Аскар Акаевдин доору аяктаганына 20 жыл. Ошондогу үмүт жана убадалар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскар Акаевдин бийликтен кулатылганына жыйырма жыл толду. Ошол кездеги парламенттик шайлоодон кийин күчөгөн нааразылык акыры 2005-жылдын 24-мартында бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Жаалданган эл үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жана шайлоодогу бурмалоолорго каршы бириккен эле. Акаевдин ордуна келген Курманбек Бакиев дагы тоодой убадаларды берген болчу. Бирок элдин ошол үмүтү акталдыбы? Кыргызстан соңку жыйырма жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөргө жетишти?
Би-Би-Си ушул суроо менен талдоочуларга, саясатчыларга кайрылып, пикирин укту.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Турат Акимов, журналист, саясий аналитик:
Аскар Акаев кеткенден кийин элдин мүдөөсү аткарылган жок. Эл бийликти көзөмөлдөй албай калды. Маселен, Түштүк Корея мамлекети сыяктуу Кыргызстандын мурдагы президенттери камалышы керек эле. Баарынын артында толгон-токой саясий кылмыштар бар. Арасынан Алмазбек Атамбаев гана отуруп чыкты, калгандары жоопко тартылбай калды. Ошол эле Акаев Аксы окуясы боюнча жоопкерчилик алган жок. Каркыра, Үзөңгү-Кууш боюнча текшерүү жүргүзүлүшү керек болчу. Алгачкы президентти Садыр Жапаров өзү эле актап койду. Эгер биз адилеттүү, мыйзамдуу мамлекет болгондо, иши сотто каралмак. Аугусто Пиночетти мисалга алалы. Ал 93 жашка чыкканга чейин майып болуп коляскада отурса дагы сотко келип катышып жүрдү. Бизде андай жок да. "Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" болуп чоңдор жүрө берет. Мыйзам кара тамандарга гана иштейт экен. Бакиевдин окуясы деле ошондой болду. Ошондуктан, мындан жыйырма жыл болгон элдик толкундоо мүдөөсүнө жеткен жок. Акаевден калган байлыкты Бакиевдин, Максимдин тегерек-четиндегилер талап кетти. Кара таман эл эч кандай өзгөрүүнү байкай элек. Эч кандай тарыхый сабак алынган жок. Саясий баа берилген жок. Элдин күйүтү ичинде калды.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жолборс Жоробеков, саясий илимдердин доктору, профессор, экс-депутат:
Кыргызстан өзүнүн эгемендик мезгилинде бир топ сыноолорду башынан өткөрдү. Алгач бул Акаевдин башкаруусунан башталды. Эгер ал бийликти баса отурбай өз ыктыяры менен бошотуп бергенде, жакшы кадыр-барк менен кетмек. Мен ошол учурда депутат болчумун. Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын депутаттары менен жолукканда, алар Акаевге суктанчу. "Кандай гана интелектуалдуу президентиңер бар" деп макташчу. Бирок анын саясий карьерасы башкача аяктады. Ошентип, Акаев кеткенден кийин анын ордуна ким болот деген маселе жаралды. Саясий аренада көп баскычтан өткөн киши катары Бакиев татыктуу талапкер катары көрүндү. Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, анын алгачкы саясаты жакшы башталган. Бирок кийинчерээк туугандарын бийликке алып келгени элдин көңүлүн иренжитти. Кесепетинен кайра эле элдик толкундоо болуп, бийлик күч менен кулатылды. Көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылды. Убактылуу өкмөттү эске албаганда, андан кийин Атамбаев бийликке келди. Анын башкаруусу учурунда дагы жоосунсуз жоруктар менен коштолгон учурлар болду. Андан соң, Атамбаевдин саясатын улантам деген максат менен Сооронбай Жээнбеков президент болду. Айтор Кыргызстанда бийлик алмашуулар максатына жеткен жок. Баары баш-аламан болуп кетти. Элге анча деле көп нерсе керек эмес болчу. Азыркы бийлик тууралуу айта турган болсок, салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде бир топ өзгөрүүлөрдү жасай алды. Коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу иштер жүрүп жатат. Шаарлар жана аймактар өнүгүү жолуна түштү. Социалдык-экономикалык абал жакшырууда. Ошондой эле, канча жылдан бери чечилбей келген Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесине чекит коюлууда.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Өмүрбек Суваналиев саясий жана коомдук ишмер:
