Трампты ким токтотот? АКШнын дүйнө менен болгон соода согушунан тогуз сабак

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си
Дональд Трамп апрель айынын башында соода согушун жарыялап, бирок дароо үч айлык тыныгуу алып, сүйлөшүүлөргө убакыт берген. Эми берилген мөөнөтү аяктап, бажы төлөмдөрү аныкталды. 7-августтан тартып дүйнө жаңы реалдуулукта жашай баштайт. Дүйнөнүн эң кубаттуу экономикасы жана аскердик державасы болгон АКШ эми сооданы басым көрсөтүүчү курал катары колдонууда. Бул басым АКШнын атаандаштарына гана эмес, өнөктөштөрүнө, өз жарандарына жана ишкерлерине да багытталган.
Абал канчалык оор жана Трамп баштаган бул тарифтик согуштун биринчи айлампасынан кандай жыйынтыкка келсе болот?
Эксперттер жана илимпоздор көптөгөн тыянактарды чыгарып жатат, бирок башкы тогуз сабак төмөнкүлөр.
1. Трамп токтобойт
Трамп үчүн тариф басым көрсөтүүнүн куралы болуп калды. Ал экономикалык логикага карабай эле киргизип же алып салат. Экономисттер бул максатсыз тарифтик башаламандык деп эсептейт. Дал ошол башаламандыктын өзү максат болушу мүмкүн. Трамп каалаган убакта каалаган өлкөгө "тарифтик чектөөнү кое алат.
Анын Евробиримдик менен соңку "соода келишимин" мисалга тарталы. Евробиримдик — АКШнын эң ири соода өнөктөшү жана жакын союздашы.
Америка Европадан товарды сатканга караганда бир аз көбүрөөк сатып алат, бирок ЕБ көбүрөөк америкалык кызматтарды импорттойт, америкалык бизнеске инвестиция салат жана АКШ өкмөтүнө насыя берет. Башкача айтканда, мамилелер тең салмактуу.
Ошого карабастан, Трамп Европа өлкөлөрүнөн импорттолгон бардык товарларга 15% салык киргизди. Эмне үчүн?
"Ал жөн эле ошондой кылгысы келди. Кыязы, Трамп баарын жеңдим деп ойлоп жатат. Бул болсо соода согушун улантууга гана түртөт",- дейт экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, америкалык Пол Кругман.
2. Мурдагыдан оор, бирок андан да жаман болушу мүмкүн эле
Трамп 2-апрелде импортко жаңы тарифтерди жарыялаганда, дүйнө дароо реакция кылды. Инвесторлор Америкадан акчасын чыгара башташты. Доллардын курсу түшүп, АКШнын мамлекеттик облигацияларынын жана америкалык компаниялардын акцияларынын баасы ылдыйлады. Буга байланыштуу Трамп дароо убактылуу токтотуу киргизди.
Бирок тыныгуудан кийин алгач жарыяланган өтө жогорку тарифтер бир аз төмөндөдү — 40–50% эмес, 15–20% болуп бекитилди.
Ошентсе да бул абдан көп. Трамп экинчи мөөнөткө кайтып келгенге чейин орточо импорттук салык 3–4 пайыздан ашчу эмес. Эми бул көрсөткүч 17–18 пайызга чейин өсөт, деп эсептейт Йель университетинин алдындагы Бюджеттик лаборатория.
Бул — 1930-жылдардан бери киргизилген эң ири тарифтик тоскоолдуктар. Тарыхый салыштыруулар жакшылыкка алып келбейт. Ошол кезде соода жаңжалы АКШны Улуу депрессияга алып келип, дүйнө Экинчи дүйнөлүк согушка кириптер болгон.
3. Трамп баштаган соода согушунун негизги курмандыгы — АКШ өзү

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ипортко салык киргизүү өлкөнүн экономикасынын төмөндөшүнө алып келе турганын экономисттер мурда эле эскертишкен. Буга бир нече себеп бар.
Биринчиден, чет элдик товарларга баалар жогорулап, бул элдин жана бизнес өкүлдөрүнүн чыгымдарын көбөйтөт. Кесепетинен, адамдар да, ишкерлер да керектөөгө жана инвестицияга азыраак акча корото баштайт.
Йель университетинин окумуштууларынын эсептөөлөрүнө караганда, кыска мөөнөттө баалар 1,8% жогорулап, бул орто эсеп менен ар бир америкалык үй-бүлөгө жылына 2400 доллар зыян алып келет.
Экинчиден, соодадагы белгисиздик бизнестин кеңейүүсүнө тоскоол болот. Бул ансыз деле иш менен камсыздоого таасирин тийгизүүдө. Мисалы, мурда Америка экономикасы ай сайын 150–200 миң жумушчу ордун түзүп турса, соңку үч айда бул көрсөткүч 35 миңге чейин түшүп кетти. Бул тууралуу АКШнын Эмгек министрлигинин жума күнкү отчетунда айтылат.
