"Түркиядагыдай күбүлүп түшүп калбасын". Бишкектеги үйлөрдүн сапатына санаркоо

Түркиядагы катуу жер титирөө болуп, кыйроолор жана курмандыктар болгондон кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты жөнүндө маселе кайра көтөрүлдү. Чоң шаарларда соңку жылдары жайнаган курулуштар кулач жайган менен алар жер титирөөгө канчалык туруштук берет деген суроо көпчүлүктүн көкүрөгүн оюп турган убак. Жогорку Кеңеште депутаттар Бишкек менен Оштогу башаламан курулуштарды мамлекеттик комиссия түзүп текшерүү керек деп жатышат.
Эки башка плита

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эң оболу, көп кыйроолорго жана курмандыктарга алып келген Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттүу таасири Кыргызсттанга уланып кетпейби деген суроо кыргызстандыктарды ойго салууда. Кыргыз УИАнын президенти, сейсмология институтунун директору Канат Абдракматов мындай тынчсызданууга негиз жок деп билдирди:
"Түркия башка тектоникалык плитада жайгашкан. Түркияга чейин үч миңден ашык километр аралык бар. Ошондуктан Түркияда болгон жер титирөө биздин жерге эч кандай таасир бере албайт. Биздин жайгашкан жерлерибиз эки башка тектоникалык плитада жайгашкан".
"Ар бир үйдү текшерели"

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Рихтердин шкаласы боюнча канча баллга чейин туруштук бере алат. Ушунун баарын изилдеш үчүн мен сунуш киргизем, бейрасмий адистер да кирип, коомчулукка корутунду чыгарып берсин, ар бир үйдү текшерип, ар бир канчалык кооптуу",-деди шаршембидеги жыйында депутат Медербек Алиев.
Жогорку Кеңеште курулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн мурда эле депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутат Марлен Маматалиев ошол депутатык комиссия ишин улантып, жаңы курулган үйлөрдүн жер титирөөгө чыдамдуулугун өзгөчө пункт менен киргизип, карап чыксын деген сунушун билдирди.
"Мына бизде Бишкекте үстү жагында тектоникалык жараңка бар. Совет маалында 700 метрге чейин таасир этет деп ал жерде эчтеке курулчу эмес. Акыркы курулган үйлөр 12-кичирайондо, подвалына чейин түшүп карап көрсөңүздөр болот, атайын сейсмикалык туруктуу резиналарды коюп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошонун негизинде курган элек. Бүгүн болсо эмне болуп атат. Түрктөрдөн үйрөнүп келген каркастык метод менен Түштүк магистралдын түндүк жагында микрорайондорду курган жатабыз. Мен сурадым эле архитектурадан. Технология барбы десем, архитектурадан арматураларды көбөйтүп бердик деген гана жооп болгон. Бүгүн аларды ким текшерди, технологиясын ким текшерип берди, туура болдубу, болгон жокпу?".
Парламентте курулуп жаткан үйлөрдүн сапатын текшерүүдө депутаттык комиссия менен чектелбей, мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө да сунуштар айтылды. Чоң шаарлардагы соңку 20 жылда курулган үйлөрдү инвентаризация кылуу, алардын баарынын сапатын текшерүү мааниси чоң иш болмокчу. Бирок чырлуу иштер депутаттардын ооз басырыгы менен да токтоп калмай шойком да бар. Ошондуктан бул ишке курулуштун эң мыкты эксперттерин кошо тартып, баарын коомчулукка ачык-айкын өткөрүү зарыл.

Сүрөттүн булагы, Social media
Мурдагыдай көзөмөл барбы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда орточо жана оор жер титирөөлөр качан болбосун болушу мүмкүн деп сейсмологдор эскертип жаткан чакта, депутаттар үйлөрдүн сапатын текшерүү керек деп жатканда, Бишкекте курулуш бизнеси соңку жылдары эч бейкапар дүркүрөп өнүгүп жаткан кези. Көп кабаттуу имараттар, үйлөр бир-эки жылда эле курулуп бүтүп пайдаланууга берилүүдө. Бишкектин чүйгүн жерине салынган көркөмдүү, бардык ыңгайлуулуктары менен салынган көп кабаттуу үйлөр жөнүндө жарнама жайнайт.
Бирок алардын сапатына дагы ошондой жайнаган суроо бар. Үйлөрдүн сейсмикалык эреже талаптарга салынып жатканына азыр депутаттар эле эмес, бул тармактын адистери өздөрү да көп ишенбейт.
“Илгеркидей контроль системасы жок, техникалык көзөмөл, автордук көзөмөл дегендер баары формалдуу болуп калды. Экинчиден, эксперименталдык изилдөөлөр болуш керек. Мурда эксперименттен өтмөйүнчө массалык курулушка уруксат берилчү эмес",-дейт Улугбек Бегалиев, жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын президенти.
Бишкекте жер титирөөгө туруктуу курулуштун ченемдерин, талаптарын иштеп чыккан институт бар. Бардык курулуштар ушул мекеме иштеп чыккан нормаларды сактоо менен бүткөрүлүшү керек.
Курулуш жүрүп жаткан маалда анын талапка ылайык курулуп жатканын мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти карайт. Анын директору Талант Иманакунов Би-Би-Сиге курулуштарга техникалык көзөмөл жүрүп жатканын, тынчсызданууга олуттуу себеп жок экенин айтууда:
"Монолиттик курулуш деп коебуз, ар бир бетон, ар бир арматура бири-бирине байлап туруп куюлат. Мисалы, Түркияда жет титирөөдө видеодон көрүнгөндөй, күлдөй эле куюлуп түшүп калбадыбы үйлөр. Андай болушу мүмкүн эмес бизде, алар качан кандай салынган үйлөр экенин айта албайбыз. Биздин монолиттик үйлөрдө бири-бирине чырмалышып салынгандан кийин андай кулап түшүп калат деген ойдон алыспыз. Себеби дегенде бизде көзөмөл жүргүзүп жаткан башкармалык бар, курулуш компанияларынын өздөрүнүн техникалык көзөмөлү, жогорку категориядагы прорабдары иштейт. Андан кийин автордук көзөмөл деген бар. Долбоордун автору салынып жаткан үйдүн эшик-терезеси, жарыгына чейин текшерип, кол коюп бергенден кийин үй колдонууга берилет".
Аталган мекеме бир жыл мурда курулуш агенттиги 59 ээнбаш курулуштун тизмесин жарыялаган болчу. Ал эми мекеменин жаңы отчетунда республика боюнча мыйзамсыз курулган 87 объект көрсөтүлгөн.
Алардын арасында сейсмикалык эреже-талаптарды аткарбай койгон ээнбаш курулуштар барбы деген сурообузга так жооп болгон жок. Кандай болгон күндө дагы эгер мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти бөгөт салып койсо эле ээнбаш курулуш токтоп калбайт экен. Мыйзам боюнча мамлекеттик көзөмөл органынын чечимин туура эмес деп талашып сотко кайрылганга жол бар. Ал эми сот органдарына Кыргызстанда "пулуң болсо кулуңмун" деген жаманатты сөз жабышып келатканына көп болду. Же болбосо, жогору жактагы күчтүүлөрдүн "өтүнүчүн" сот укпай коюшу өтө кыйын. Ошондуктан курулуш бизнесинде акча менен таасирлүү адамдар аралашкан учурда соттордун калыстыгы камгактай жеңил болуп учуп кетет дешет.
Жаңы конуштардагы жакырлардын үйлөрү

Бишкекти курчаган элүүгө жакын жаңы конуштар бар, андагы үйлөрдүн көбү убагында жакырчылыктан улам чаржайыт жана сапатсыз курулгандыктан, орточо жер титирөөгө туруштук бериши кыйын дейт адистер.
“Мына Бишкекте Түркияда болгондой кубаттуулукта жер титирөө болсо, биздин Бишкекте сегиз баллга жеткен силкинүүлөр болот. Ошондо жаңы конуштардагы үйлөр көпчүлүгү күбүлүп талкаланып калышы мүмкүн. Ал Чындык. Анан Бишкекте начар району бар, БЧКнын күңгөй жагында силкинүү тогуз балл болот. Ал жер аябай кооптуу. Эки-үч кабаттуу үйлөр деле талкаланып калышы мүмкүн”,-дейт Канат Абдракматов, КР УИАнын президенти, сейсмология институтунун президенти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда 2006-2008-жылдары удаасы менен Нарын, Ош аймактарында жер титирөөлөр катталып, жүздөгөн үйлөр кыйраган. Адистер, бул үйлөрдүн көпчүлүгү силкинүү күчүнүн жогору болгонунан эмес, курулуш сапаты начар болгонунан кыйраганын айтышат.
Депутаттар санааркагандай, эгер эрежеге туура келбеген курулуштар ачыкка чыкса, анда өкмөт да, эл да өткөн кырсыктардан сабак албаганы ашкере болот. (КС)