2005-жылдын 24-мартында кыргыз эли авторитардык башкарууга каршы чыгып, көтөрүлгөн. Андан бери 20 жыл өттү. Бирок учурда биздин бийлик кайра эле авторитардык режимге багыт алды. Эл аралык рейтингдерде дагы көрсөткүчтөрүбүз түштү. Демократияга умтулган өлкө президенттик башкарууга багыт алды. 2005-жылдын 24-марты Кыргызстандын президенттерине чоң сабак болушу керек эле. Бирок андай болгон жок. Улам келген президент төңкөрүштүн жыйынтыгы менен кетип жатты. Коррупция, уюшкан кылмыштуулук күч алды. Көмүскө экономика өстү. Жыйырма жылдан бери, чынын айтканда, чоң деле өзгөрүү байкай алган жокмун.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат:
2005-жылдын 24-мартына чейинки убакытты алып карай турган болсок, Кыргызстан бир топ ийгиликке жеткенин элдин баары билет. Аны танууга мүмкүн эмес. Кыргызстандын саясий, укуктук, конституциялык системасы калыптанды. Өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болду, улуттук валютасын киргизди. Экономика да көтөрүлө баштаган. БУУга мүчө башка өлкөлөр арасында тааныла баштадык. Экосистема маселелери көтөрүлүп, дүйнөлүк мааниге ээ Тоо жылы өттү. Суу ресурстарын пайдалануу боюнча бир топ иштер аткарылды. Кыйын мезгилде Кыргызстан чачырап кетпей, эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын сактап кала алды. Сактап гана тим болбостон, бир топ демократиялык институттар түптөлдү жана алар бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Албетте, кемчиликтер да болгон, аларга көз жумуп коюу мүмкүн эмес. 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны ар ким ар кандай атап жүрөт. Жоогазын революциясы дейбизби же мамлекеттик төңкөрүш дейбизби, айтор, бийлик алмашты. Мамлекеттик саясий система чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду, улам бийлик алмашып жатты. Бирок элдин акылмандыгы, көрөгөчтүгү менен көп улуттук баалуулуктар сакталып калды. Акырындап өнүгүп-өнсүп келе жатабыз. Элдин турмушу жакшырууда. Албетте, өнүгүү дагы жаңы келген башкаруучулардын ишине жараша болот. Ошого жараша элдин аң-сезими да өзгөрүүгө дуушар болду. Жыйынтыктап айтканда, кайсы бир деңгээлде бул толкундоолордо элдин көксөөсү орундалды.

Сүрөттүн булагы, Official
Ишенбай Кадырбеков, саясий жана коомдук ишмер:
2005-жылдын 24-марты Кыргызстан үчүн оң да, терс да таасирин тийгизди. Биринчи кезекте, бул окуя бийликке келчү адамдар үчүн чоң сабак болду. Эл менен эсептешпей башкаруунун акыры эмне менен аяктай турганын көрсөтүп койду. Бирок терс жагы да болду. Сабак албагандар кайра эле мурунку каталарды кайталады. Кыргызстанда төңкөрүш көнүмүш адатка айланып кетти. Айрымдарда күч менен бийликти алмаштырса болот экен деген түшүнүк калыптанды. Мунун кесепетинен кайра эле төңкөрүштөр болуп жатты. Бирок бул окуяларды өлкөнүн өнүгүп-өсүүсү менен түздөн-түз байланыштырууга болбойт. Анткени өзгөрүүлөр – бул табигый жана эволюциялык көрүнүш, ал саясий окуяларга көз карандысыз түрдө да жүрө берет. Бирок революциялар коомдун өнүгүүсүн тездетип же тескерисинче артка тартуусу мүмкүн. Улам-улам болгон толкундоолор 2005-жылдагы революция өз максатына жетпегенин ачык көрсөттү. Бирок азыркы бийлик мындан сабак алып, элдин ой-пикири менен эсептешүүнү үйрөндү деп ойлойм.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-жылы Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион адамды түзүп, ички дүң өндүрүм 100,9 миллиард сом болгон. 2024-жылы калктын саны 7 миллиондон ашып, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 1,5 триллион сомдон ашкан.
2005-жылдын 24-мартындагы саясий өзгөрүүлөр боюнча окумуштуулар арасында дагы бир кылка пикир жок. Айрымдары аны революция деп атаса, дагы бирлери төңкөрүш деп келет. Убакыттын өтүшү менен бул окуяларга абдан кылдат баа берилип, ийне-жибине чейин изилдениши керек дешет тарыхчылар. (VO)











