Кемпир-Абад: келишимдер ратификацияланды, алымча-кошумчалар эске алынабы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңеш өткөн аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашууну карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берди.

Бирок аны кабыл алуу канчалык мыйзамдуу болду деп юристтер анализ жасап, ал эми оппозициялык күчтөр аны жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотторго кайрыларын жарыялап жатышат.

Кемпир-Абад суу сактагычы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемпир-Абад суу сактагычы

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү, учурда тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков:

“Тилекке каршы, бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын берип тынды. Бирок биздин дагы да болсо бир жолубуз бар. Биз келечекте эл аралык сотко кайрылабыз. Эгерде биздин бийлик коррупицялашкан жана авторитардык бийлик боло турган болсо, анда бизде келишимди эл аралык сотко бергенге мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби, кечээ күнү мен парламенттен байкадым, коррупциялык жана авторитардык ыкманы пайдаланып ратификацияны өткөрдү. Бул бийлик тарабынан депутаттарга басым. Ошон үчүн биз келечекте Кемпир-Абадды алып калуу мүмкүнчүлүктөрүн карашыбыз керек”.

Жогорку Кеңеште чек ара боюнча макулдашууга 64, ал эми Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу мамлекет аралык макулдашууну колдоп 65 депутат добуш берди.

Анын алдында президент Садыр Жапаров чек ара келишмдери менен кыргыз бийлиги туура чечимдерди кабыл алып жатканын айткан.

"Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алып жатабыз".

Эл аралык келишимдер ратификацияланган кечээки жыйындын жүрүшүндө депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Адахан Мадумаров парламенттин регламентине ылайык, чек араны ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарылдыгын белгилешкен. Юстиция министри Аяз Баетов ошол эле жерден буга жооп кылып, "Конституциялык сот кайрылуу түшкөндө жана талаш жаралган учурда корутунду берет" деген болчу.

Айрым юристтер Жогорку Кеңештин регламентине байланыштуу бул укуктук коллизия тууралуу анализин беришти:

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юрист Таттыбүбү Эргешбаева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Эски регламенттин 68, ал эми жаңынын 65-беренесине таянганда Конституциялык соттун корутундусу керек экен. Бирок биз кечээ-бүгүн конституциялк соттун толук курамы менен сүйлөшүп көрдүк. Алар бул буга чейинки эл аралык кеишимдерге карата деле пайдаланылбай келген норма экенин айтышты. Конституциялык сотко бул үчүн кайрылуу керек. Ошон үчүн биз Юстиция министрлигинин дагы позициясын угуп, бул императивдүү норма деген бүтүмгө келдик. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин башка учурларда да иштеген эмес. Демек, регламентке өзгөртүүлөрдү киргизиш керек экен да”, - деп чечмелеп берди Би-Би-Сиге юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

Ал Кемпир-Абад маселесинин өңүтү саясатташып жатканын, бул жерде процедуралык бузуулар болгону анык экенин, бирок ратификация Конституцияга ылайык эмес жүргөнүн далилдөө оңой эместигин кошумчалады.

Көп өтпөй Конституциялык сот дагы кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна корутунду берилбеди деген сындарга жооп берди.

"Конституциялык сот демилгечи орган эмес, ошондуктан эл аралык макулдашуулардын долбооруна корутунду тийиштүү тарап макулдашуу Кыргызстандын Конституциялык мыйзамдарына туура келбесин негиздеп кайрылган учурда гана берилет. Чек ара маселелери боюнча эл аралык макулдашуу боюнча мурда эч кандай кайрылуу болгон эмес," - деп жазылган маалыматта.

Соттун бул жообу Баш мыйзамдын 26-беренеси менен "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга негизделгени айтылды.

