“Кумтөр” чыры: Теңиз Бөлтүрүк эмнени ачыктагысы келет?

Бишкектин Октябрь райондук соту Теңиз Бөлтүрүктү эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Ал 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атап, бардык айыптоолорду калп жана абсурд деди.

"Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”, - деди Бөлтүрүк.

“Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн кармалышы талкуунун чордонунда.

Теңиз Бөлтүрүк - президент Садыр Жапаровдун эң ишенимдүү адамдарынын бири эле. Анын кармалышы сыртка сатылган алтындын отчету боюнча маселе коомдо кайра-кайра көтөрүлүп жаткан маалга туш келди.

Теңиз Бөлтүрүк

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Теңиз Бөлтүрүк

Жарандык активист Наристе Калчаев мындан он күн мурун “Кумтөрдүн” мурунку тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушканын Би-Би-Сиге билдирди.

Ал жолугушууда Теңиз Бөлтүрүк ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан кысым болуп жатканын айткан экен.

“Бөлтүрүккө карата иш козголордон он күн мурун аны менен кезигип чыккам. Ал өзү мага “Акылбек Үсөнбекович тарабынан мага карата бут тосуулар болуп жатат. Өкмөт мени жаманатты кылгысы келгендей таасир калтырууда. Мен алтын өндүрүшү, аны камсыздоо боюнча дагы маалыматтарды баарын ачыктаганга даярмын. Бирок өкмөт мага кысым кылып, андай кылуудан токтотуп жатат” деген. Демек, бул жерде саясий мотив болду. Теңиз Бөлтүрүк ошол эле Зулушев (ред. Башкы прокурор), Ташиевдин (УКМК төрагасы), ошол эле Акылбек Жапаровдун (ред. Министрлер кабинетинин төрагасы) сунуштарын уккан эмес. Алар кандай сунуштар болгон. Өздөрүнүн жакындарын же фирмаларынын кызмат көрсөтүү сунуштарын четке кагып келген. Түздөн түз президент менен иштешкен, ага гана отчет берген. Ал Ак үйдөгү ордо оюндарынын курмандыгы болуп калды”,- дейт Калчаев.

Соңку айда "Кумтөр" эле эмес, "Кыргызалтындын" дагы жетекчилиги толук алмашты, ал эми өкмөттүн алтын экспорту боюнча отчету улам артка жылууда. Ал арада ири алтын кенине байланыштуу кармап-камоолор орун алып, анын себептери катары экономикалык кылмыш эле эмес, саясий мотивдер да аталууда.

Акылбек Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал арада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыктын” журналистине Теңиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу учкай комментарий берди.

“Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нуркожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз”,- деди төрага.

Эсеп палатасы “Кумтөр” ишканасындагы финансылык мыйзам бузууларды аныктап, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганын бүтүм кылган. Башкы прокуратура ошонун негизинде үч кылмыш ишин козгоп, мамлекетке келген зыяндын көлөмүн миллиард сом деп жарыя кылды.

23-августта "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген эле. 13-сентябрда Башкы прокуратура Теңиз Бөлтүрүк жана компаниянын жабдуу боюнча адиси, каржы башкармалыгынын директору кармалганын билдирди.

Ошол эле убакта алтын жаңжалына көз салып жаткан талдоочулардын баамында, чынында азыр бир миллиард сом эмес, эки миллиард долларга жакын акчанын эсеби боюнча сөз болууда. Айрымдар Теңиз Бөлтүрүктүн кармалышы коомчулуктун көңүлүн сыртка сатылган алтындын отчетунан алаксытуу аракети болушу мүмкүн дешет.

“Булардын расмий маалыматы боюнча Улуттук банк 19 тонна, “Кыргызалтын” 12 тонна алтын сатканы айтылат. Андан түшкөн жалпы акча 1 миллиард 800 миллион доллар болгон. Азыр Бөлтүрүк 1 миллиард сомго байланыштуу кармалып жатат, бирок бөрүлөрү ошол 1 миллиард 800 миллион долларга жооп бериши керек. Ал акча кандай сарпталды, дегеле алтында кайда барып, канчадан сатышты?”, - деди саясат талдоочу Айданбек Акматбек уулу.

Кыргызстанда алтындын айланасындагы ызы-чуу азыр кайнап турган убак.

Саналуу күн мурун президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын куйманы кармап турган чулгандуу сүрөтү тараган. Президент өз кезегинде "андан трагедия" кылыштын кереги жок" деп жооп берген менен, анын артында баары бир жаманаттысы калды.

Соңку интервьюсунда Садыр Жапаров "Кумтөр" кени Кыргызстанга кайтарылып жатканда Бөлтүрүккө “Кумтөр” боюнча толук ишеним артып, эч кимди укпоого көрсөтмө бергенин да айткан.

"Теңиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген", - деп президент Садыр Жапаров оозун жыйгыча эле Теңиз Бөлтүрүктүн кармалышы коомдогу кезектеги талаш-талкууларга жем таштады.

Соңку кезде Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосундагы мамиленин салкындап бара жатканы тууралуу сөздөр көбүрөөк айтыла баштады:

“Айрым бир имиштер бар, Башкы прокурор кызматынан алынып, анын ордуна азыркы парламент спикери барат деген имиштер жүрүп жатат. Эгер андай имиш сөздөр чындыкка жакын келе турган болсо, анда Зулушев колундагы акыркы көзүрлөрүн чаап, президенттин айланасындагы адамдарды чабышка өттү”, -дейт саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу.

Башкы прокуратура 13-сентябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоп, бирок министр Башкы прокурор ага жеке кызыкчылыгынан улам иш козгоп жатканын билдирүүдө.

Айданбек Акмат уулу

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айданбек Акмат уулу

Ири алтын кени Кыргызстанга өтүп, кенге сырттан башкаруу киргизилген соңку бир жылда канча көлөмдө алтын өндүрүлүп, ал кайсы өлкөлөргө экспорт болуп жатканы тууралуу кыргыз бийлиги отчет бере элек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште жакында кыргыз өкмөтү "Кумтөр" боюнча өзүнчө баяндама жасарын убадалаган. Айрым парламент депутаттары сыртка баш-аягы канча алтын сатылганы жана ал канчага соодаланганы тууралуу так маалымат талап кылууда.

“Кумтөр” боюнча өкмөттүн купуя саясатын сындап, буга чейин өлкөдөгү Бириккен оппозициялык кыймыл "Кумтөргө" байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылып чыккан.