Йемендеги саясий киши өлтүрүүлөрдү БАЭ жалдаган баш кесерлер аткарган

Сүрөттүн булагы, Jack Garland/BBC
- Author, Наваль аль-Магафи
- Role, Би-Би-Си Араб кызматынын иликтөөчү журналисти
Би-Би-Синин иликтөөсү көрсөткөндөй, Бириккен Араб Эмираттары АКШдан жеке менчик аскер компаниясын жалдап, Йемендеги саясий максаттагы адам өлтүрүү кылмыштарын каржылап келатат. Бул кыянат иш Кызыл деңизде каракчылык кылып жаткан куралдуу топтор менен Йемендин өкмөтүнүн ортосундагы кармаш эл аралык коомчулуктун көңүл чордонуна чыккан учурда ашкере болууда.
Билген адамдар 2015-жылы БАЭ америкалык аскер инструкторлорун жергиликтүү элди окутууга жалдап чакырганын, анын артынан эле көп сандаган буюртма киши өлтүрүүлөр болуп келатканын айтууда.
Би-Би-Си ошондой эле америкалык жалданма аскерлердин максаты Йемендин түштүгүндөгү "Аль-Каида", "Ислам мамлекети" жихад топторун жок кылуу деп жарыяланганына карабай, иш жүзүндө БАЭ "Аль-Каиданын" мурдагы мүчөлөрүн өзүнүн коопсуздук күчтөрүнө кошуп алганын тактады.
БАЭ өкмөтү биздин иликтөөдөгү айыптоолорду "жалган" жана "негизсиз" деп четке кагууда.
Йеменде үч жылдын ичинде болгон жүздөн ашык киши өлтүрүү кылмыштары - Жакынкы Чыгыштагы эң жакыр өлкөдөгү бир нече эл аралык державалардын кызыкчылыктары кагылышкан конфликттин бир гана чети.
Кан төгүүлөр токтобой жатканы Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн биротоло кайтып келишине чоң тоскоолдук болууда. Бул кыйчалыш кырдаал Иран колдоп жаткан хуситтердин чырагына май тамызууда. Хуситтер азыркы учурда Кызыл деңиздеги соода кербендерине кол салып, жаңылыктардын сап башына чыгып жаткан убагы. Вашингтон соңку убакта аларды "глобалдык террорчулар" деп атаганга өттү.

Мен өзүм төрөлгөн Йемендеги конфликт жөнүндө 2014-жылдын башынан бери жазып келатам. Согуштун айынан өкмөт өлкөнүн түндүгүн колдон чыгарып, бул жакта хуситтер бийликке келип, жыл өткөн сайын куралданып ашынып баратат.
2015-жылы АКШ менен Улуу Британия Сауд Аравия башында турган араб өлкөлөрүнүн коалициясын түзгөн, анын ичинде БАЭ маанилүү өнөктөш болуп саналат. Коалиция күчтөрү бозгундагы өкмөтүн калыбына келтирип, терроризм менен күрөшүү үчүн Йеменге кирген. БАЭ өлкөнүн түштүгүндөгү коопсуздук үчүн жоопкерчилик алып, АКШга терроризм менен күрөштө маанилүү союздаш болуп калган. Анткени, "Аль-Каида" Йемендин түштүгүнө келип, таасирин күчөтө баштаган болчу.

Йемендеги конфликт
• 2014-жылы Йемендин шиит азчылыктарына таандык хусит козголоңчулары баш калаа Сананы басып алышты.
• Президент Абд Раббу Мансур Хади 2015-жылы үй камагынан качып чыккандан кийин түштүктөгү Аден шаарын убактылуу борбор кылган.
• Сауд Аравия жана сегиз суннит араб өлкөсү хуситтерге каршы абадан сокку уруу өнөктүгүн баштаган. Алар хуситтерге регионалдык атаандаш өлкө болгон Иран курал-жарактан жардам берип жатканын билдиришкен. Сауд Аравия баш болгон коалиция АКШ, Улуу Британия жана Франциядан логистикалык колдоо алышкан.
• Бир эле жактын тарапкерлеринин ортосунда да кагылышуулар болгон. 2019-жылы өлкө түштүгүндө Сауд Аравия колдогон өкмөттүк күчтөр менен президент Хадиге каршы болгон союздаш жикчил кыймылы Түштүк өткөөл кеңешинин ортосунда согуштук аракеттер болгон.
• «Аль-Каиданын Араб жарым аралындагы согушкерлери» (АКАП) жана «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү бөлүмү тополоң кырдаалдан пайдаланып, түштүктөгү аймактарды ээлеп, өзгөчө Аденде кан төгүп, кол салууларды жасаганга өткөн.
• Хуситтердин күчү көбөйүп, таасири кеңейди. 2023-жылы ноябрда алар Кызыл деңиздеги эл аралык соода жолунда кол салууларды баштады.

Бирок кырдаал туруктуу болгондун ордуна, мен барган учурларда өкмөт көзөмөлдөгөн түштүктөгү райондордо террордук топ менен таптакыр байланышы жок эле адамдардын сырдуу буюртма менен өлтүрүлүп жатканына күбө болчумун. Эл аралык укук боюнча адамдын күнөөсүн укуктук тартипте карабай туруп өлтүрүү - сотсуз жазалоо, кыянат ээнбаштык болуп саналат.
Өлтүрүлгөндөрдүн көбү "Мусулман агайындар" уюмунун йемендик бөлүмү "Ислахтын" мүчөлөрү эле. Бул популярдуу суннит ислам кыймылы АКШда эч качан террордук уюм болуп жарыяланган эмес, бирок бир катар араб мамлекеттеринде, анын ичинде БАЭде тыюу салынган. Бул жакта анын саясий активдүүлүгү королдук үй-бүлөгө, анын башкаруусуна коркунуч катары каралат.
Отправной точкой для расследования этих загадочных убийств стала утечка видеозаписи с беспилотника, которая была сделана во время первого убийства: издание впервые сообщило о нем в 2018 году.
Биринчи киши өлтүрүүнүн дрондогу видеолору ачыкка чыгып кеткенде бул сырдуу окуяларды иликтей баштадым. BuzzFeed News бул жөнүндө 2018-жылы жазып чыкты. Видео тартылган учур 2015-жылдын декабры болчу жана анда колдонулган дрон америкалык жеке менчик Spear Operations Group компаниясына таандык эле. Мен бул операцияга катышкандардын бирин 2020-жылы Лондондон кезиктирдим. АКШнын мурдагы деңиз аскери Айзек Гилмор аларды Йеменде адам өлтүрүүгө Бириккен Араб Эмираттары атайын жалдаганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Jack Garland/BBC
Бирок ал БАЭ берген "ажал тизмесинде" кимдер болгонун айтуудан баш тартты. Бир гана "Ислахтын" түштүктөгү Аден порт шаарындагы лидери, йемендик депутат Ансафа Майону атады.
Мен Гилморго АКШ "Ислахты" эч качан террордук уюм деп тааныбаганын айтып, таң калып сурадым. "Азыркы конфликттер, тилекке каршы, аябай чаташкан",-деди ал. -"Биз аны Йеменден көрүп жатабыз. Бирөөлөр үчүн жарандык лидер менен динаятчы, а башкаларга ал террористтердин лидери".
Гилмор жана и Spear'дин ошол убакта Йемендеги дагы бир кызматкери Дейл Комсток экөө алар аткарган миссия 2016-жылы аяктаганын айтышты. Бирок Йеменде киши өлтүрүүлөр токтобой уланып жатты. Reprive укук коргоо уюмунун тергөөчүлөрүнүн маалыматы боюнча мындай кылмыштар ого бетер күчөдү.
Алар Йеменде 2015-2018-жылдары болгон 160 киши өлтүрүү фактысын иликтеп чыгышты. Кылмыштардын көбү 2016-жылы жасалган жана 160 ичинен 23 адамдын гана терроризмге тиешеси болгон. Бардык киши өлтүрүүлөр Spear колдонгон тактика менен жасалган: адегенде алаксытуу иретинде жасалма зат жардырылып, андан кийин бутага алып мээлеп атып өлтүрүшкөн.
Йемендеги соңку саясий максаттагы киши өлтүрүү йемендик адвокат Худ аль-Сараринин айтымында өткөн айда эле болду. Лахтагы имамды так ушундай жол менен өлтүрүштү.
Гилмор, Комсток жана Spear'деги атын атабоону өтүнгөн эки адам компания Адендеги БАЭнин базасында эмираттык офицерлерди машыктырууга катышканын айтышты. Атын айткысы келбеген бир журналист убагында ошол машыгууларды өзү көргөнүн айтып берди.

