Жаңы мыйзам долбоору: Аялдарга асылгандар абакка түшөт

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сексуалдыкка ыдыкка каршы жаңы чараларды камтыган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Укук бузуулар жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөр кирип жатат. Эми сексуалдык мүнөздөгү тийишүүлөр үчүн 20 миң сомго чейин айып пул салынат же үч суткадан жети суткага чейин камакка алынат.
Эгер мындай көрүнүш кайталанып жатканы аныкталса, Кылмыш-жаза кодекси аркылуу чара каралып, айыпталуучу үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Өлкөдө иш алып барган укук коргоочулар жана феминисттер бул демилгени кубаттап жатышат.
"Быйыл өзгөчө көп"
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, ИИМдин өкүлү Данияр Сапарбаев Би-Би-Сиге комментарий берип, буга чейин сексуалдык ыдыкка байланыштуу иштер бейбаштык беренеси менен каралып келгенин айтты:
"Мурда мындай иштердин баары эле майда бейбаштык деген берене менен каралчу. Бирок бейбаштыктын түрү көп да. Ал массивден өзүнчө бөлүп карачу эмеспиз. Бирок сексуалдык ыдыкка байланыштуу быйыл көп резонанстуу окуялар болуп кетти. Өзгөчө коомдук транспортто, таксиде жаш балдар жана кыз-келиндер буга дуушар болуп жатат. Коомчулукка чыкпай калган латенттик формалары да көп. Ошондон улам ушундай мыйзам долбоору даярдалды ".
Кыргызстанда коомдук жайларда жаш кыз-келиндерге ыксыз тийишкен же асылган учурлар боюнча видео, жаңылыктар утур-утур чыгып турат. Соңку ирет үстүбүздөгү айда эле автобуста жаш кыздын тизесин кармалаган пакистандык жарандын видеосу тарады. Анда шектүүгө Укук бузуулар кодексиндеги майда бейбаштык боюнча айып коюлган эле. Сентябрда болсо Каракол шаарында окуучу кызга тийишкен таксисттин окуясы коомчулукка дүң болгон. Айдоочу жашы жете элек кызга жосунсуз суроолорду берип, буттарын кармалаган деп шектелип, анын иши азыр тергөөгө чейинки териштирүүдө.
Журналист кыз Айдай Токоева мындан үч жыл мурун көчөдө курбу кыздарынын курчоосунда бара жатып, сексуалдык ыдыкка кабылган. Аны бейтааныш эле адам көчөдөн жамбашына чаап өткөн. Журналист бул тууралуу коомчулукка ачык айтып чыгып, ал түгүл милицияга да арыз менен кайрылган.

Сүрөттүн булагы, Social Media
"Кыргызстанга ушундай мыйзам керек болчу, муну феминист-активисттер мурдатан талап кылып келгенбиз. Бул абдан керек. Мындай чара киргизилмейин харассментке барган адамдар жазасын алып, жоопко тартылмайын ушундай кайталана бермек. Жоопко тартылышпаса, алар эмнеден коркмок эле, жосунун уланта бермек да ",- дейт Айдай.
Феминист кыз 2021-жылы сексуалдык ыдык тууралуу анын арызына милиция жооп кылып, бейбаштык беренеси боюнча иш ачканы менен, бир жумадан кийин эле ал иш жабылып калганын эстеп айтып берди.
Коркунучтуу "Аялдама"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда коомдук транспорттогу кыз-келиндерге болгон сексуалдык ыдыктын көптүгүнөн өлкөдө активисттер бул көрүнүш тууралуу атайын китеп да чыгарган. Журналист Александра Титованын 2023-жылы жарык көргөн "Аялдама" атуу китебинде коомдук транспорттордо жөнү жок тийишүүгө кабылган ондогон кыз-келиндерди окуялары камтылган.
"Мен 17 жашта болчумун. Транспорт токтору менен түшкөнгө ыңгайлашып, эшик жагында тургам. Юбкачан болчумун. Бир маалда арт жагымдан бир кыймылды сезип калдым. Башында ойлодум, бирөөнүн сумкасы тийип жатабы деп карасам, бирөөнүн колу юбкамдын ичине кирип, өйдө көздөй сылай баштады. Мен ал кишинин колун кармап, ары силктим. Транспортто киши көп болгондуктан, жүзүн кароого мүмкүн болгон жок. Аялдамадан түшүүгө туура келди", - деп бул китеп үчүн бир каарман кыз жашыруун өз окуясын айтып берген.
