Трамп АКШ сотунун куугунтугунан кутулду

Трамп буга чейин эле өзүнө коюлган айыптарды кескин четке кагып келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп буга чейин эле өзүнө коюлган айыптарды кескин четке кагып келген

Аймактык соттун Колумбия чөлкөмү боюнча соту Таня Чуткан атайын прокурор Жек Смиттин өтүнүчүн канааттандырып, жаңы шайланган президент Дональд Трамптын кылмыш ишин токтотту. Бул иш 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга аракет кылган деген негизде жүрүп жаткан эле.

"Сот прокуратуранын теришитрүүнү токтотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды",- деп жазылган Чуткандын билдирүүсүндө. Ал бул ишке жетекчилик кылып келе жаткан эле.

Смит бул иш Юстиция министрлигинин саясатынын негизинде токтотулушу керек болчу деген жүйөө келтирген. Ага ылайык, АКШнын кызматтык милдетин аткарып жаткан президентине карата сот тарабынан иликтөөгө, изине түшүүгө тыюу салынган.

"Юстиция министрлиги Конституция жоопкер кызматка киришкенге чейин бул иш токтотулушун талап кылат деген позицияны карманат",- деп белгиледи Смит. Ал айыптоо ишинин өзөгү өзгөргөн жок, бирок жагдай өзгөрдү деп тактоо киргизди.

Смит Трампка каршы эки иликтөөнү жетекчиликке алган эле. Биринчиси, ал 2020-жылдагы шайлоодо жеңилип калгандан кийин шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга далалат кылганбы деген маселе. Экинчиси, жашыруун документтер менен иштөөнүн эрежелерине байланышкан. Смит экинчи ишти дагы жабууну суранды.

Трамптын командасы муну "бул мыйзам үстөмдүгүнүн зор жеңиши" деп сыпаттады.

"Американын эли чоң айырмачылык, көпчүлүк менен Трампты кайрадан президент кылып шайлап алды. Алар ал кайрадан Американы гүлдөтсүн дешти. Американын калкы жана президент Трамп сот системасын саясий максатта пайдаланууга тезинен чекит коюп, биз биздин мамлекеттин биригүүсүн каалап жатабыз",- деди Трамптын өкүлү Стивен Чунг. Чунг Трамптын жаңы администрациясында коммуникация боюнча директор болуп калмакчы.

Трамп жакында кызматына киришет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп жакында кызматына киришет

Трамп президенттик кызматка киришээри менен Смитти бошотууну убада кылды. Жеткен маалыматтарга караганда, Смит кийинки жылы кызматтан кетүүгө камынууда.

Шайлоодо Трамптын жеңип чыгышы ага каршы козголгон бир нече кылмыш ишин арабөк абалда калтырды.

Нью-Йорк штатында кылмыш иши боюнча өкүм чыгаруу иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Трампка Жоржия штатындагы шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууга аракет кылган деген айып дагы тагылган. Ал иш дагы артка жылдырылды. Апелляциялык сот аймактык прокурор Фултон Фанинин бул ишке жалданган прокурор менен романтикалуу мамилесине карабай аны жалдоого уруксат бергени боюнча мурдагы токтомду жокко чыгарууну карайт.

Мурдагы федералдык прокурор Нимы Рахманинин сөзүнө караганда, Трамп президенттик шайлоону жеңип чыгаары менен "анын криминалдык проблемалары жок болуп кетти".

"Жалпыга белгилүү болгондой кызматта турган президент жоопкерчиликке тартылбайт",- деди ал.

Трамптын шайлоо алдындагы үгүтү да ойго келбеген иштер менен коштолду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын шайлоо алдындагы үгүтү да ойго келбеген иштер менен коштолду

Бул эмне болгон иш эле?

Буга чейин Колорадо штатынын Жогорку соту мурдагы президент Дональд Трампты 2024-жылдагы президенттик жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган. Сот АКШнын Конституциясындагы "козголоңго же көтөрүлүшкө" катышкан чиновниктерге мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салган пунктка таянуу менен чечим чыгарган эле.

2021-жылдын 6-январында Дональд Трамптын жактоочуларынын тобу анын атаандашы Жо Байден жеңгенин аныктаган президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, Капитолий дөңсөөсүндөгү Конгресстин имаратына бастырып кирген. Соттун чечими Трамптын ошол окуялардагы болжолдуу ролуна негизделген.

АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Капитолийге кирип баргандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Капитолийге кирип баргандар

Трамптын адвокаты Капитолийдеги баш аламандык козголоң катары баалана тургандай олуттуу болбогонун жана Трамптын ошол күнү Вашингтондогу тарапкерлерине айткан сөздөрү анын сөз эркиндикке болгон укугу менен корголгондугун ырастаганга аракет кылган. Адвокат соттордун Трампты бюллетенден чыгарууну талап кылууга укугу жок экенин жүйө келтиришкен эле.

Трамптын 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгуу аракетине байланышкан төрт кылмыш иши, анын ичинде бир федералдык жана Жоржия штатындагы бир кылмыш иши бар болчу.