Орусиядагы бензин кризиси. Кыргызстан кара майды кайдан табат?

- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын журналисти
Украин армиясы Орусиянын мунай базаларына чабуулду күчөткөндөн тартып, бул өлкөдө дизелдин жана бензиндин тартыштыгы күч алды. Дүйнөдөгү ири мунай экспорттоочу мамлекеттердин бири саналган Орусиянын өзүндөгү май куюучу жайларда узун кезектер пайда болуп, баанын кымбатташы байкалды. Бул кырдаал мунай жана күйүүчү майдан көз каранды болгон Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер үчүн да олуттуу кооптонууну жаратты. Мындай шартта өлкө мунай импортун кандай жол менен диверсификациялай алат деген суроо кайрадан күн тартибине чыкты.
Көп жылдардан бери Новосибирск облусунда жашап келген Нурбек Баймурзаев Орусиядагы учурдагы кырдаалды мындайча сүрөттөдү:
"92 үлгүсүндөгү бензин биздин аймакта бир ай мурун эле 54 рубль болчу. Азыр болсо баа 6-8 рублга чейин кымбаттап кетти. Ар кайсы май куюучу жайда баалар ар кандай. Көпчүлүк станцияларда 92 үлгүдөгү бензин такыр жок болуп жатат. Түндө эле бензин куюуга барсам, 92 үлгүсүндөгү май жок экен, аргасыздан 95 куйдум. Кезек күткөн адамдардын саны да көбөйдү, мурункудай тез тейлөө жок. Май куюучу жайларда нааразы болуп сүйлөнүп турган адамдарды эле көрөсүң. Баары эле "өзүбүздөн чыгып жаткан май эмне үчүн кымбаттап жатат?" деп нааразы".
Стратегиялык базар

Сүрөттүн булагы, Facebook
Кыргызстанда азырынча май куюучу жайларда узун кезек байкалбаса дагы күйүүчү майдын баасы күн санап өсүп жатат.
Энергетика министрлиги болсо учурда өлкөдө мунай заттарынын тартыштыгы жок экени тууралуу маалымат таратты.
"Баалардын кескин жана күтүүсүз жогорулашы күтүлбөйт. Монополияга каршы органдар бааны көзөмөлдөп, спекуляцияга каршы чараларды колдонууда",- деп айтылат анда.
Ошондой эле министрлик күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу, баанын өсүшүнө жол бербөө максатында мунай жеткирүүчүлөр менен активдүү иш жүргүзүлүп, кошумча булактар каралып жатканын билдирди.
Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгын Орусиядан алат. Эки өлкө ортосунда атайын бажысыз жеткирүү боюнча келишим бар. Ошондуктан баасы салыштырмалуу арзан жана жеткирүү жолу да ыңгайлуу болуп саналат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дизель, авиакеросин сыяктуу мунай заттарынын бир бөлүгү Казакстандан да ташылып келет, бирок аз гана көлөмдө.
Адистердин баамында, Кыргызстан үчүн мунайды бир гана Орусиядан эмес, Иран, Түркмөнстан жана Азербайжан сыяктуу башка өлкөлөрдөн алып келүү мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок бул багытта бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү менен алар толук кандуу жыйынтык берген эмес.
Мунун негизги себептеринин бири узак жана чыгымдуу логистика болсо, экинчиси саясий жагдайлар.
"Кыргызстандын мунай боюнча бир гана өлкөгө көз карандылыгы башынан эле чоң тобокелдик болгон. Мурун Казакстан сыяктуу бир катар мамлекеттер өз продукцияларын сатууну сунуштап келген. Бирок, эмнегедир, Кыргызстан үчүн диверсификациялоону ишке ашыруу чоң маселе болуп келди. Учурда дагы күн тартибинде турат. Деген менен муну ишке ашыруу саясий жана экономикалык жагдайларга байланыштуу",- деди экономист Искендер Шаршеев.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын мунай продукцияларын жылдык керектөөсү болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт жана 90 пайыздан ашыгы Орусиядан импорттолот.