Китепте коомдук транспортто кыздар көбүнчө жагымсыз кармалоо, тийишүү, интимдик мүчөсүн көрсөтүү, интимдик жерлерге атайын жабышуу жана сексуалдык мүнөздөгү сунуштарга тушугары сүрөттөлөт.
Бул долбоордун авторлору китеп чыккандан кийин деле коомдогу бул көйгөйдү ашкерелеп, ayaldama.kg аттуу инстаграм-блогдо кыздар кабылган мындай фактыларды фиксациялап келет.
Укук коргоочулар ИИМдин соңку демилгесин жалпы жонунан кубаттап жатышат. Бирок, аларда , бул мыйзам колдоо тапса, милициядагы дагы бир коррупциялык жылчыкка жол ачпайбы деген чочулоо да бар.
" Билбейм эми, бул чара эми кылмыштын деңгээлин канчалык ооздуктайт. Кезектеги коррупцияга кичинекей жол ачып калабы деп ойлойм. Себеби, милициянын баары адилеттүү эмес. Опузалап коркутуп, кошумча акча табуунун, пара өндүрүүнү жолун ачабы деп деле корком. Болбогон иш менен деле жалаа жапса кандай болот, аны далилдеш кыйын да. Айрым учурда кыздар өздөрү деле сексуалдык ыдыкты бизнеске айландырган учурлар болгон. Милиция менен келишип алып, "мага тийишти, зордуктады" деп атайын чагым кылгандар да бар", - дейт "Сезим" кризистик борборунда иш алып барган укук коргоочу, журналист Сүйүн Курманова.
Ал кыргыз коомунда жаш кыздарга карата үй-бүлө ичинде тааныш адамдар тарабынан жасалып жаткан сексуалдык ыдыкка этибар бербөө маданияты бар экенине да көңүл бурат
"Аскерден же түрмөдөн келген туугандары жашы жете эле кыздары бар үй-бүлөлөргө учурашканы келип, туугандык сезимин билдиримиш болуп кучактап, кармалап, эркелетимиш болуп ар кайсы жеринен өбүшөт. Аны ар кандай кабыл алышат. Эми "жөн эле байкеси эркелетип атат да" дешет. Олуттуу этибар алышпайт. Эмне болот эле байкеси кучактаса дешет. Бирок кыздардын көпчүлүгү ошо өзүнүн эле жакын туугандарынан жабыркашат".
Курманова жаш балдарга жана кыздарга коомдук жайлардагы сексуалдык ыксыз тийишүү мурдатан эле боло келгенин айтып, болгону соңку кезде бул ачык айтылып баштады дейт.
Ар бир төртүнчү аял
Кыргызстанда 2018-жылы Сот аялдардын ассоциациясы изилдөө өткөрүп аялдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүүнү масштабдуу иликтеп чыккан. Анын жыйынтыгы өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жашоосунда мындай ыксыз тийишүүлөргө дуушар болгону, бирок алар бул тууралуу ачык айтып чыгуудан жазганарын көрсөткөн.
Көбүнчө жумуш орунда жашы 20-38 жаштагы катардагы кызматкер аялдарга тийишүүлөр көп болору да аныкталган. Мындай көрүнүш мамлекеттик мекемелерде кенен жайылган. Бул чиновник жана саясатчылардын бул үчүн жаза тартпашына ишенимдүү болушу жана тартип органдарындагы жеке байланыштарына таянганы менен байланыштуу болушу мүмкүн, деген ал сурамжылоого катышкан айымдар.
Эске салсак, 2018-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин имаратынын лифтинде белгисиз эркектен ыдык көргөнүн айтып чыккан. Бирок анда коомдук сайттарда кайра эле депутат айымдын өзүнө сындар айтылган эле.
Сурабалдиева анда кыргыз коомундагы сексуалдык ыдык, тийишүүнүн бардык формаларына каршы мыйзам долбоорун демилгелеп жактанын айткан. Бирок ал демилгенин тагдыры бүдөмүк калган эле.
2024-жылы Кыргызстан Коопсуздук жана бакубаттык боюнча глобалдык индексте Борбор Азия өлкөлөрү ичинен эң кооптуу деп табылган.
Соңку кезде өлкөдө кыз-келиндерге кол салуулар көбөйүп, фемицид тууралуу тынчсыздануулар болуп атат.