Отчет жарыяланардан эки күн мурда статистика Кошмо Штаттарда экономикалык өсүштүн басаңдаганын муздаткычтар жана унаалар сыяктуу узак мөөнөттүү товарларга болгон баанын жогорулаганын көрсөткөн.
Эгер бул тенденциялар уланса, америкалык бюджет жаңы импорт салыктарынан түшчү кирешеден да көп жоготууга учурашы мүмкүн. Дал ушул кирешелер — бажы төлөмдөрүн жактагандардын негизги жүйөсү болчу. Ал чынында эле өсүп жатат.
4. АКШ бюджетинин кирешеси өстү. Бирок бул чоң өзгөрүү эмес
Мамлекеттик кирешенин өсүшүндө таң калаарлык эч нерсе жок. Тариф деген - бул салык, ал эми салыкты жогорулатуу кирешенин өсүшүнө алып келет.
Бирок булардын терс таасири да бар — жарандар менен ишканалардын кирешеси жана чыгашасы кыскарат, экономика жайлайт, жалпы салык чогултуу азаят. Бул тууралуу мурда айтылган.
Эми бажыдан түшкөн кирешеге токтолсок: расмий маалыматтарга ылайык, соңку алты айда бул кирешелер эки эсе өскөн, июнь айында төрт эсе көбөйүп, 27 миллиард долларга жеткен.
"Бирок АКШ сыяктуу чоң экономика үчүн бул 27 миллиард олуттуу өзгөрүү алып келбейт", — дейт Жо Байдендин администрациясынын мурдагы соода кызматкери жана азыр Карнеги фондунун эксперти Питер Харрел.
Бажы алымдары соода согушуна чейин мамлекеттик казынанын 2%ын түзсө, азыр бул көрсөткүч 5%ка чейин өстү,- деп жазды Reuters агенттиги.
5. Трамптан башка дээрлик баары тарифтерге каршы. Атүгүл мыйзам да
Бизнес коомчулугу эркин сооданы жигердүү колдойт, анткени АКШга импорттолгон товарлардын жарымы — бул чийки зат жана тетиктер. Алардан өлкө ичинде даяр продукция жасалат. Тарифтердин өсүшү чыгымдарды көбөйтүп, товарларды өлкө ичинде да, чет жакта да атаандаштыкка жөндөмсүз кылууда.
Трамп тарифтерди АКШ өндүрүшүн коргоо үчүн киргизүүдө. Бирок анын кесепети Аляскада же Монтанада өстүрүү мүмкүн болбогон банан, кофе жана башка тропикалык продукцияларга дагы тийүүдө.
Трампты токтотуу максатында ага каршы бир нече америкалык штаттар жана орто ишкер чөйрөсүнүн лоббисттери сотко кайрылышты. Биринчи инстанциядагы сот алардын пайдасына чечим чыгарды, бирок Трамп соңку чечим чыкканга чейин ишти токтото турууга жетишти.
Акыры, иш АКШнын Жогорку сотуна чейин жетет, ал жерде Трампка лоялдуу судьялар көпчүлүктү түзөт.
Анткен менен АКШда Трамптын тарифтери мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн дегендин өзү эле, соода өнөктөштөрүнө сүйлөшүүдө ишеним жана чечкиндүүлүк берип жатат.
6. "Трамптын келишимдери убактылуу, айткан сандары — ишенимсиз"
Трамп 90 күндүк тыныгуу маалында 90 өлкө менен 90 соода келишимин түзөбүз деп убада берген. Бирок жыйынтыгында болгону он чакты соода өнөктөшү менен бир нече "келишимге" кол койду. Бирок ал келишимдердин мазмуну бүдөмүк, Ак үй салтанаттуу жарыялаган сандар эксперттер арасында суроолорду жаратууда.
Мисалы, Европа Биримдиги менен "келишим" түзгөндөн кийин Трамп Европа кийинки үч жылда АКШдан 750 миллиард долларга энергия ресурстарын сатып алат деп жар салган. Бул жылына 250 миллиард дегенди билдирет.
Азырынча Европа Биримдиги АКШдан эң көп дегенде жылына 150 миллиард долларлык энергия сатып алат. Бул сумманы 250 миллиардга жеткирүү – дүйнөлүк энергия базарында тектоникалык кыйроолорсуз элестетүү мүмкүн эмес.
Бул жалгыз көйгөй эмес. Евробиримдиктин аткаминерлери сатып алууну көбөйтүүгө милдеттеме алды, бирок алар европалык ишканаларга мунай менен газды кайдан сатып алуу керектигин айта алышпайт. Мындай чечимди ишкерлер өздөрү кабыл алат.
Эң башкысы – Трамп эртең эле оюн өзгөртүп, бир нерсеге таарынып, өзүнүн жакында түзгөн келишимин өзү жокко чыгарып салышы мүмкүн.
