Бейөкмөт уюмдардын каржылык отчету: "бизди жүдөтүп, өздөрү да жүдөп жатышат"

Төлөйкан Исмаилова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төлөйкан Исмаилова

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жаңы мыйзамга ылайык бейөкмөт уюмдары 1-апрелге чейин бир жылдык каржылык отчетун тапшырышы керек эле. Бирок быйыл бул өнөктүк Кыргызстанда үзгүлтүккө учураганы турат.

Министрлер кабинети бейөкмөт уюмдары үчүн жаңы отчет формасын 26-мартта жарыялады. Башкача айтканда отчет берүү мөөнөтү аяктарына бир жумадан аз убакыт калганда бекитти.

"47 бейөкмөт уюму министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып жатышат. Алар 1-апрелге чейин отчет бергенге жетише албай жатканын айтып, 1-майга чейин отчет берүү мөөнөтүн узартууну суранып жатышат. Биз, мисалы, отчетту бере беребиз. Региондогу бейөкмөт уюмдары түшүндүрүү иштери болбогонуна нааразы болуп жатышат",- деди Би-Би-Сиге “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр июлда эле кол койгон. Бирок кыргыз өкмөтү быйыл гана аны ишке ашыруу механизмдерине киришип, Акылбек Жапаров 22-мартта коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттары жана мүлкү жөнүндө маалымат формасын бекитүүнү токтом кылды.

 Салык кызматы мындай форма бекитилгенин 26-мартта расмий сайтына жарыялап, 1-апрелге чейин бейөкмөт уюмдарына киреше-чыгашасы тууралуу ачык маалымат илүүсүн эскертти.

Тийиштүү форма эки барактан турат жана аны толтуруу уюмдарга маселе жаратпайт, дейт Салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков:

«Себеби, булар жыл сайын эле декларация тапшырып жүрүшкөн. Салык төлөөчү катары отчет берип келишет. Эми ошону эле башка формага салат да, ачыкка чыгарат. Мурда алар бизге декларация тапшырганда, мыйзам чегинде биз аларды эч кимге көрсөтө алчу эмеспиз да. Бирок эми быйылтан тарта алардын акча каражаттары ачык маалымат катары сайтта жарыяланып турушу керек».

Отчет берүү мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда канча бейөкмөт уюму маалымат берип жетишти, тактоо мүмкүн болбоду:

 "Салык кызматынын алтымыш райондук бөлүмү бар. Алар ар аптанын соңунда жума сайын бизге отчет берип турушат. Биз 1-апрелден кийин гана бул тууралуу маалымат бере алабыз", -деди Сазыков.

форма

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейөкмөт уюмдары толтурчу форманын үлгүсү

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары буга чейин деле үч түрдүү - Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчет берип келишкен.

Эми алар мындан тышкары дагы бир отчет берүүгө милдеттендирилип жатышын бюрократиялык бут тосуу катары баалап жатышат.

 "Азыр бухгалтерлерибиз маалыматтын баарын тактап атат. Мен өзүм дагы ал форманы карап көрдүм. Ал жерде ар бир бейөкмөт уюмунун өкүлү Салык кызматына барып бир жылда канча акча тапты, кандай долбоорлорду канчага ишке ашырды маалымат берет экен. Аны дайым эле берип келгенбиз. Сыр болгон эмес. Формада бюрократиялык көп суроолор бар. Бул эми жүдөтүү да, бизди да жүдөтүп, өздөрү да жүдөп атат",- дейт укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

митинг

Сүрөттүн булагы, Хамидуло Узаков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейөкмөт уюмдарына каршы митинг. Ош, 28-февраль, 2021.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маалыматка караганда, буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар финансылык иши тууралуу эки жыл бою маалымат бербесе, Салык кызматы аркылуу сот анын ишмердигин токтотуп койчу. Жаңы мыйзамга ылайык, эми ал мөөнөт бир жылга чейин кыскарат.

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" талаштуу мыйзамга былтыр 7-июлда кол койгон. Документ жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган эле.

Бирок андай сындарга карабай, Жапаров Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын көбү ашыкча саясатташканын байкоого болот деп былтыр 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык кеңешмесинде билдирген.

"Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди ушул чөйрөдөн көрө алабыз. Ушуга байланыштуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга" быйыл Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү колдодум", -деген президент.

Ал бейөкмөт уюмдары бийлик менен өнөктөш катары иш алып баруусу керек деп, мамлекеттүүлүккө саясий коопсуздукка кедергисин тийгизген уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн да эскерткен.

Тийиштүү мыйзамдын демилгечиси Бактыбек Райымкулов:

"Бейөкмөт уюмдары жыл сайын маалымат берип турушса, тескерисинче, аларга өкмөт менен өнөктөшүп иштегенге шарт түзөт. Мына азыр өкмөт дагы НПОлорго акча бөлөбүз деп атат, бирок туура багытта алып барган андай уюмдарга гана. Жалаң эле батыштын терс көрүнүштөрүн алып келиш керекпи. Менталитетибизге туура эмес баалулуктарды алып келбесин деп сунушталган бул мыйзам. Мен аны 2019-жылдагы 8-марттагы марштан кийин сунуштагам".

марш

Сүрөттүн булагы, Social media

Мындан үч жыл мурун Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жүрүшкө чыгып, анда феминист, ЛГБТ өкүлдөрүнүн да ураандары орун алганы коомдо кызуу резонанс жараткан. Ал окуялардан кийин УКМК жетекчилиги Жогорку Кеңешке кайрылып, Россиядагыдай бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам кабыл алууну да сунуштаган эле.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократияны алдыга сүрөгөн күчтүү жарандык коому менен айырмаланат.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинде катталган бейөкмөт уюмдарынын саны 32 миңге чамалайт. Бирок алардын ичинен чындап активдүү иш жүргүзгөндөрү беш жүздүн тегерегинде гана. Анын үстүнө өлкөдө "бейөкмөт уюмдары" деген кеңири түшүнүк.

Коммерциялык эмес уюмдар дегенге ага мечиттер, медреселер, кайрымдуулук фонддору, саясий партиялар да кирет.

"Диний уюмдар, партиялар жыл сайын антип маалымат беришпейт. Алар өзүнчө отчет берип турушат. Бизде 32 миңдей бейөкмөт уюм бар болсо, анын 25 миңи эле ошентип маалымат берип турушат. Дагы бир нерсе, муну отчет эмес, маалымат берүү деп айтсаңар", -деди депутат Райымкулов.