“Өл-ө-ө коррупция”: Коррупцияга каршы күрөштөн жылыш барбы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

9-декабрь Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү.

Соңку мамлекеттик сурамжылоолор Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук оргоо органдары жана сот системасы эң коррупциялашкан тармактар катары кала берип жатканын көрсөттү.

Коррупцияга каршы күрөш эгемен Кыргызстандын бардык президенттеринин негизги убадаларынын бири болуп келди.

Президент Садыр Жапаров дагы жемкорлукту жоюу анын башкы милдети экенин айтып келет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров: бюджеттик каражаттарды сол чөнтөккө сологондорду тороп жатабыз

“Ар кандай коррупциялык схемаларды түзүп алып, мамлекеттик, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келебиз. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирилген зыяндын орун толтуруу иштери уланууда”,- деди президент Элдик Курултайда.

Кыргызстанда коррупция жедеп тамырлап, коомдун бардык тармагын чырмап алганы курултайда даана ашкереленди. Делегаттар жер-жерлердеги коррупциянын масштабы боюнча президентке ачык арызданып алышты. Делегат Абдыкерим Бекмурзаев аксакалдын “өлл-ө-ө коррупция” деп айтканы эл арасында лакап сөзгө да айланып кетти.

Башкы прокуратура коррупцияга байланышкан кылмыш иштеринен казынага 7,5 миллиард сом, анын 2,5 миллиарддын нак акчалай өндүрүлгөнүн билдирүүдө.

Президент өзү “Кабар” маалымат агентигине апрелде берген маегинде мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүнөн 11 миллиард сомдон ашык каражат түшкөнүн айткан.

2020-жылдагы Октябрь революциясынан кийин келген бийликтин тушунда мурунку жана азыркы бир катар министрлер, жетекчилер ар кандай кылмыштарга шектелип кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп абактан чыгып жатышат. УКМК 2022-жылы алардын саны 30га чукулдаганын билдирди.

Мындай “кустуруу” саясатын сындагандар да, колдогондор да бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Быйылкы жылдын башкы саясий окуяларынын бири - “Кумтөр” улутташтырылды, бирок аны менен ишканага карата коррупциялык дооматтар жоюлуп кеткен жок. Тескерисинче, алтын каякка экспорттолуп жатканы тууралуу суроолор чыкты. Буга чейин 19,2 тонна алтын кайда сатылганы жана анын кимге таандык экени белгисиз болуп жатканы жөнүндө журналисттик иликтөөлөр да жарыяланган. Бирок президент шек саноолорду кескин четке кагып, Курултайда алтындар Улуттук банктын алтын-валюталык резервинде экенин жооп кылды.

Ошентсе да “Kумтөрдөгү” мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк камалып, соту уланып жаткан кези.

Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк индексте соңку жылы жыйырма орунга артка кетти. Transparency International уюмунун былтыркы жыл үчүн баяндамасында өлкө 124-орундан 144-орунга түшүп калды.

Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай жатышы жана башка нерселер себеп болду. Тизмедеги өлкөлөрдүн 86 пайызында соңку он жылдыкта жемкорлукка каршы эч кандай жылыш болбой жатканы да бул баяндама баса белгиленет.

Ал тапта Кыргызстанда быйыл президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы стратегиянын долбоорун иштеп чыкты. Анын демилгечилери 2024-жылга карата Кыргызстанды Transparency International уюмунун рейтингинде 94-орунга көтөрүүнү көздөөдө.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова

Аталган кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова паракорчулуктун деңгээлин аныктоо максатында уюштурулган жаңы сурамжылоонун жыйынтыгы менен биринчи Би-Би-Сиге бөлүштү:

“Жакында эле өлкөнүн ичиндеги коррупциянын деңгээлин аныктоо үчүн сурамжылоо уюштурдук. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук оргоо органдары жана сот системасы эң коррупциялашкан тармактар экени аныкталды. Чоң пайыздык көрсөткүчтөр ушул төрт тармакка туура келди. Респонддентер көп добушун беришиптир. Сурамжылоого 2 миң 348 киши катышты”.

Муканова Кыргызстанда коррупциянын системалык жана мажбурланган түрү жайылган, дейт.

“Мажбурланган коррупция жокчулуктан келип чыгат. Алган эмгек акысы аз болсо чыгат. Мектеп, бала бакча жетишпесе дагы ушундай коррупцияга жол берилет. Мисалы, быйыл бир жылдын ичинде президенттин демилгеси менен Бишкекте эле 15 мектеп, 1 бала бакча мектеп салынды, аймактарда да ачылып жатат. Бюжетте иштегендердин айлыктары көбөйдү. Муну менен коррупциялык тобокелчилик жана мотивация жокко чыгып жатат”.

Деген менен коррупциялык күрөштө быйыл Кыргызстан канчалык алдыга жылды, жаңы жылдан кийин гана белгилүү болот. Transparency International уюмунун рейтинги жыл сайын январда жаңыланат. Бирок ага чейин эле Кыргызстандагы эксперттер жемкорлукка каршы өлкөдөгү аракеттерге альтернативдик өз баасын берип жатышат:

Алмаз Атай уулу, Коррупцияны жана арам акчаны адалдаштыруу көйгөйлөрүн иликтөөчү Борбор Азиялык институттун адиси

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Атай уулу, Коррупцияны жана арам акчаны адалдаштыруу көйгөйлөрүн иликтөөчү Борбор Азиялык институттун адиси

“Быйыл мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу боюнча абал начарлады. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынып, тендери жок сатып алууларга уруксат берилди. Маалыматка болгон жеткиликтүүлүк боюнча да маселе бар. Башкы прокуратура, мисалы, быйыл биздин айрым суроолорго жооп берген жок. Дагы чоң коррупциялык тобокелчиликти шарттаган "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору демилгеленип жатат. Ал өтүп кетсе, жемкорлор бюджетке 1 миллион сом төлөп эле, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткени жатат. Дагы бир маанилүү нерсе, мурда мамлекеттик кызматка кабыл аларда, мурда коррупцияга айыптуу деп табылган адамдар кайра кызматка алынчу эмес. Азыр андай "кара тизме" жоюлуп жатыптыр”, - деди Би-Би-Сиге Коррупцияны жана арам акчаны адалдаштыруу көйгөйлөрүн иликтөөчү адиси Алмаз Атай уулу.

Коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттердин да ролун өзгөчө белгилеп коюу керек. Temirov LIVE, MediaHub, Политклиника өңдүү ММКлар жана Ыдырыс Исаков баштаган блогерлер өлкөдөгү бийликтин бийик сересинде отуруп алып, кызмат ордунан пайдаланып, жең ичинен ичип-жегендер тууралуу байма-бай иликтөөлөрүн жарыялап келет.

Бирок азырынча коррупциялык күрөштө ал журналисттердин аракети коррупцияга каршы күрөштө бийлик үчүн жардам катары кабыл алынып жатабы же жокпу деген маселе турат. Өзгөчө УКМК төрагасы Камчыбек “Ташиевдин жакындары кантип мунай магнаттарына айланып жатат” деп иликтөө жасап, бирок жакында эле жарандыгын байланыштуу өлкөдөн сүрүп чыгарылган журналисттин окуясы көпчүлүктү ойго салды. Ташиев өзү андай иликтөө чыгары менен, анын үй-бүлөсүнө карата дооматтарды четке кагып, басма сөз жыйынын да курган. Ал тургай сөз болуп жактан иликтөөдө айтылгандарды кескин четке кагып, журналисттердин жоон тобун ошол жерге алып барып, тур уюштурган эле.