"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү эки чет элдик компанияны жалдады

Сүрөттүн булагы, ANDREW CABALLERO-REYNOLDS
Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен эл аралык арбитражда соттошуу үчүн америкалык жана канадалык компанияны жалдап жатканын билдирүүдө. "Центерра" кыргыз өкмөтүн ортодогу келишимди бузду деп эл аралык арбитражга бергенин кабарлаган. Эми "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян жана төлөнбөгөн салыктар жөнүндө эл аралык сотто катуу кармаш турат.
Кыргыз өкмөтү кайсы компанияларды жалдап жатканы ачык айтылбай жатат, бирок алар менен алгачкы сүйлөшүүлөр болуп, акысы бир жарым миллион АКШ доллары суммасында бычылганы жөнүндө ишенимдүү булактар билдирүүдө.
Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте болгон басма сөз жыйынында "Кумтөргө" жаңы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк учкай айта кетти.
"Центерра менен болгон чырды чечиш үчүн Кыргызстан АКШ жана Канададагы юристтер менен кеңешип жатабыз. Биз Кыргыз өкмөтү менен "Кыргызалтын" көп жабыр тартпаш үчүн адекваттуу чараларды көрөбүз. Биз "Центерранын" алдында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонго даярбыз. Аларга мамлекеттик комиссиянын корутундусун көрсөтүп, бардык дообузду түшүндүрөбүз",-деди Тенгиз Бөлтүрүк.
"Центерра" Кыргыз өкмөтүн инвестициялык келишимдерди бузду деп айыптап жатканда, Кыргыз өкмөтү анын өзүн "Кумтөрдөгү" миллиарддаган экологиялык жана экономикалык зыян үчүн жооп берсин деп 4 миллиард АКШ долларынан ашык суммада доо коюуда. Биринчи кезекте "Кумтөрдө" мөңгүлөрдүн талкаланышы, канадалык компаниянын көп жеңилдиктерди мыйзамсыз алып, салыктан качып келгени жөнүндө болуп жатат. Анын ишин текшерген мамлекеттик комиссия мурдакы кыргыз өкмөтүнүн башчылары "Центеррага" адвокат болуп келген деп билдирди.
"Мыйзам, экология боюнча милдеттенмелерин аткарган эмес деген бүтүмгө келдик. Фактыларыбыз бар. Кайсы жерде, кайсы тилде болбосун биз ошонун баарын аныктаганга даярбыз. Комиссиялар түзүлөт. Фактыларды таап чыгышат, ошону ишке ашыргандын ордуна саясий жетекчиликтер мурда кайсы бир деңгээлде сүйлөшүүлөргө барган. Ошентип кайсы бир деңгээлде салык, айып пул маселесинде аларды коргоп келишкен. Эгер алар айып пулду моюнуна алса анда биздин мыйзамдарды бузганын моюна алмак да. Аларды коргоп, ар кандай фонддорду түзө берген. Кенди иштеткенден тарта биздин президенттер, өкмөт башчылар ошого кол койгон. Такай кыргыз элинин кызыкчылыгына караганда алардыкын көбүрөөк коргогон. Мунун баары жөн эле бекер болгон эмес. Биз ушуларды изилдеп чыккыла деп Башкы прокуратурага өтүнүч жөнөттүк",-деген эле мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз өкмөтү эки күн мурда эле "Кумтөр" кенине сырттан башкаруучу дайындап, андагы ишти өзүнүн көзөмөлүнө алган. Жаңы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" бардык банктык эсептери тоңдурулганын белгилеп, финансылык жана өндүрүштүк проблемаларды чечүү аракетин көрүп жатканын билдирди.
"Биздин алдыбызда турган эң башкы максат, кендеги ишти стабилдештирүү. Бул үчүн биз автоматташкан башкаруу системасын тезинен киргизишибиз керек. 15-майда Кумтөр голд компания кенде дистанциялык түрдө Кумтөрдүн иштешин камсыз кылган бардык программаларга кызматкерлердин кире турган жолун жаап койгон. Биз бул Канададан "Центерранын" жетекчилиги тарабынан жасалган иш деп айтууга негиз бар".
Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, Кумтөр кениндеги жана анын "Учкун" концерниндеги кеңсесиндеги компьютерлерде эч кандай маалымат жок болуп чыккан. Ошондуктан жаңы башкаруучунун алдында кенди өндүрүштүк, финансылык жактан башкарууну камсыз кылуу боюнча толтура иш турат. Анын баарына акча керек. Ошондуктан "Кумтөрдүн" алтынын Кыргызстандын Улуттук банкы сатып ала турган болууда, акча маселеси ошентип чечилүүдө.
Ошону менен катар кенде экологиялык мыйзам бузууларды жоюунун үстүндө иштер башталышы керек. Биринчи кезекте өндүрүштүк таштандыларды мөңгүлөрдүн үстүнө төккөндү токтотуу керек. Бирок бул ишти жасаш үчүн бир жарым-эки жыл керек деп жатышат. Ошондой эле Лысый мөңгүсүнүн таза суусун өндүрүштүк максатка колдонуу дагы токтотулмакчы.










