Жаңы Конституция: Кыргызстан президенттик башкаруу жолуна кайтууда

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир убакта эле Конституциянын жаңы долбооруна жалпы элдик добуш берүү болду. Референдумга шайлоочулардын 37% катышып, алардын дээрлик 80% жакыны жаңы Конституцияны колдоп добуш беришти. Жаңы Конституция боюнча өлкөдө президенттик башкаруу орнойт, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны кыскарат, аларды шайлоо системасы өзгөрөт.
Референдумда Конституциянын жаңы долбоорун колдогондор сексен пайызга жакындады, башкаруу модели жөнүндө январдагы референдумда да так ушундай эле жыйынтык болгон. Демек, бул өлкөдөгү саясий маанайдын дээрлик өзгөрбөгөнүн көрсөтөт.

Ошол эле убакта шайлоочулардын активдүүлүгү дагы эле төмөн болду. Алты жарым миллион калкы бар, анын ичинен тизмедеги үч миллиондон ашык шайлоочусунун үчтөн бири гана добуш берүүгө катышты.
"Системалуу өзгөрүүлөр"
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өткөн жылдын октябрында бийлик алмашкандан бери талаш-талкуу жүрүп келди. Долбоор Жогорку Кеңештин атынан талкууга коюлуп, анын үстүнөн Конституциялык кеңешме иштеди.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
"Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары өз жолубузду тандоону, журтубузда жоопкерчилик менен тартиптин орношун талап кылды. Ал окуялар — тарыхыбыздагы эң ыплас, таза эмес шайлоонун натыйжасы. Бийлик элдин үнүн уккан жок. Бийликтин ушундай жоопкерчиликсиздигинен, адилетсиздигинен, өзүм билемдигинен тажаган эл системалуу өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылды. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхында элге биринчи жолу өлкөнүн башкаруу формасын тандоо укугу берилди. Сиздерге белгилүү болгондой, 10-январда кыргыз эли өз жолун тандап, президенттик башкарууну колдоду. Ушундан улам, Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы бышып жетилди",-деп билдирди президент Садыр Жапаров референдумдун алдындагы кайрылуу сөзүндө.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору мыйзамдык жоболорду одоно бузулуу менен кабыл алынып жатат деген өзүнчө көп сын туш-туштан айтылып турду. Ар жекшемби сайын Бишкекте каршы маанайдагы активисттер мыйзамдуулукту талап кылып, жүрүшкө чыгып жатышты. Жаңы долбоорго Венеция комиссиясынын корутундусу дагы жакшы болгон жок.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP VIA GETTY IMAGES
Жеке жоопкерчилик
Жаңы баш мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин эки тизгин, бир чылбыры президенттин колунда болот, ал мамлекет эле башчысы эмес, өкмөттү да өзү башкарат. Мунун менен эми кризис болгон сайын мурунку президенттердей өкмөттү садага чаба бербей, президент өзү жоопкерчиликти алат деп ишенип жатышат. Президенттиктин мөөнөтү алты жылдан беш жылга түштү, бирок бир адамга эки мөөнөт иштегенге уруксат. Президентке импичмент жарыялоо мурункудай татаалдашты, азыркыдай баш прокурордун корутундусу жетишсиз, буга кошумча Конституциялык соттун корутундусу дагы керек. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги азыркыдай көпчүлүк эмес, үчтөн экиден кем эмес бөлүгү макул болуш керек. Так ушул себептүү жаңы баш мыйзам ханституция бийлигин орнотот деп сындап жатышат.
"Алардын ою мындай болуп жатат: кудай буюрса баары жакшы болот, жакшы депутаттар келет, президент диктатор болбойт. Бирок мындай Конституция иштебейт. Биз билишибиз керек, кандай гана президент болбосун, бийликти узурпация кылгысы келет. Азыр көп бийлик президентке берилип калып жатат, тең салмактуулук жок. Парламентте мыйзам чыгаруу бийлиги калды, анын ичинде мыйзамды демилгелөө субъектилеринин ичинен парламенттен башка президент, Элдик курултай, Башкы прокуратура жана Жогорку Сот болуп калды. Элестетип көргүлө, парламенттин колунда жалгыз гана мыйзам чыгаруу калса, аны дагы алар толук колдоно албайт, өзүнүн күн тартибин дагы көзөмөлгө ала албайт",-дейт долбоорго эң көп сын айткан конституция боюнча адис Сания Токтогазиева.
Президент Садыр Жапаров өзү баш болуп, Кыргызстанда эч качан диктатуралык бийлик болбойт деп катуу убадасын берип жатат.
Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны дагы 120 дан токсонго кыскарат, ошону менен катар аларды шайлоо тартиби да өзгөрдү, депутаттар азыркыдай партиялык тизме менен гана эмес, бир мандаттуу округдардан дагы шайланат.
Ошентип, 2010-жылы кан төгүлүп, бийлик алмашкан окуялардан кийин бир адамдын диктатуралык башкаруусунан кутулдук деп, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыя кылып келген Кыргызстан он жылдан кийин кескин бурулуш жасап, президенттик башкаруу жолуна кайтууда. Ушул убакыт ичинде партиялык-парламенттик башкаруудан элдин көнүлү калды, ишеними кетти дешет. Андан көрө күчтүү бир адам башкарып, баарына өзү жооп берсин деген бүтүмгө келишти. Бирок бул кайрадан отуз жыл артка кайтууга барабар деп экинчи жагында экс-президент Отунбаева башка болгон саясий күчтөр эскертип турат. (КС)









