"Центерра Голд" Тенгиз Бөлтүрүктү сотко берди

Кумтөр

Сүрөттүн булагы, www.centerragold.com

"Центерра Голд" компаниясы (Centerra Gold Inc.) кыргыз бийлиги "Кумтөр Голд" компаниясына тыштан башкаруучу кылып дайындаган Тенгиз Бөлтүрүктү сотко бергенин жарыялады.

"Центерра Голд" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк фидуциардык жана купуялык милдеттерин аткарбай, башкача айтканда компанияга карата этикалык жана ишеним милдеттерин бузду деп доо коюп, Онтарио сотуна кайрылды.

"Центерра" ошол эле учурда "Кыргызалтын" ишканасынын соңку учурдагы аракеттерин, анын ичинде Бөлтүрүк мырзанын ишин дагы териштирип жатканын кабарлады. Расмий маалыматта Бөлтүрүк мырза директорлор кеңешинен чыгып кетүүнүн алдында кыргыз өкмөтү менен "Кумтөр Голд" компаниясын көзөмөлгө алуу маселесин талкуулап жатып, бирок бул маалыматты "Центеррага" билдирбей койгон деп айтылат.

"Центерранын" билдирүүсүндө ошондой эле кыргыз өкмөтү тыштан башкаруучу киргизер алдында, 12-майда "Кыргызалтын" ишканасында 29 миллион долларды белгисиз банкка которуу аракети болгону, ага убагында бөгөт коюлганы айтылат. Банк эсеби "Кумтөр Голд" компаниясынын атына ачылган.

Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк

"Кыргыз расмийлери жана Бөлтүрүк мырза айлана чөйрө жана коопсуздук абалына байланыштуу негизсиз доо коюп, көптөн бери иштеп келаткан инвестициялык келишимди жана мыйзамдарды бузушту",-дейт "Центерранын" башчысы Скотт Перри.

Кыргыз бийлиги "Кумтөргө" сырттан башкаруучу дайындап, андагы ишти өзүнүн көзөмөлүнө алган эле. "Кумтөрдү" текшерип жаткан мамлекеттик комиссия алтын кенинде жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасалганын билдирген.

Жаңы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк өз кезегинде "Кумтөрдүн" бардык банктык эсептери тоңдурулганын белгилеп, финансылык жана өндүрүштүк проблемаларды чечүү аракетин көрүп жатканын айтууда.