Карасартова: "Cот дагы 25 кишинин убалына калгысы келбейт"

Сүрөттүн булагы, Social
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылды деп шектелип кармалгандардын абакта отургандарына бир жылдан ашты.
Эл оозунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган бул кылмыш иш боюнча айыпталуучулар сот эмдигиче алардын айыбын угузабай жатканына нааразы.
“Кемпир-Абад боюнча иш баштала элек. Жарым жыл болуп калды, ошондон бери алардын айыбы угузулбай жатат. Ушуга чейин болгону баш коргоо чарасын өзгөртүү сыяктуу жагдайлар гана каралып келди. Сот камактагылардын мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узартып койду”,- деди Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев.
Айыпталуучулар сотко катышпай жатат
Учурда сот отурумдары камактагылардын катышуусу жок өтүп жатат. Бул дагы ишти ого бетер создуктурууда дешет алар.
Учурда үй камагында отурган активист Рита Карасартова – бул адам укугун одоно бузгандык дейт. Камакта отурган киши ага байланыштуу чыгып жаткан чечимди билиши керек экенин айтат.
“Аларды отурумга алып келбегени чоң мыйзам бузуу. Бул – кыйноо. Бизге отурум алардын катышуусу жок каралсын деген кагазды дагы беришкен жок. Сот чечими менен чогуу аласыңар деп койду. Даттанууга дагы мүмкүнчүлүк беришпеди. Буга нааразы болгон Азимбек Бекназаров жакында эле адвокатын чакыртып алыптыр. Мындан улам отурум 3 жолу жылып кетти”,- деди ал.
Эгер айыпталуучу сот залында соттун тескөөсүнө баш ийбеген учурда залдан чыгарып жиберүүгө мыйзам жол берет. Муну айткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы айыпталуучулар 27-сентябрда өткөн отурумда бир нече жолу тартип бузушкандын жүйө келтирди.
“Кылмыш жаза кодексинин 307-беренесинин негизинде сот айыпталуучуларды соттук отурумдун залынан соттук териштирүү аяктаганга чейин чыгарып жиберүү жөнүндө токтом кабыл алды”,- деди басма сөз кызматы.
"Сот ачык өтсүн..."

Сүрөттүн булагы, Social
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тергөө тарабынан аталган ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отуруму жабык өтүп келет. Бирок буга айыпталуучулар макул эмес. Отурумдун жабык өтүп жатканына байланыштуу коомчулукта дагы бир-топ суроо жаралып жатат.
Рита Карасартованын айтымында, ошол күнү абакта отургандар отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн билдирген. Бирок сот канааттандырган эмес жана аларды отурумдан четтетип койгон.
“Бул тарыхта кала турган нерсе. Иште эч нерсе жок. Мүмкүн ошол сот дагы азырынча ушинтип убакыт өткөрүп турайын деп жатабы, билбейм. Улам жылдырып жатат. Мүмкүн саясий абалдын өзгөрүүсүн күтүп жатат. Ал деле 25 кишинин убалына калгысы келбейт да”,- деди Карасартова.
Үй камагында отурган дагы бир активист Перизат Суранова соттук отурумдун улам кийинкиге жылып жатышы ал үчүн дагы түшүнүксүз болуп татканын айтат.
“Биз сот отурумунун ачык болуусун гана суранып келдик. Ак экенибизди далилдегенге бизге дагы мүмкүнчүлүк берилиши керек. Иште эч кандай сыр сактай турган маалымат жок. Сотту жабык өткөрүүгө негиз жок. Отурум баштапкы процесстен жыла элек”,- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Social
Жапырт кармалгандар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы келишимге каршы чыгып, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетет деп бийликти сынга алышкан.
Алардын баардыгына “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Бийликти басып алууга даярдануу” деген эки негизги берене боюнча кылмыш иши козголгон. Айрымдары дагы башка беренелер боюнча айыпталууда.
Бул эгемен кыргыз саясатындагы эң чуулгандуу жана кармалган адамдардын саны боюнча эң резонанстуу иш болуп жатат.
Айыпталып жаткан 27 кишинин он бири абакта кармалууда, он төртү үй камагына чыгарылса, эки кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Алар Талантбек Эшалиев жана Орозайым Нарматова.












