Жо Байден уулуна ырайым берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күнөөлүү деп табылып, эки кылмыш иши боюнча сот өкүмүн күтүп жаткан Хантер Байденге президент Жо Байден ырайым берди.
"Бул кызматка киришкен биринчи эле күндөн баштап Юстиция министрлигинин чечим кабыл алуусуна кийлигишпейм деп келгем. Мен өз уулума карата тандамал жана адилетсиз мамиле болуп жаткан учурда да сөзүмдөн кайткан жокмун",- деп айтылат Байдендин билдирүүсүндө.
Сентябрь айында эле Байден өзү жана анын басма сөз катчысы Хантер Байденге ырайым берүү боюнча эч кандай жарлык чыгарууга даярдык көрүшпөгөнүн айткан эле.
Июнь айында сот арачылары 54 жаштагы Хантер Байденди 2018-жылы курал сатып алган учурда наркоман экендиги тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн айыптуу деп табышкан. Хантер Байден АКШнын тарыхында кызматта турган президенттин кылмышкер деп аныкталган биринчи уулу болуп калды.
Андан кийин сентябрь айында Хантер Байден салык төлөөдөн качкандыгы тууралуу дагы бир кылмышты өзү мойнуна алган эле.
Жо Байдендин жекшемби күнү кечинде жарыялаган билдирүүсүндө анын уулунун соттук иши "саясат менен чиеленишкен" иш деп ишендирип жана аягы адилетсиз чечим менен аяктаганы жазылган.
"Бул дем алыш күндөрү мындай чечимди кабыл алып жаткан учурда муну андан ары калтыруунун эч кандай мааниси жок экенин түшүндүм. Атасы жана президент эмне үчүн мындай чечим кабыл алды деген маселени америкалыктар туура түшүнөт деп үмүт кылам",- деп жазылат билдирүүдө.
Бул боюнча Хантер Байден дагы билдирүү менен чыкты. Ал өзү наркоман болуп жүргөн кезинде кетирген каталарын Байдендердин бүт үй-бүлөсүнүн аброюн кетирип, аларды коом алдында басмырлоо үчүн атайын саясий максатта колдонулган деп эсептейт.
"Мен кандай болгон күндө дагы бүгүнкү ырайым берүү актысын өзүмө карата деп эсептебейм жана өмүрүмдү азыр да ушунун азабын тартып, ооруп жаткандарга арнайм",- деп билдирди кызматтан кетип жаткан президенттин уулу.
Хантер Байденге карата сот өкүмү 12-декабрь же 16-декабрда чыга турганы күтүлүп жаткан. 2016-2019-жылдары 1.4 млн. доллар салыкты төлөөдөн качты деген экинчи иш боюнча аны 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралышы мүмкүн эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Туугандарына ырайым берген президенттер
Жо Байден тууганына ырайым берген АКШнын биринчи президенти эмес.
Билл Клинтон 2001-жылы президенттик экинчи мөөнөтүнүн аягында 1985-жылы кокаин сактагандыгы үчүн соттолгон тууганы, актёр жана музыкант Рожер Клинтонго ырайым берген.
Дональд Трамп 2020-жылы кызы Иванканын кайнатасы Чарльз Кушнерге ырайым берген. Ал 2005-жылы шайлоо өнөктүгүнө мыйзамсыз түрдө кийлигишкен, салыктан качкан деп соттолуп, эки жыл абакта отурган.
Трамп азыр өзүнүн шайлоо өнөктүгүнө олуттуу суммадагы каражат бөлгөн Кушнерди Францияга элчи кылып дайындоону пландап жатат.