Анын буга чейин да жаңы жеңилдиктерге жетүү үчүн Мексика, Канада, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр менен болгон эркин соода келишимдерин бузганы бар. Кызыгы, алардын айрымдарын буга чейинки президенттик мөөнөтүндө өзү түзгөн.
7. Тарифтер Трамптын бийлигин бекемдейт

Сүрөттүн булагы, EPA
Импортко болгон салыктан америкалыктар жабыркайт, бирок ал Трамптын бийлигин бекемдейт. Салык ага башка өлкөлөргө басым кылууга курал болуп берүүдө. Бул саясат эл менен ишкерлердин акчасын алып, Трамптын жана борбордук өкмөттүн карамагына өткөрөт.
"Тариф – бул сатуудан алынуучу салык. Ал жакыр катмардын реалдуу кирешесин болжол менен 1,5% кыскартат. Ошол эле учурда башка салыктарды азайтуу бай америкалыктардын кирешесин көбөйтөт",- деди Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман.
Жаңы салыктарды керектөөчүлөр менен бизнес төлөйт. Мындан улам алардын колунда акча азаят, ал эми Трамп башында турган өкмөттүн карамагында көбөйөт. Андан соң Трамп бул чогулган долларларды кимге, кантип бөлүштүрөрүн өзү чечет.
АКШ президентин колдогон конгрессмендер бул механизмди мыйзамдаштырууга чейин барышты. Ага ылайык, импорттук салыктан жапа чеккен жарандарга – ошол эле өздөрү төлөгөн салыктын эсебинен – Трамптын атынан чек түрүндө "компенсация" жиберилмекчи.
Жеке сектордон мамлекеттик секторго акча которуудан тышкары, тарифтер Трампка бийлигин бекемдөө үчүн дагы бир потенциалдуу рычаг болуп бере алат.
Азыркы система боюнча президент өзү каалаган өлкөгө тариф киргизет же тескерисинче "индульгенция", башкача айтканда, жеңилдик берет.
Бул ишке ашып жатканы бүдөмүк маселе. Американын Bloomberg маалымат агенттиги эсептеп чыккандай, бүгүнкү күнгө чейин Трамп 1 триллион доллардан ашуун суммадагы жеңилдик берген.
Алардан эң чоң пайда көргөндөр — Кытайдын Lenovo, Түштүк Кореянын Samsung компаниялары, мунай-газ, биткоин өндүрүүчүлөр жана фармацевттер болуп чыкты.
8. Европа алсыз көрүнүүдө. Путинди күнөөлү
Европа өз товарлары үчүн салыштырмалуу жеңил болгон 15% импорттук тарифти камсыздай алды. Бирок бул үчүн Трамп менен тирешүүгө барбай, мурунтан даярдалган "соода базукасынан" баш тартты. Анткени АКШнын жардамы Европа үчүн Путин башкарган Орусиянын агрессиясынан коргонууда өтө маанилүү.
"Европа чоң жеңилдиктерге барган жок, бирок баргандай түр көрсөттү жана жооп кайтаруудан баш тартты. Чынында буга толук укугу бар болчу, анткени АКШ мурдагы бардык келишимдерди бузган",- деди Нобель лауреаты Кругман.
Ал кошумчалагандай, Европа Биримдиги акыры алсыз көрүнүп калды, бул болсо азыркыдай олуттуу маселелер, айрыкча Украинаны колдоо жагынан алганда, жакшы көрүнүш эмес.
9. Кытай күчтүү көрүнүүдө. Анткени Трамп ошентип чечти
Кытай болсо, тескерисинче, Трамп менен болгон соода согушунан утуп чыкты. АКШ президенти алгач тарифтик согушту дал ушул Кытайга — негизги экономикалык жана аскерий атаандашына каршы баштаган. Бирок акыры башка мамлекеттерге, анын ичинде жакын союздаштарына ооп кетип, Кытай менен тирешүүгө августтун ортосуна чейин тыныгуу жарыялады.
Бул тыныгуу дагы бир нече айга созула тургандай көрүнөт. Анткени Трамп күзүндө Кытай лидери Си Цзиньпин менен жеке жолугушууну үмүт кылууда.
"Менимче, бул саммитте Трамп баарын таң калтырып, Кытай менен достуктун жаңы доору башталганын жарыялайт", - деп жазды Гарвард университетинин Орусия жана Кытай боюнча адиси, профессор Грэм Эллисон.
"Трамп өзүнүн тарыхтагы орду жөнүндө ойлонуп жатканын эске алсак, Кытай менен келишим түзүп, шартталган Pax Pacifica башталса, ал АКШ президентинин улуу тынчтык орнотуучу катары тарыхта калуусуна мүмкүнчүлүк берет",- деп кошумчалады ал.












