Кумтөр: "Центерранын" мындан аркы кадамы кандай болот?
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Centerra Gold Inc” компаниясы кыргыз өкмөтүнө (жаңы аталышы министрлер кабинети) коюлган арбитраждык териштирүүдө дагы башка кошумча доо талаптарын койгонун жарыялады.
Буга кошумча, “Centerra Gold Inc” компаниясы өзүнүн ири акционери болгон “Кыргызалтын” акционердик коомуна дагы “Кумтөр” кенин мыйзамсыз экспроприация (каратып алганы) кылып алган деген доосун койду.
Арбитраж тууралуу жаңыртылган кабарламада, “ “Кыргызалтын” кенди башкарууну көзөмөлгө алуу максатында “сырттан башкарууну” киргизүү шылтоосуна жамынып, кыргыз бийлиги менен тымызын бүтүмгө барган” деп белгилеген. Ошондой эле кендин учурдагы жетекчилиги “Кумтөр” кенин жана “Centerra Gold Inc” компаниясындагы үлүшүн башкарууда өкмөттүн көрсөтмөсү менен иш алып барып жатат деп жазган.
Буга улай эле “Centerra Gold Inc” компаниясы Кыргызстандын өкмөтүн жана “Кыргызалтын” АКсын координацияланып жүргүзүлгөн өнөктүктүн негизинде келтирилген бардык чыгымдар жана кесепеттер үчүн жоопко тартканга аракет кылары белгиленет.
“Компания кыргыз өкмөтүнүн жана “Кыргызалтын” АКсын кенди улутташтыруу же укуктук бузуулар менен коштолгон буйруктарына каршы турат”,- деп жазылган маалыматта.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талаштын учкай таржымалы
Буга чейин Кыргызстандын соту Кумтөрдө өндүрүштүк таштандылар мөңгүнүн үстүнө төгүлгөнүн экологиялык зыян, чоң мыйзам бузуу деп эсептеп, "Центерра" компаниясынан 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарган.
Ошондон кийин кыргыз өкмөтү кенге убактылуу сырттан башкаруу киргизип, сырттан башкаруучу кылып Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Канадалык менеджмент кенден чыгып кеткен.
Жакында эле “Centerra Gold Inc” компаниясы чечилбей турган маселе жок экенин айтып, кендеги жумушчуларга кат жолдогон эле.
Тектеш макалалар:












