Үйдү жылуулоо - башында чыгым, чындап келгенде үнөмдөө

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“МувГрин” коомдук уюму буга чейин иликтөө жүргүзүп, Бишкектеги жеке сектордогу жарандардын үйлөрүндө жылуулуктун 60-70% сыртка тешик, жылчык, оюктар аркылуу чыгып кетип, ал ашыкча энерго чыгымдарга алып келерин аныктаган.

Үйүн жылытам деп калаа тургундары көмүрдөн күчүн чыгарып, анын ышы барып абаны булгап, айтор кышкысын шаардыктарга барган сайын кыйын болуп бара жаткандай.

Ушул себептүү аталган уюм мэрияга жеке сектордогу үйлөрдү жылуулоо программасын сунуштаганы жатат. Би-Би-Си Кыргызстанда энергетиканы үнөмдөө жана ага умтулуу тажрыйбасы жайылып жатабы дегенге жооп издеди.

Бишкектик Кубан Шекеев энерго сарамжалдуу үй куруп жатат. Ал тууралуу төмөндө кенен сөз болот

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектик Кубан Шекеев энерго сарамжалдуу үй куруп жатат. Ал тууралуу төмөндө кенен сөз болот

Кубан Шекеев Бишкектин чыгыш тарабындагы Кырман конушунун тургуну. Соңку жылдары жер там салуу менен алек.

Ушу тапта турак жайынын фасадын травертин менен каптап, жылуулап жаткан кези.

Анын аянты 260 чарчы метр эки кабаттуу үйү энергияны үнөмдөө боюнча бардык техникалык талаптарга жооп бергидей болуп курулуп жатат.

"Жыл сайын там салбагандан кийин"

“Буйруса кийинки жылы үйгө кирип калсак, кышкысын от жагабыз да. Ошондо ага каражат үнөмдөө керек деген башкы ой болду бул жерде. Жылуулакта жоготуу болбосун деп чатырдан баштап, дубал, терезе, фундамент бүт барын жылууладык. Баарына көп эле акча кетти. Сыртын жылуулаганга базальт алдык, ошого көп чыгым болдук. Бирок жыл сайын там салбагандан кийин сапаттуу болсун деп үй-бүлөлүк чечим кабыл алдык”,- дейт Кубан.

Ал энергетикалык жактан сарамжалдуу үй куруп, аны крулуш стадиясында эле жылуулоо үчүн атайын долбоорлордун биринин инженерлеринен техникалык кеп-кеңеш алган. Кубан алардын сунушу боюнча үйүнө беш камералуу эки кабат айнек менен терезелерди койдуруптур.

Кубан

Сүрөттүн булагы, Social media

Кубан үйүнүн дубалдарын 5 см, ал эми чатырын 15 см минералдык кебез менен жылуулады.

Бул каржылык жактан чыгашалуу болуп жатса да Кубан жашыл технологияга жакын, электр энергиясына сарамжалдуу үй салып, Бишкектин ышына да кошумча түтүн чыгарбагыдай үй салам деген аракетине өзү ыраазы.

Буйруса ал кийинки жыл менен жаңы конушунун босогосун аттайм деп тилек кылууда.

Үй курууда көпчүлүк такыр маани бербеген каталар турак-жайды муздатып же тескерисинче жайкысын үп кылып кыйнайт. Бул үй ээси үчүн убара эле эмес, чыгым, табиятка зыян. Мисалы, турак жай ээлеринин бир аз эле бөлүгү үйүнүн пайдубалын жылуулук жана нымга карата изоляциялайт. Ал ыкма жасалбаган учурда кышкысын жердеги тоңдун муздагы фундамент аркылуу үйгө түз өтөт. Бул кышы бою муздаткычты төмөнкү чегине коюп, муздатканга эле барабар. Кышкысын андай муздак дембе-дем от жагууга же жылыткычты саюуга аргасыз кылат. Тилекке каршы муну көбү түшүнбөйт дешет адистер.

