга карабастан Курск операциясы дагы эле маанилүү деп эсептейт.
"Ал кээ бир күчтөрдү [орус күчтөрүн] Запорожье жана Харьков облустарынан башка жакка буруп, алаксытка алды”, – дейт.
Бирок биз менен сүйлөшкөн айрым жоокерлер өздөрүн туура эмес аймакта жүргөндөй сезип, Орусиянын бир бөлүгүн ээлеп тургандан көрө, Украинанын чыгыш фронтунда калсак туура болмок дешет.
"Биздин жер бул бөтөн аймакта эмес, тиги жакта [Украинанын чыгышында]. Көптөгөн жолдошторубуздун өмүрүн алган бул Курск токойлорунун бизге кереги жок", - дейт Павло.

Сүрөттүн булагы, EPA
Көзгө урунбаган корей аскерлери
Украина жана анын союздаштары Курск облусуна 10 миңден ашык түндүк кореялык аскерлер жөнөтүлгөнүн кабарлашкан. Бирок биз менен байланышкан украин аскерлери аларды согуш талаасынан дагы эле көрө электигин айтышты.
"Биз корей аскерлери тууралуу көргөн да, уккан да эмеспиз, алардын тирүү же өлүк экенин билбейбиз".
Украинанын чалгын кызматы октябрь айынын аягында Курск облусундагы Түндүк Кореянын аскерлеринин радио сүйлөшүүлөрү делген аудио жазууну жарыялаган.
Украиналыктардын айтымында, аларга жок эле дегенде бир түндүк кореялык аскерди, эң жакшысы документтери менен колго түшүрүү тапшырмасы берилген.
Түндүк кореялык аскерди туткундаган ар бир жоокерге дрон же кошумча өргүү сыяктуу сыйлыктар убадаланган.
"Курскинин караңгы токойлорунан корейлерди табуу аябай эле кыйын. Эгер алар бул аймакта жок болсо аларды табуу андан бетер кыйын", – деп тамаша аралаш жооп берди Павло.
Мурдагы максаты жок, ийгиликсиз операцияларга катышкан Украинанын ардагер аскерлери ошол эле көрүнүш Курскиде кайталанып жатканын белгилешет.
2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын июль айына чейин украин аскерлери Херсон шаарынан 40 чакырым жогору тарабындагы Днепр дарыясынын сол ыптасында жайгашкан Крынки айылындагы стратегиялык чакан плацдармды ээлеп турушкан.
Адегенде Крынкидеги бул аймак орустарга каршы чабуулга өтүү үчүн трамплин катары кызмат кылып, бирок кийин колдон чыккан.
Аны кармап тууруунун баасы украиндер үчүн аябай эле кымбатка түшкөн: өлгөн же дыйынсыз жоголгондорду кошкондо жоготуулардын саны 1000ге чамалаган.
Айрымдар муну фронттун башка бөлүктөрүндөгү ийгиликсиз көрүнүштөрдү көздөн жазгыруу үчүн пиар-ход катары жасалган дешет.
Алар Курск аймагында да ушундай көрүнүш болуп жатат деп кооптонушат.
"Идея жакшы, бирок аткаруу начар. Медиага таасир берди, бирок аскердик натыйжа жок", – дейт Крынк жана Курски аймагындагы салгылаштарга катышкан деңиз флотунун офицери Мирослав.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскердик талдоочулар болсо бардык кыйынчылыктарга карабай Курск операциясы маанилүү ролду ойноп жатканын ырасташат.
"Бул биз демилгени кармап турчу жалгыз аймак", – деди Би-Би-Сиге Украинанын коопсуздук жана кызматташтык борборунун директору Сергей Кузан.
Ал украин аскерлери укмуштуудай татаал шарттарда согушуп жаткандыгын танбайт, ошол эле учурда Орусия аларды сүрүп чыгуу үчүн башка жерде колдонула турган эбегейсиз ресурстарын ошол жакка сарптап жатканын баса белгилейт.
"Биз Курск фронтун жетиштүү курал-жарак, артиллерия, Хаймарс менен камсыздап, алардын тылына сокку ура турган узак аралыктан атуучуу ракеталар менен канчалык көпкө кармасак, ошончолук жакшы болот", – дейт Кузан.
Киевдеги жогорку командачылык дагы эле Курск операциясы стратегиялык жана саясий жактан жемишин берет деп үмүт артууда.
"Бул жагдай Путинди кыжырдантат. Алар оор жоготууларга учурап жатат", - деди Украинанын атын атагысы келбеген командирлеринин бири.
Украин аскерлери Курск облусунда дагы канча чейин туруштук бере алат деген суроого ал "аскердик мүмкүнчүлүктөргө жараша канча болсо ошончо" деп жооп берди. (SA)
Макаланы даярдоого Анастасия Левченко көмөктөштү