Кемпир-Абаддагы суунун көлөмү жана форс-мажордук шарттар

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимине ылайык, Өзбекстан Кемпир-Абаддагы суунун деңгээлин 900-горизонталдан өткөрбөй кармап туруу милдетин алат. Мындай шартта суу сактагычтын жээгинен 1 миң 246 гектар Кыргызстан үчүн бошогону жатат.

“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча базалык келишимде 900-горизонталдан өтпөйбүз делет. Муну биздикилер чоң бир табылга катары жарыя салышып, тамактары бүткүчө кыйкырышкан. Бирок өзүнчө келишимде (ред.Кемпир-Абад боюнча) бул чектен өтүп кетишибиз мүмкүн дейт. Кандай учурда? Форс-мажордук, техногендик жаратылыштык жагдайларда дейт... 900 эмес 1000-горизонталга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип атат кыргыз тарап”, - деген эле келишимди сындап буга чейин депутат Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул маселени депутат Марлен Маматалиев да көтөрүп чыкты.

"Келишимде форс-мажор деген сөз болуп атат. Аны кийинкиге өзгөрткөнгө сунуш. Себеби, бул сөздү ар бир мамлекет ар башкача чечмелеши мүмкүн. Аны кашага аныктыгын да жазып койсок жакшы болмок. Бул беш-он жылдан кийин маселе жаратышы мүмкүн. Болбосо форс-мажорду үч башка түшүнүк менен алып карай берет. Мисалы, жаратылыш кырсыктары же эпидемия, айрым учурда согуш дегенди да кошуп коюшат. Ошондуктан жаратылыш катаклизми же эпидемия деп кашага жазып койсок туура болот эле".

Маматалиев ошондой эле Орто-Токой суу сактагы жайгашкан жер үчүн Өзбекстан кенемте төлөдү деп турат деп, бул тууралуу да маселе көтөрдү. Себеби буга чейин коомдук сайттарда аталган суу сактагычтын айрым жерлери коңшу өлкөгө өтүп жатканы тууралуу такталбаган маалыматтар тараган эле.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрым кыргыз жерлеринин Өзбекстанга өтүп кеткени боюнча айтылып жаткан сөздөрдү четке какты. Ал 2017-жылы түзүлгөн келишимде дагы, азыркы жаңы келишимдер менен дагы Орто-Токой Кыргызстандын карамагында каларын белгиледи.

Орто-Токой суу сактагычы

Сүрөттүн булагы, Barometr.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орто-Токой суу сактагычы

"Орто-Токой суу сактагычы берилген жок. Аны биз эки келишим менен коргодук. Анын плотинасы да, жери да Кыргызстанда болгон, ошол бойдон калды. Суу сактагычтын жери үчүн компенсацияга берилген аянт да бизге өттү. Ал үчүн Кыргызстан эч кандай милдеттенме алган жок", - деди Ташиев.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 14-ноябрда өзбек парламентинде сүйлөгөн убакта Наманган облусунда жайгашкан Касансай (Кыргызстанда Орто-Токой) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлерин, бирок суу сактагычты толугу менен Өзбекстан колдонорун айткан.

Ал ошондой эле Кыргызстанга ушу тапта Наманган облусунан жер сунушталып жатканын, анын кайсы бир бөлүгү талаштуу болуп келгенин жана ал аймакта азыр кыргыз жарандары жашап жатканын да айткан. Жергиликтүү журналисттер бул талаштуу аймак Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы экенин жазып жатышат.

Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча базалык келишимге ылайык, Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 миң 849 гектар, ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар, Баястан участогунан 212 гектар, Уңгар-Тоодон 35 гектар, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунан 100 гектар, Кара-Белестен 25 гектар, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абадда суунун көлөмүн 908ден 900-горизонталга түшүргөндө 1 миң 246 гектар, ошону менен жалпысынан 15 миң 572 гектар жер Кыргызстанга өткөнү жатат.

Жогорку Кеңеш ратификациясынан кийин эми келишимдерге эки өлкөнүн президенттери кол коет, андан кийин документтер күчүнө кирет.