Спорт-2022: Балбандар жараткан тарых, "Ак-Шумкардын" жеңиши жана Көчмөндөрдүн "кагылышы"

Сүрөттүн булагы, official
Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Манас Ниязов деген ысымдардын өзү эле спортко жетелей турган символго айланып калгандай. Бул тизме муну менен эле чектелбейт. Мыктыларыбыздын саны дагы арбый берсин.
Узап кеткен 2022-жыл Кыргызстан спорту үчүн бир топ жакшы жышаан менен коштолду. Айрым спорт жетишкендиктер өлкөбүз үчүн тарыхый учур болуп калса, бирде спорттогу оош-кыйыш жалпы журтту өкүндүрбөй койгон жок. Спорттун табияты ошонусу менен кызык экен го... Арадан айлар өткөн соң жылнааманы артка түрсөк, өзгөчө белгилеп койчу учурларыбыз бар экен. Эмесе ошолорду бир сыйра чогуу эскерели.
Баса, мен бул баянды баштаганда эле жакшы кабар менен калем шилтегим келди. Манастагы кадимки чыканактай Эрагыш, бүткөн бою тарамыш деп сыпатталгандай, жапалдаш бойлуу, көз карашы ойлуу, булчуң менен буура саны уюган эле кара күч, кадимки Назарбектин Жоломаны (Шаршенбеков) Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн тандоосу боюнча (грек-рим күрөшү, 60кгга чейинки салмакта) 2022-жылы Дүйнөнүн мыкты күрөшкери деп атанды. Кайран балбаным 55 000 упай топтоп койгон экен! Эмесе кеп башынан болсун.

Сүрөттүн булагы, United World Wrestling
Балбандардан тамган тер... Бириңер эр да, бириң шер!
Биздин балбандар кайсы гана эл аралык турнирге катышпасын, коомчулук алардын аркасынан сая түшүп, кызыгуу менен ар бир беттешин кароого көнүп алды. Анткени күрөштүн түрлөрү Кыргызстандан башынан эле өзгөчө кызыгууну жаратып келген эмеспи. Анын үстүнө учурда жаш жылдыздардын пайда болушу Токиодогу Олимп оюндарынан кийин аркасынан колдоочулардын жоон топ армиясын жаратты.
Алгач апрель айында Монголияда Азия чемпионаты өтүп, Акжол Махмудов жана ага-ини Шаршенбековдор журтубузду алтын медалдары менен сүйүнттү. Алар менен чогу кыз-келиндерден Айпери Медет кызы дагы алтын алса, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев менен Мээрим Жуманазарова күмүш алып келгени эсибизде.

Сүрөттүн булагы, Кабар
Балбандарыбыз канчалык бизди жеңиш менен сүйүнтпөсүн, коомчулуктун талабы Дүйнө чемпионатындагы чемпиондук эле. Себеби Эгемендүүлүктү алгандан бери, жалгыз гана Айсулуу Тыныбековада Дүйнө чемпиону деген наам бар эле, ал эми мырзаларыбыз андай тарыхты жарата элек болчу.
Мына ошондуктан сентябрь айында Белград шаарында өткөн Дүйнө Чемпионатына өзгөчө көңүл бурулуп турган. Бактыга жараша бул чемпионат Кыргызстандын тарыхында өзгөчө боёк менен жазылса керек. Акжол менен Жоламан мына ушул жерден өз салмагында алтынга ээ болуп, кыргызды ыйлатты го жарыктык. Биздин балбандар жайында Ислам шериктештиги оюндарында, Дүйнө кубогунда дагы олжолуу кайтып жатышты, бирок баары биригип Дүйнө чемпионатына салмагы боюнча туура келбейт болчу. Мына ошондон улам жыл жыйынтыгын барактоодо грек-рим күрөшүндөгү ийгиликтер дароо көзгө учурамакчы.
Ислам өлкөлөрүндө Кыргызстан алдыңкы ондукта

Сүрөттүн булагы, Official
Жогоруда айткандай эле Кыргызстан жайында Ислам шериктештигинин оюндарына катышып, жалпы жыйынтыкта 9-орунга жайгашты. Жалпы жонунан жергиликтүү спортчулар 26 медалга ээ болсо, анын ичинде 8 алтын, 8 күмүш жана 10 коло менен кайтышты.
Бул турнир Түркияда өтүп, сууда сүзүүдө Денис Петрашов, фехтованиеден Роман Петров, багы эле Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова алтын менен келишти. Алардын арасында салтуу жаа атуу боюнча Ынтымак Мурадил уулу дагы бар эле. Айтор Ислам шериктештигинин оюндары биз үчүн аябагандай жемиштүү болду. Мындай олжо менен кайтарыбызды эч ким күткөн эмес эле, акырында санай келсек Кыргызстан алдыңкы ондукка кирип кеткен экен.
Айсулуунун ай ааламга аты угулуп, кыргыз күрөшун жаңы бийиктикке чыгарып койгону кимди суктандырбайт. Элеттик кыздын суктандырган ийгилиги сизге да дем бербей койбойт.
“Ак-Шумкаларлар” артта калган жок
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Азия кубогуна жолдомо алганга жетишти. Өзүнүн тайпасында “ак-шумкарлар” 7 упай алышып, финалдык бөлүккө ишеничтүү чыгып отурат. Айтмакчы, эми Азия кубогу 2023-жылы Катар өлкөсүндө өтөт. Ага жалпысынан 24 команда катышат жана Кыргызстан курамасы дагы алардын катарында болот.
2022-жылда Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты болуп, утулат деген командалар жарым финалга чейин жетип барып, ааламды таң калтырбадыбы. Анын сыңары бул саам эми “ак-шумкарларыбыз” далайдын оозун ачыраар бекен ким билсин?

