Кемпир-Абад: утуш кимде?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өзбекстан менен чек ара макулдашуусун Жогорку Кеңеш эртең карап, президент Садыр Жапаров ага өзү барып катышары маалым болду.

Буга чейин парламенттин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек араны тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуусун карап жактырган.

Кемпир-Абад суу сактагычы кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймактардын таалу жерине айланды

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемпир-Абад суу сактагычы кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймактардын эң оор тилкеси болуп калды

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаңы келишимдин негизинде Кыргызстанга өтүп жаткан талаштуу жерлер жөнүндө деталдуу маалымат берди:

 “Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 миң 849 гектар, ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар, Баястан участогунан 212 гектар, Уңгар-Тоодон 35 гектар, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунан 100 гектар, Кара-Белестен 25 гектар, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абадда суунун көлөмүн 908ден 900-горизонталга түшүргөндө 1 миң 246 гектар, ошону менен жалпысынан 15 миң 572 гектар жерди Өзбекстандан алганга жетиштик”.

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимине ылайык, суу сактагычты Кыргызстан менен Өзбекстандан теңме-тең башкарат. Объектти жалпысынан 24 адам кирген биргелешкен комиссия көзөмөлдөйт. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин 900-горизонталдан өткөрбөй кармап туруу милдетин алат. Суу сактагычтын тегерегинде тосмолор, инженердик-техникалык курулуштар болбошу керек. Кыргыз жарандары үчүн суу сактагычка кирүүгө, мал сугарууга, балык уулоого эч кандай тоскоолдук болбойт.

Бирок депуттарда олуттуу башка суроолор пайда болду:

Чыңгыз Айдарбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемпир-Абад маселесинде депутат Чыңгыз Айдарбеков тармактык комитет төрагалыгынан кеткен

“Бизге башкаруу 50-50 болот жана бул чоң жетишкендик деп маалымат берилди эле. 2-беренеде өзбек тарап биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн өкүлдөрүнө суу сактагычтын гидротехникалык курулуштарына аты-жөнүн тастыктаган документти, паспортту көрсөтүп, текшерүүдөн өтүп кирүүсүн камсыздайт делет. Биз эмнеге ошондой кемсинтүү шарттары менен ошол объектиге киребиз? Эмнеге өзбек тарап бизге чектөөлөрдү коет?” - деп сурады депутат Чыңгыз Айдарбеков.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул суроого өкмөттүн өкүлү буга чейин суу сактагычка кыргыз тарап кире албай келгенин, уруксаты болбогонун, ал тургай сууну да көзөмөлдөгөнгө укуксуз болуп келгенин айтып жооп кылды. Жаңы келишим менен кыргыз тарапка көбүрөөк укук берилгени жатканы жүйө кылынды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков тараптардын жер айырбаштоо ыкмасына ынанбаганын, бул маселеге убактылуу мораторий жарыяланышы керек деген сунушун кайра көтөрдү. Кемпир-Абад суу сактагычын курууда өзбек тарап өзүнө алган милдеттенмелердин ичинен Кыргызстанга 271 километр канал казып берүү убадасын аткарбаганын эске салды.

Талкуунун жүрүшүндө делимитация тууралуу келишимдерде Кемпир-Абад эле эмес, Орто-Токой суу сактагычы жана Гавасай дарыясынын агымына байланыштуу кыргыз тарапка толтура милдеттенме жүктөлүп жатканына нааразылык айтылды.

“Биринчиси – Орто-Токой суу сактагычы боюнча, экинчиси – Кемпир-Абад тууралуу, учүнчүсү -Гавасай дарыясынын табигый агымына тоскоол боло турган гидротехника жана башка курулуштарды курбоого милдеттенме алып жатыппыз. Ошондой эле Гавасай дарыясынын суусун техникалык жактан булганышына жол бербөөгө да милдеттенме алып жатыппыз. Эмнеге? Дүйнө жүзүндө азыркы күндө эң баалуу ресурс бул суу. Биз сууну берип атабыз. Ошол үчүн өзбек тарап биз стратегиялык максатка жеттик деп айтып жатат”, - деди Айдарбеков.

