Бейөкмөт уюмдарды беймаза кылган долбоор кайрадан талкууда

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 2-ноябрда “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Оштогу Раим Матраимовду колдоо митинги, 2021

Сүрөттүн булагы, Хамидуло Узаков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оштогу Раим Матраимовду колдоо митинги, 2021

Президенттик администрация демилгелеп жаткан бул мыйзам долбоору менен бейөкмөт уюмдарынын ишмердигин текшерип-тескөөгө кенен жол ачылганы жатат.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул демилгенин артында Кремлдин кулагы көрүнүп жатат деп божомолдоодо.

Мыйзамда эмне айтылат?

Жаңы мыйзам кабыл алынса мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документтерди талап кыла алат. Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик кызматкерлерин жөнөтүп турат. Мындан тышкары каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот. Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчет берип турушу абзел болот.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарынын ишмердигин жөндөгөн биринчи мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери өлкөдө миңдеген бейөкмөт уюмдары ачылып, мамлекеттин колу жетпеген тармактарда элге укуктук, медиа сабаттуулук, жарандык активизм боюнча билим берип келишет. Буга чейин коммерциялык уюмдардын мамлекеттик каттоодон өтүшү милдеттүү эмес болчу, бирок эми алар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө каттоодон өтүшөт. Эрежеге баш ийбеген уюмдардын иши сотко өткөрүлөт.

Бейөкмөт уюмдарына көзөмөл эки башкы мамлекеттик орган Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан жүрөт.

“Чет өлкөлүк агент”

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракеттери 2015-жылдан башталат. Анда чет элдик тынчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийин 2020-жылы депутат Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап, президент Садыр Жапаров ага 2021-жылы июнда кол койгон.

Бирок андан кийин деле Жогорку Кеңеште бейөукмөт уюмдарынын маселеси депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп келди.

“Бейөкмөт уюмдарынын ичинен жүзгө жетпегени бар, мамлекеттин ичинде тынбай чыр, ызы-чуу салып, элдин тынчтыгын бузуп, мамлекеттин өнүгүшүнө таасир берип жаткан уюмдарды биз мыйзам менен ооздукташыбыз керек да. Экинчиден сөзсүз түрдө ал бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлүк агент менен макамды бериш керек”,- дейт депутат Надира Нарматова.

Президенттик администрациянын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан учуру жыйырмадан ашык саясатчы, жарандык активисттер кармалып, камакка алынып, Кемпир-Абад маселеси кызуу талкууланып, “Азаттык” үналгысынын сайты убактылуу бөгөттөлгөн маалга туш келди.

Күчтүү жарандык коом

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы жарандык коому күчтүү бирден бир мамлекет катары эл аралык коомчулукка маалым.

“Кыргызстандык 30 жылдык эгемендик тарыхында биз керек болсо жабык жайларга чейин кирип иштеп келдик. Түрмөлөрдөн бери кыдырып, акыйкат, мыйзамдуулук издеп келдик. Биз азыр да күчүбүздүн жетишинче аны талап кылабыз”, -деди Би-Би-Сиге “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

26-октябрда Москвада КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызмат жетекчилеринин жыйыны өтүп, анда чет элдик бейөкмөт уюмдарынын ишмердигине каршы биргеликте күрөшүү макулдашылганын Спутник жазып чыкты.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбооруна байланышкан соңку аракеттерден улам жарандык коомдун кээ бир өкүлдөрү Кремлдин караанын көрүп жатышат.

Кыргызстанда жарандык коом эгемендиктин алгачкы жылдарында бейөкмөт уюмдарга активдеше баштаган десе болот. 1990-жылдары донордук уюмдар пайда боло баштап, алардын колдоосунда биринчи жолу жарандык коом уюмдары түзүлө баштаган.

1991-1994 -жылдары жарандык коом калыптануусундагы биринчи этап болгон дешет. Бул убакыт аралагында абдан көп бейөкмөт уюмдары ачылып, бирок алардын узак мөөнөттүү стратегиялык программалары жок болуп, “гранттан грантка чейин” иш алып барып, донорлорунан абдан көз каранды болгону айтылып келет.

1995-2004-жылдары жарандык коомдун өнүгүшүнүн экинчи этабы болгон дешет. Бул убакыт аралыгында жарандык коом сандан сапатка өтө баштаган. Дагы бир өзгөчүлүгү - элетте бейөкмөттөр уюмдары активдеше баштаган. Жарандык коом ирилешип, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, Укук коргоо уюмдарынын желеси, Кризистик борборлорунун ассоциациясы, Кыргызстан юристтер ассоциациясы түзүлгөн.

2005-2011-жылдарды жарандык коом өнүүгүсүнүн үчүнчү этабы катары таанышат. Бул жылдары өлкөдөгү бейөкмөт уюмдары кыйла ирденип, өз долбоорлору менен гана чектелбестен, өлкөдөгү маанилүү коомдук жана саячий кызыкчылыктарды сүрөгөнгө жарап калышкан.

Учурда Кыргызстанда 17 миң коммерциялык эмес уюм бар, алардын активдүү иш алып баргандарынын саны 600-700 жетет.

Мамлекеттик каржылоо

Буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим берүү, илимий-изилдөө, социалдык, маданий-маалыматтык, укуктук жана улуттук каада-салттарды колдоого байланыштуу жарандык демилгелерди колдоо үчүн чакан гранттарга сынактарды жарыялоо демилгеси көтөргөн.

Бул үчүн өкмөт ар жыл сайын 100 млн. сомго чейин каражат бөлүп, гранттык сынактарды көз карандысыз комиссия аныктай турганы да айтылган эле.

Бирок өкмөттүн бул токтом долбооруна карата “Адилет” укуктук клиникасы корутунду чыгарып, анда бейөкмөт уюмдарды бийликке карата мамилесине жараша бөлүп-жаруу элементи бар экени көрсөтүлгөн.

Бирок андан бери кыргыз өкмөтү бейөкмөт уюмдарын каржылоону баштадыбы, расмий маалымат бериле элек.