“Үйгө да кышкысын пальто, шуба керек”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда энергияны натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонуу боюнча эл арасында маалымдуулук аз экени айтылып келет. Бирок бул багыттагы компаниялардын биринин президенти Нурзат Абдырасулова соңку жылдары жергиликтүү эл үй куруп баштаганда эле аны жылуулаш керек экенин жакшы түшүнүп калды, дейт:

“Турак жайды куруп баштаганда эле өзүнүн финансылык кудурети жеткендей пландаш керек. Бизде “чоң үйлүү болсок”, “кошунаныкындай” же “кинодон көргөндөй эки этаж кылып үй салсак” деп кыялданышат. Бирок андай чоң үйдү куруп алгандан кийин аны толтуруу менен катар энергетикалык жактан жылытып же муздатыш дагы өтө кымбатка турат. Андыктан аны функционалдуу, чакан кылып курганга аракет кылыш керек. Үйдү салып жаткан учурда эле бардык этаптарды туура пландаш керек. Үйдү кышкысын сыртынан жылуулоо кышында биз пальто, шуба кийгендей эле маанилүү нерсе. Ал эми үй курулуп калган болсо, энергетикалык муктаждыгы белгилүү болсо, ал үйдү энергоаудиттен өткөзүп, адистер менен акылдашып жылуулаганга смета түзүп алып, анын ишке ашырса болот”.

Юнисон Групп компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юнисон Групп компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова

Эксперт үйдөгү микроклимат жаш балдар, аялдар жана улгайган адамдардын саламаттыгы үчүн өтө маанилүү экенин айтат.

Андыктын бул чыгымдуу болсо дагы, сапаттуу жашоонун атрибуту болгондуктан ага умтулуу зарылдыгын белгиледи. Бул экология үчүн дагы жоопкерчиликтүү кадамдардын бири.

"Базальт өрткө туруктуу"

Өлкөдө энергияны үнөмдөө маданиятын өнүктүрүү жана жогорулатууга ар кандай жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, анын ичинде банкттар дагы жардам берет.

Инженер Салават Соронбаев энергетикалык каатчылык шартында аны сарамжалдуу колдонуу боюнча элдин маалымдуулугун көтөрүү маанилүү дейт.

“Бүгүнкү күндө жеке кардарлардын кайрылуусунун карасак, көпчүлүгү өрткө каршы туруштук бере ала турган жылуулук материалдарын колдонууга аракет кылып жатышат. Базарда жылуулук үчүн көптөгөн материалдар бар, мисалы: пенопласт, пеноплекс. Бирок булар өрткө каршы туруштук бере албайт. Андыктан кардарлар азыр базальт плитасы өңдүү материалдар менен жылуулап жатышат. Анын баасы калыңдыгына жараша болот. 5 см бир базальт плитасы 550 сом болуп атат”,- деди Соронбаев.

Инженер Салават Соронбаев

Сүрөттүн булагы, Спутник Кыргызстан

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инженер Салават Соронбаев

Соронбаевдин айтымында, 100 чарчы метрлик жер тамдын сыртын жылуулоого кеминде 4-5 миң доллар каражат кетет.

Бишкекте батирде жашагандарга караганда жеке сектордогу тургундар үйлөрүн жылуулатууга көбүрөөк кызыкдар болору белгилүү болду.

Кыргызстанда ушу тапта турак жайларды жылуулоо үчүн базарда сунуштар көп. Мындай материалдарды сырттан алып келип сунуштаган NTECT компаниясынын адиси Аброр Сабиров кыргызстандык кардарлардын бул жааттагы тандоолорун учкай талдап берди.

“Кыргызстан эле эмес КМШ өлкөлөрүн алсак деле базарда алар көп алчу 4-5 материал бар. Алардын ичинен биз бүркүлчү пенополиуретан менен иштейбиз. Ага болгон баа чарчы метрине жараша 700 сомдон башталат. Бул суммага материал, ага кепилдик, жумушу да кирет. Бирок бизден тышкары рынокто башка да оюнчулар бар. Мисалы, алар базальтты сунушташат. Эко, минералдык кебез дегендер да бар. Алар базальттан арзан, себеби тыгыздуулугу анчейин”.

Сабиров соңку жылдары үй жылуулатууга буйрутмалар жылына 20-30% көбөйүп жатканын да айтып берди.