Лондондогу алтын соодасы: “Кыргызалтын” мүчөлүктөн чыгарылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лондондогу алтын соодасын көзөмөлдөгөн уюм Кыргызстанда өндүрүлгөн металлдын шаардагы базарга кирүүсүнө бөгөт койду. Муну менен алтынга көз каранды болгон өлкөнүн экономикасына сокку урулду деп жазат The Wall Street Journal.
Лондондогу баалуу металлдар базар бирикмесинен (LBMA) жума күнү билдиришкендей, алар Кыргызстандын мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасын өзүнүн алтын иштетүүчүлөр тизмесинен чыгарган.
Тизме Лондондун алтын базарындагы стандарттарды белгилейт. Ал дүйнөдөгү эң чоң базарлардын бири жана эл аралык эталон болуп эсептелет. Сатуучулар жана расмийлер билдиргендей, бул чечим “Кыргызалтынды” Швейцария жана Нью Йорктогу алтын борборлорунан четтетиши ыктымал.
LBMAнын мындай кадамына StoneX Group Inc. соода фирмасынын Лондондогу бөлүмүнүн айыптоосу себеп болгон. Фирманын жүйөсүнө караганда, Кыргызстандын алтын иштетүүчүсү жарым тонна алтын куймасын жеткирген эмес. Ошондой эле, кыргыз тарап Канаданын Centerra Gold компаниясына таандык болгон болжолдуу $29 миллионду бурмалап кеткен.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, “Кыргызалтын” айыптоолорду четке кагууда.
StoneX уюмунун өкүлү LBMAнын чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Эл аралык алтын базарда Кыргызстандын бөгөттөлүшү өлкө кирешесинин негизги булагынан кол жуушун жана пандемиянын кесепетинен жаралган экономикалык кырдаалдан чыгышын жайлатарын билдирет.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, алтын экспорту Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 9% түзөт. Аталган банктын божомолу боюнча, экономика быйыл 3,8% өсүп, пандемияга чейинки абалына 2023-жылы кайтып келет. 2020-жылы пандемияда экономика 8,6% төмөндөп кеткен болчу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Centerra “Кумтөрдү” көзөмөлдөө боюнча кыргыз өкмөтү менен талашка түшкөн. Садыр Жапаров президенттикке шайланып келгенден кийин май айында алтын кенине сырттан башкаруу киргизилген эле.
Андан кийин Centerra “Кумтөр” боюнча операцияларын Нью-Йоркто коргоого алган.
LBMA “Кыргызалтынды” бекитилген тизмеден чыгаргандын ордуна, аны менен иш алып барууну токтотту. Себеби, бийлик ага карата койгон айыптоолорун далилдей алган жок, дейт бул ишти жакшы билген адам.
Анын айтымында, эгер “Кыргызалтын” муну да жүзөгө ашыра албаса, анда ал талаптарга жооп берүү тизмесинен чыгарылып, беш жыл кайра тизмеге киргизилбейт.
Ал эми Лондон базарына буга чейин киргизилген кыргыз алтыны сатыла берет.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, “Кыргызалтын” мындай чечимге каршы жана кайрадан мурунку макамын калыбына келтирүү ниетинде. Лондондо сатуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылса да, Кыргызстан алтынын Кытай, Индия жана Жакынкы Чыгышта сата алары айтылууда.
Соодагерлер, эгер кыргыз алтыны Лондондо таанылбаса, эл аралык базарда ал арзан бааланарын эскертип жатышат.
Кыргыз өкмөтү быйыл майда Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, анын мөөнөтү 17-августта аяктаган. Министрлер кабинети кенди тескөө дагы узартыларын жарыялаган эле.
Мурдараак Centerra Gold кыргыз тарап диалогго келбей жатканын билдирип, маселе сот аркылуу гана чечилерин маалымдаган.