"Ошол эле Иран, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн күйүүчү жана майлоочу майларды Өзбекстан аркылуу унаа жолу менен ташып келүү мүмкүн. Бирок аны ишке ашыруу үчүн кайра жүктөөчү станциялардын болушу маанилүү жана ага убакыт талап кылынат. Баада дагы айырма болот. Убагында Азербайжандан чийки мунайды алып келип "Жунда" заводунда кайра иштетүү маселеси каралган. Бирок аны азыр ишке ашыруу канчалык мүмкүн айта албайм. Анткени учурда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Зангезур коридору ачылып жаткандыктан, алар үчүн Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң",- деди Шаршеев.
Кытайдан ташып келүү мүмкүнчүлүгү
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстан Азербайжан, Түркмөнстан, Иран, Бириккен Араб Эмираттары менен катар Кытай сыяктуу ири мунай өндүрүүчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
"Маселен, Кытайдын бизге чектеш аймагында мунайды кайра иштетүүчү үч заводу бар. Ошолор менен мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатабыз. Ал жактан унаа же темир жол менен Казакстан аркылуу ташып келүү мүмкүнчүлүгү бар",- деди Эшатов Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Экономист Төлөнбек Абдыров дагы логистиканы жөнгө салуу жана жаңы маршруттарды түзүү татаал процесс экенин айтты.
"Ал бат эле ишке аша калбайт. Ошол эле учурда башка мамлекеттердин да өздөрүнүн туруктуу келишимдери бар. Кыргызстанга оңой эле алып кет деп бере салбайт. Логистикалык маршруттарды пландап, бири-бири менен туташтыруу маселеси турат. Пайдага караганда чыгымы жогору болуп калышы ыктымал",- деди Абдыров.
Айтымында, Кытай Орусиядан ири көлөмдө чийки мунай импорттоочу өлкөлөрдүн бири. Бирок Кыргызстан менен чектеш Синьцзян аймагында мунай казылып, кайра иштетилет. Демек, Кыргызстанга Кытайдан мунай ташып келүүнү карап чыгууга болот.
"Кайра эле логистика маселеси чечүүчү фактор болуп калат. Барып эле баага такалып калып жатат. Эгер баасы кымбат болуп калса, аны алып келүүнүн зарылдыгы барбы деген суроо жаралат. Унаа менен канчасы, темир жол менен канчасы келет? Темир жол кайсы жерге чейин жеткирет? Андан ары кантип ташылат? Мунун баары оңой чечиле калчу маселе эмес",- деп кошумчалады ал.
Абдыров Кытай- Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу маселени жөнгө салууга жана логистиканы кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Эксперт Эрнест Карыбаев болсо азыркыдай шартта Кытай Кыргызстанга мунай жеткирүүдө негизги альтернатива боло албайт дейт:
"Темир жол жок болгондуктан, мунайды унаа аркылуу гана ташып келүүгө мүмкүн. Бул биринчиден кымбат, экинчиден керектүү көлөмдү жеткире албайт. Андан көрө Министрлер кабинети башка мунайга бай мамлекеттер менен келишим түзүшү керек. Бюджетте каражат бар, триллион сом чогулду деп мактанып жатышат. Ыкчам чара көрүп, темир жол аркылуу ташып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар Түркмөнстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр менен макулдашып, келишим түзө коюшу керек да",- деди ал.
Карыбаев мунай стратегиялык энергетикалык ресурстарга киргендиктен экономикалык гана эмес, тышкы саясий факторлордон да көз каранды экенин кошумчалады.
Кыргызстандын Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майдын тартыштыгынан улам баалар 15 пайызга кымбатташы ыктымал экенин эскертти. Ал ортодо Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү жана майлоочу майдын запасы бир айга жетер-жетпеген көлөмдө калганын билдирүүдө.
















