Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медалын утту

Мунарбек Сейитбек уулу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мунарбек Сейитбек уулу

Финал, Париж олимпиадасы

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медалын утту.

Ал финалдык беттеште өзбекстандык спортчу Абдумалик Халоковго жеңилип калды. Абдумалик Азиянын учурдагы чемиону.

Ошентип 28 жаштагы Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы спортчу болуп калды.

Мунарбектин финалга жолу жеңил болгон жок. Ал өз тайпасында күчтүү атаандаштарга туш келип, баарын жеңди.

Кыргызстандын бокс федерациясынын түзүлгөнүнө быйыл 95 жыл толду. Бул ийгилик кылымга тете федерациянын тарыхындагы эң зор ийгилик.

Мунарбек универсалдуу мушкер

"Мунарбек мындай бир ыкма, бир сокку менен эле чектелбейт, токтобойт. Ал беттешке чыгаар замат ар бир атаандашын сезип, тез эле тамырын тартып, анын өзунө жараша тактика менен ар кандай чабуулга чеберчилиги жетет. Универсалдуу мушкер.

Бою кичинекей менен дистанцияда иштейт, узун менен жакыныраак барып, ар бир атаандашка ар кандай ыкмаларды үйрөткөнбүз, ошол ыкмаларды дароо колдонуп жатат",- деди Би-Би-Сиге мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев.

Кыргыз мушкери финалда беттешет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз мушкери финалда беттешет

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты.

Ал жарым финалда атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диазды 4:1 эсебинде жеңип алды. Мушкерлер 57 килограмм салмакта күч сынашты.

Мунарбек Сейитбек уулу олимп оюндарында бокс боюнча алтын медаль үчүн ат салышкан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.

Кыргызстандык мушкер биринчи беттешинде кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга чыккан. Андан кийин америкалык мушкер Жамал Харвини утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2024-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. Бир нече эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алган.

Машыктыруучусу Беганас Султанбаев: Мунарбек бир айда эле өзүн көрсөтүп койгон

"2004-жылы сентябрь айында залыма кирди. 7-8 жашынада агасы мага жетелеп келген. Кичичнекей бала, ошол кезде салмагы 22 кг болчу. Машыгууну баштадык, байкасам шыгы абдан күчтүү экен. Бир аз машыкканда эле өзүнөн эки жаш улуу балдар менен күч сынашып, алар менен бир деңгээлге чыгып кетти. Мунарбектин артыкчылыгы ал бир эле ыкма менен боксташа бербейт. Бойлуу атаандашына дароо башка тактика, жапалдаш бойлуусуна такыр башка тактиканы заматта тандап алат. Спортчу катары эн чоң артыкчылыгы өзүнө талапты абдан катуу коёт. Саат ондо укташ керек болсо, бүттү, ал ошону аткарат. Режимди абдан жакшы кармайт",- деди Би-Би-Сиге.