Жогорку таамайлыктагы куралдар түгөндүбү? Россия Украинага атып жаткан ракеталардын чоо-жайы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аптанын башында Россия Украинанын шаарларына асмандан үстөкө-босток соккуларды урду, негизинен арзан дрон-камикадзелерди колдонду. Коопсуздук боюнча эксперттер Россиянын жогорку таамайлыктагы заманбап ракеталары кыйла эле чектелүү экенин айтышууда.
Россия кандай ракеталарды колдонду?
Крым көпүрөсү жардырылгандан кийин Россия өткөн аптада Украинанын энергетикалык инфраструктурасына массивдүү ракеталарды соккуларды жасады. Бул өз кезегинде орустар колдонуп жаткан куралдын түрлөрү жөнүндө талкууга жем таштады.
Коопсуздук эксперттери Россиянын "жер-аба" классындагы ракеталарды колдонуп жатканы андан ылайыктуу курал-жарактын жетишпей жатканынан кабар берет дешет.
"Көзгө урунганы [соңку чабуулдарда] - жер үстүндөгү буталарга каршы ар кандай ракеталардын колдонулганы болду, - дейт Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Дуглас Барри. - Жер үстүндөгү буталарга канаттуу ракеталарды салышканы - биздин оюбузча көйгөй мына ушул жерде. Куралдар кээ бир жерде бүтүп калбаса да түгөнүп жатат".

Анализ: ирандрондору Украинага жаңы коркунуч жана ракеталардын жетишпегенин көрсөтөт
Павел Аксенов, Би-Си-Си, Орус кызматы
Россия канаттуу ракеталарды алмаштыруу аракетин көрүп жатканынын бир белгиси Украинанын иран өндүрүшүндөгү дрондорду колдонуп жатканы болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сентябрдын ортосунан тартып Украинанын асманында "Герань-2" дрондору пайда болду, ал эми соңку убакта анын кичирээк түрү "Герань-1". Россияда иран өндүрүшүндөгү дрондорду, атап айтканда "Шахед-136" жана "Шахед-131" ушинтип аташат. Анчалык кымбат эмес жана салыштырмалуу жөнөкөй бул аппараттар бир топ эле аралыкка учууга жана ири стационардык буталарды талкалоого жарактуу.
Украинанын Куралдуу күчтөрү "Шахеддердин" көбүн атып түшүргөнүн билдирген менен, бул дрондор радарга анча түшпөйт жана кылтакка оңой менен илинбейт.
Россияда кымбат баадагы канаттуу жана баллистикалык ракеталар жетишпей жатканда мындай жөнөкөй куралдардан эмнеге пайдаланууга болбойт.
Бирок дрондорду жок кылуу маселесинин үстүндө көп адистер иштеп жатат, андан акыры бир ылаажы чыкпай койбойт.
Ал эми азырынча Украинанын асманында ракеталар азайып, дрондор көбөйө бермекчи.

Согуштун башталышында Россия Украинанын жер үстүндөгү объектилерин жок кылууга жогорку таамайлыкта соккон ракеталарын абдан көп санда пайдаланды, бирок жайында чабуулдар азайып калгандыктан батыштагы коргонуу мекемелеринин өкүлдөрү Россиянын жогорку таамайлыкта соккон куралдары бир топ эле азайып кетти деп жоромолдошууда.
Ушул аптада Британиянын өкмөттүк байланыш борборунун башчысы Джереми Флеминг: "Биз билебиз - жер-жерлердеги россиялык командирлер да билет, - запастар, ок-дарылар түгөнүүдө",-деп билдирди.
Буга далил барбы?
Россиянын канча ракетасы бар, бул катуу сакталган сыр, ошондуктан Батыштагы жашыруун кызматтар эмнеге таянып айтып жатышканын билбейбиз. Бирок соңку ракеталык аткылоодон кийинки кадрлар айрым бир ойлорго салууда.
Интернеттеги сүрөттөрдө С-300 ракетасына окшош сыныктарды көрүүгө болот. Социалдык тармактагы кабарларга караганда, С-300 Россияда жер үстүндөгү буталарды талкалоого ылайыкталып жасалган деген пикирлер айтылууда.

Россиянын С-300 ракетасы Харьковдо кеңсе имаратына түштү. Россия Белгороддон С-300 ракетасынан бешти учургандан кийин 45 жаштагы эркек жарадар болду. Алар кеңселерди, үйлөрдү, ишкерчилик жана мектеп имараттарын кыйратты.
Зениттик-ракеталык комплекс С-300 эң башында абадагы буталарды талкалоого эсептелген.
Биз Интернеттеги сүрөттөрдү кунт коюп изилдеп, Украинаны аткылоодон тартылган үч сүрөттө С-300 "жер-аба" классындагы ракетанын сыныктары бар экенин так айта алабыз. Россиянын дагы, Украинанын дагы ушундай куралдары бар экенин, алар бул куралдарын колдонду деп бири-бирин айыптап жатканын эстен чыгарбайлы.

Биз сыныктардын капталындагы жазууларды С-300 сүрөттөрү менен салыштырып көрдүк. Ракеталардын көлөмдөрү дагы туура келди.

Кээ бир эксперттер Россия таамай соккон ракеталары жетишпей жаткандыктан, ушундай куралдардын колдонууга өттү деп эсептешет.
"Алар Киевдеги, Льоводогу жана башка шаарлардагы буталарды кыйратыш үчун алыскы радиустагы ракеталарды абдан көп колдонушту. Менимче, алар өздөрүнүн запасын карап көрүп, мүмкүнчүлүктөрүн болжоп, С-300 сыяктуу ракеталарын башкача жасап чыгуу жакшы ыкма болорун түшүнүштү",-дейт чалгын маалыматтарын анализдеген McKenzie Intelligence Services компаниясынан Луиза Джонс.
Россия "жер-аба" классындагы куралдарын жер үстүндөгү буталарга колдонуп жатканынын дагы бир себебин орустардын аскердик аба күчтөрү туш болгон оперативдүү чектөөлөр менен түшүндүрөт. Эң башынан бери эле Россиянын учактары абада үстөмдүккө жетише албады.
Бул украин ракеталары болушу мүмкүнбү?

Украиндер дагы өзүнүн С-300 куралын россиялык ракеталарды атып түшүрүүгө пайдаланууда. Москванын жүйөсүндө алар жерге кулап түшкөндө көп зыянга, көп адам курмандыктарына алып келүүдө.
Эксперттердин айтымында, ракетаны сыныктар боюнча кайдан чыкканын аныктоо кыйын.
Бирок Уильямс Украинанын ПВО системаларын шаардын борборлоруна жайгаштыруу ыктымалдыгы төмөн дейт: "Адатта алар четкерээк жакта жайгашкан. Кулап түшкөн ар кандай (украиналык) ракетага каршы куралдар шаар райондоруна түшпөйт".
Россия дагы кандай куралды колдонууда?
Россия согушту ушул жылдын февраль айында ракеталык соккулар менен баштаган. 7-мартка карата согуш башталгандан он бир күн ичинде орустар 600 ракета учуруп чыгарганын Пентагон эсептеп чыккан болчу.
Чабуулдар кургактан, деңизден жана асмандан жасалган.
Россиянын колундагы куралдардын түрлөрүнүн ичинде - баллистикалык жана канаттуу "Искандер" ракеталары, ошондой эле Кара деңиздеги кемелер менен суу астындагы кемелерден учурулган "Калибр" канаттуу ракеталары бар.

Россия Х-101 жана Х-555 канаттуу ракеталарын, ошондой эле "Точка-У" ракетасын колдонуп келатат. Аны менен апрелде Краматорскидеги темир жол вокзалына сокку урулуп, элүүдөн ашык адам курман болгон.

Би-Би-Си ошондой эле июндун аягында кеминде 20 адам өлгөн Полтава областындагы Кременчуг шаарындагы соода борборун аткылоону изилдеп көрүп, анда Х-22 же анын жаңыраак түрү - Х-32 колдонулганын аныктады.
Бул башынан эле кургактагы буталарды эмес, кемелерди кыйратууга эсептелген ракеталар. Мына ушул жагдай дагы Россиянын кээ бир заманбап куралдарынын запасы түгөнүп жатабы деген эксперттердин оюн бекемдөөдө. (КС)