Сүрөттүн булагы, KFU
И баса, футбол демекчи, күзүндө биздин курама команда Орусия менен жолдоштук беттеш өткөргөнүн дагы белгилеп кетпесек болбойт. Бул оюнда биздин кураманы ири эсепте орустарга багынып берет деп божомолдоп тургандар “мат” эле болушту. Алгачкы мүнөттөрдө бир гол Орусиянын дарбазысына сого калып, атаандаштын бир топ эле айласын алты кетирди.
Бирок, оюн бүткүчө орустар эсепти 2:1 кылып, жеңип алганы менен Орусиянын күйөрмандары өз оюнчуларына купулу толбой калганын, тескерисинче Кыргызстандын оюнчуларын мактап калганын кантип жашырабыз?
Көчмөндөрдүн "тайказан" талашы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Улуттук спортко кайрылсак, бардык этно спортту бириктирген 4-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары күзүндө Түркияда өтөт деп белгиленип, болгон балбандарыбыз дал ушул оюндарга даярданып жатышкан эле. Бирок, турнир башталаарга 20 күн калганда Түркия тарап Көчмөндөгү кыргызга таандык улуттук оюндардын санын 24төн 4кө чейин кыскартып, маанайды түшүрдү. Өкүнүчтүүсү кыскарган оюндардын катарына көкбөрү дагы кошулуп калган экен. Мына ушул жерден жөнөкөй спортчулардан баштап, өлкө президентине чейин кийлигишип атып, акыры көкбөрү ДКОнун катарындагы оюндарга кошулду.
Билет алып мына барам деп турганымда "аттар барбайт" деген кабар тастыкталганда арга жок, айланып-айланып токтоп калганымды жаза кетейин. Ошентип өкүтүм өз ичимде калды. Миң уккандан бир көргөн дегендей мен мында калып калганда Би-Би-Синин Кыргыз кызматы так ошол жерге барды. Мен уктум, алар көрдү дегендей. Көрсө ал жакта дагы көкбөрүгө байланышкан көп кызык болгон экен, ичине бугу толгон экен. Манас Ниязов баштаган эренедер атсыз калган драмалуу учурду так ошолор көрдү. Пай-пай... Кызык эле болуптур. Жеринен көргөн соң бул жагын Абдыбек Казиев баяндасын. Анын бул тууралуу жазганын сиз да бир окуп коюңуз. Аны да тиркедим.

Сүрөттүн булагы, official
Бул жерден талаш маселеге дароо чекит коюлбай, кыргыз улакчылары минип жүргөн аттары менен барабы же ошол жактан ат таап, ижарага алып минишеби, - деген суроо кабыргасынан туруп калды. Ары өкчөп, бери тартып жатып, казынада акча жок болуп, көкбөрүчүлөрүбүз сапарга жөө кетишти. Кыргыз делегациясынын Түркиядагы кыймылынан кийин, дароо ошол аймактан аттарды ижарага табышып, улакчыларыбыз намысты сактап калышты. Ал жакта эң негизги атаандаш саналган Казакстан менен финалга чыккан көкбөрүчүлөр, жалпы эсепти 5:0 кылып, ишеничтүү алтын менен кайтып келишти. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Көчмөндөр оюндарынын тарыхында бир дагы жолу атаандашка утулуп көрбөгөн команда болуп келатат.
Айта берсек, жергиликтүү спортчулардын эл аралык деңгээлдеги оюндарда мындан башка жеңиштери жок эмес. Алсак, Валентина Шевченко 2022-жылы кайрадан эле бир дагы атаандашка утулбай, чемпиондук куурду кармап келатат. Самат Абдрахманов деген арык чырайлуу боксчубуз Hardcore FC турниринде биринчиликти камсыздап, чемпиондук куурга ээ болду. Апрель айында болсо биздин хоккей боюнча курама командабыз, IV дивизион боюнча чемпион аталып алдыга эч кимди чыгарган жок.
Мына ушундай жемиштер менен 2022-жылды жыйынтыктап жатабыз. 2023-жылда бардыгы башынан башталмакчы. Жаңы ысымдар, жаңы чемпиондор менен чогу жеңилүүлөр дагы бизди күтүп турат. Кандай болсо дагы кыргыз спорту ушундай жеңилүү жана жеңиштери менен өзүнүн кыя жолуп салып келатат.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.