Америкалык жеке аскердик компаниянын мурдагы офицерлери мага көп маалыматты чечмелеп айтып беришпеди, бирок көбүрөөк маалыматты мен БАЭге тикелей иштеген Адендеги бир офицердин оозунан уктум.
Сырттан келген баш кесерлер Аденде көзгө урунуп таанылып калганда, алардын тапшырмасын өзгөртүп, эмираттык аскерлерди машыктырууга айдашкан. Эмираттык аскерлер өз кезегинде йемендиктерди "тапшырма аткарууга" үйрөтүшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө мен дагы бир канча йемендик адамдар менен сүйлөшүп, ушундай окуялар болду деп айткандарын уктум. Алардын арасынан эки адам эмираттын офицерлеринен машыгып чыккандан кийин терроризм менен деле байланышы жок эки кишини өлтүрүшкөн. Ошондой эле дагы бир адам аны түрмөдөн бошотууну убада кылышып, чоң кызматтагы бир жетекчинин өлтүрүүнү сунуш кылышканын, ал баш тартканын айтты.
2017-жылы БАЭ Йемендин түштүгүндө куралдуу топторду түзүүгө жардам берип, аны каржылап берген. Бирок бул күчтөр Йемендин өкмөтүнө эмес, БАЭнин буйруктарына гана баш ийген.
Жоокерлерди фронттун алдыңкы сызыгында согушууга эле даярдашкан эмес. Бизге сыр ачкан адамдын айтымында, алардын арасынан терроризмге каршы күрөшкө даярдалган бир элиталык аскер бөлүгү киши өлтүрүүлөргө машыккан.
Информатор бизге бул бөлүктө азыр иштеп жүргөн, "Аль-Каиданын" мурдагы он бир мүчөсүнүн аты жазылган документти салып жиберди, бирок биз аларды өз алдыбызча текшере албадык.
Адвокат Худа аль-Сарари бул аскер күчтөрүнүн мыйзам бузууларын иликтеген, бирок аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Анын 18 жаштагы уулу Мохсен 2019-жылы май куючу жайда көкүрөгүнөн жарадар болуп, бир айдан кийин каза тапты. Анын өлүмүнөн кийин ишке чыккан Худа дагы коркуткан эскертүүлөрдү ала берген. "Сага уулуңдун өлгөнү аздык кылабы? Биз дагы бир жакыныңды жайлайлыбы?" деген эскертүүлөр келген.
Адендин прокурору жүргүзгөн иликтөө Мохсенди БАЭнин колдоосунда турган, террорго каршы күрөшүүчү бөлүктүн мүчөсү өлтүргөнүн көрсөттү. Бирок ага бийлик кылмыш ишин козгогон жок.
Прокуратура кызматкерлери, биз алардын атын коопсуздук маселесинен улам ачыктай албайбыз, массалык киши өлтүрүүлөрдөн баары коркуп калганын айтышты. Көрсө, БАЭ колдогон күчтөрдүн кылмыш иштерин иликтөөдөн баары коркушат экен.
Биз өзүбүздүн иликтөөбүздү БАЭнин өкмөтүнө бердик. Алар өз кезегинде мунун баары жалган деп четке кагып, Йемендин өкмөтүнүн жана эл аралык союздаштардын чакыруусу менен барып, террорго каршы операцияларга жардамдашып жатышканын айтты.
«Бул операциялар убагында БАЭ эл аралык укукка ылайык гана иштеди», — деп айтылат Өкмөтттүн билдирүүсүндө.
Биз АКШнын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаменттен Spear Operations Group жөнүндө маалымат сурадык, бирок алар баш тартты. Ал эми АКШнын чалгын кызматы өзүнүн билдирүүсүндө "Борбордук чалгын кызматы мындай операцияларды колдоду деген жоромолдор жалган" деп гана айтылат. (МА)