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу чечимдер 2017-жылы эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кабыл алынганын жооп кылды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 14-ноябрда өзбек парламентинде сүйлөгөн убакта Наманган облусунда жайгашкан Касансай (Кыргызстанда Орто-Токой) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлерин, бирок суу сактагычты толугу менен Өзбекстан колдонорун айткан.

Ал ошондой эле Кыргызстанга ушу тапта Наманган облусунан жер сунушталып жатканын, анын кайсы бир бөлүгү талаштуу болуп келгенин жана ал аймакта азыр кыргыз жарандары жашап жатканын да айткан. Жергиликтүү журналисттер бул талаштуу аймак Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы экенин жазып жатышат.

Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов

“Кыргызстанга Наманган облусунан 477 гектар жерди кенемте үчүн берүү сунушталып жатат. Анын Чуст районундагы 105 гектар жери талаштуу Каракурган массивинде жайгашкан жана ал жерде Кыргызстандын жарандары жашайт. Андан сырткары демаркация жараяны маалында Кыргызстан 10 тилкеден берчү 429 гектар жердин ордуна Өзбекстандын аймактарынан 294 гектар жерге алмашуу макулдашылды", -деген Арипов.

14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы эки мамлекеттин чек ара боюнча макулдашуусун дароо үч окууда жактырды. Эми документ Сенатта каралат.

Кыргызстанда да тармактык комитет келишимдерди жактырып, эми ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Бирок аны парламент депутаттары басымдуу көпчүлүк менен колдоп берерине шек жок, дейт талдоочулар.

"Чөнтөк депутаттар"

Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча келишимди ратификациялоо үчүн 90 депутаттын алтымышынын добушу жетиштүү. Бул парламенттеги жалпы депутаттардын үчтөн экиси.

Бул маселе парламентте каралганда кандай чечим күтсө болорун активист Рыскүл Акимжанова коомдук сайттардагы өзүнүн баракчасында деп талдап берди:

 “Азыр бийликчил фракциялар: “Ата-Журт” (19); “Ишеним” (12); “Мекенчил” (14);”Ынтымак” (9) ; “Элдик” (13). Уже эле 67 мандат бар. Анын ичинен үч-төртү каршы добуш бериши мүмкүн. Бирок, ратификацияны алып өткөнгө жетет. Негизи парламентте депутаттардын саны канчалык көп болсо, орчундуу маселелерди чечүү ошончолук кыйынчылыкка турмак. Эми жалпы өлкөнүн тагдырын 60 чөнтөк депутат чечет. Албетте, аз сандагы кишини башкаруу оңой дечи, бекеринен депутаттардын санын кыскартышкан эмес да, бирок ушунун баарын эл түшүнбөй эле колдоп берип жатпайбы. Президенттин ар бир чыгарган чечими, өкмөттөгү ар бир кылынган иш, парламенттеги ар бир кабыл алынган мыйзам-бул элдин тандоосунун натыйжасы”.

Кыргызстан былтыр кайрадан президенттик башкарууга кайтып, жаңы Баш мыйзам менен Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан 90го кыскарган. Былтыр ноябрда өткөн шайлоодо Жогорку Кеңешке оппозициялык маанайдагы бир гана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өтүп, бийликке каршы күчтөр парламент сыртында калган эле.

“ Депутаттардын саны кыскарган сайын бийлик үчүн өз демилгелерин парламенттен өткөрүп алуу ошончолук оңоюрак болот. 150 же 120 депутат болгондо бийлик азыр ар бир депутаттын аркасынан чуркап, ошол пайызды түзгөнгө аракет кылат эле. Биз азыр көрүп атабыз, парламентке келген саясий партиялардын көбү бийликчил партиялар жана алар оңой эле көпчүлүктүн үчтөн экисин түзүп коюп атат”, -дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Ал тапта Кыргызстанда Өзбекстан менен болгон чек ара келишимдерине каршы чыгып, жапырт кармалган саясатчылар менен активисттердин соту уланууда. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованы эки айга камоо тууралуу биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырды.