Россия Украинага кандай "жанкечти" дрондор менен сокку урду?

Wreckage of a Shehad-136 drone. The tail fin has Geranium 2 written on it - the Russian name for the drone.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украиндер айтып түшүргөн Шахед-136 жан кечти дрондун сыныктары

Украина Россияны Киевдеги жарандык объектилерге "жанкечти" дрондор менен сокку уруп жатат деп айыптады. Алар келип сайылган жеринде жарылып, дрондун өзүн кошо жок кылат.

Бул орустардын кайсы дрону?

Аны Россияда "Герань-2" деп дагы аташат. Анын тумшук жагына жарылгыч зат коюлган жана чабуул коюуга буйрук болгучакты бутанын үстүндө калкып тура берет.

"Шахед-16" дронунун канаттарынын жазылыгы 2,5 метр, аны радардан байкоо кыйын.

Graphic of Shahed 136 drone

«Алар жапыс учат, сиз аларды толкун кылып жибере аласыз. ПВО дрондордун жайнаган тобуна оңой менен каршы тура албайт", — деди Би-Би-Сиге аскердик эксперт Джастин Крамп.

Киевдин айланасындагы ПВО топтору дрондорду атып түшүрүү үчүн зениттик ракеталар менен аткылады.

Октябрдын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү учуп келип жаткан "Шахед-136" дрондорунун 60% атып түшүрүп жатканын билдирген.

Шахед-136 дронун чыгаруу салыштырмалуу арзан, анын наркы 20 миң доллар.

Россиянын өзүндө мындай дрондордун канчасы бар экени белгисиз, бирок Иран жүздөгөн дрондорду Россияга жиберип жатканын АКШ билдирген. Иран өз кезегинде бул маалыматты ырастаган эмес.

Украина жанкечти дрондорду колдондубу?

Жакында эле Крымдын батышындагы Сакадагы орус аскер базасына, Севастополдогу авиабазага жана Севастополго жакын жээктеги россиялык кемелерге кол салуулар болду.

Лондондогу королдук коллеждин коргонуу боюнча изилдөөчүсү доктор Марина Мирон: «Эгер сиз теракт учурундагы жардырууларды карасаңыз, анын бир топ эле кичине экенин көрө аласыз. Мен булар жардыргыч заттар байланган жанкечти дрондор деп ойлойм",-деди.

Украинада дагы кандай дрондор бар?

Украинанын колундагы негизги дрон түрктөр чыгарган Bayraktar TB2. Анын көлөмү чакан учактай, бортунда камера бар жана лазердик мээлегичи бар бомбалар менен куралданган.

Бириккен курал-жарак королдук институтунун кызматкери, доктор Джек Уотлингдин айтымында, согуштун башталышында Украинада мындай согуштук учактар "элүүгө да жетчү эмес".

Ал эми Россия "көлөмү кичирээк жана кыйла жөнөкөй болгон "Орлан-10" дрондорун дагы колдонууда, аларга камера коюлган жана чакан бомбаларды алып жүрө алат.

Bayraktar TB2 drone graphic

Согуштук дрондорду кантип колдонушту?

Россия менен Украина үчүн дрондор душмандардын буталарын таап, аларга артиллериялык сокку урганга эффективдүү курал болуп берди.

""Орлан-10" дрону бутаны таап бергенден кийин Россиянын күчтөрү өздөрүнүн артиллериялык куралдарын үч-беш мүнөттө эле душмандын керектүү позицясына багыттай алат",-дейт доктор Уотлинг. Болбосо, чабуул коюуга адатта 20-30 мүнөт убакыт кетет.

Доктор Марина Мирондун айтымында, дрондор Украинага өзүнүн чектелүү күчтөрүн тегиз жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

"Эгер мурда сиз душмандын позицияларын тапкыңыз келсе, анда атайын даярдыктагы отрядды жибермексиз... аскериңиз азаймак", -дейт ал. "Азыр болгону дронду жоготосуз".

A fleet of Russian Orlan-10 drones

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиялык "Орлан-10" дрону саналуу мүнөттөрдө эле душмандын позициясына артиллериялык соккуну багыттап бере алат.

Биринчи апталарда украиндер колдонгон "Байрактарды" аябай макташкан эле.

"Алар ок-дары кампалары сыяктуу чабуул коюла турган буталарды көрсөтүп беришти. "Москва" кемесин чөктүрүп жиберүүдө да анын ролу болбой койгон жок",-дейт доктор Мирон.

Бирок "Байрактар" — чоң жана жай кыймылдаган дрон, Россия асмандан коргоо системалары менен аларга эффективдүү каршылык көрсөтүп жатат.

Согуштук эмес дрондор кандай колдонулууда?

Согуштук дрондор кымбат турат - "Байрактар TB2" баасы эки миллион доллар турат.

Ошондуктан эки тарап тең, айрыкча Украина 17 миң фунт стерлинг турган арзаныраак DJI Mavic 3 моделдерин колдонууда.

Graphic showing DJI Mavic 3 drone and its specifications

Бул коммерциялык дрондорго чакан бомбалар коюлушу мүмкүн. Бирок алар негизинен душмандын позициясын табуу жана чабуулду багытоо үчүн колдонулат.

«Украинада Россиядагыдай ок-дары көп эмес, — дейт доктор Мирон. «Асманда көзүң" болгондо буталарды табуу жана тикелей артиллериялык сокку уруу үчүн колдо болгондун баарын жакшы колдоно аласың".

Бирок коммерциялык дрондор согуштук учактарга караганда күч-кубаты азыраак болот.

Мисалы, DJI Mavic жалпы учуу алыстыгы болгону 30 км, ал 46 мүнөттөн ашык уча албайт.

Россия электрондук түзүлүштөрдү дагы колдонууда дейт доктор Мирон.

«Россия күчтөрүндө электромагниттик импульс менен аткан «Ступор» винтовкасы бар,— дейт ал. - Бул коммерциялык дрондорду GPS менен мээлеген мүмкүнчүлүктөн ажыратууда".

Россиялык күчтөр ошондой эле Aeroscope сыяктуу онлайн-системаларды дагы дрондор ортосундагы байланышка колдонууда.

Бул системалар дрондун кулатуу же кайра базага кайтаруу үчүн колдонулат же маалымат жиберүүнү токтотуп кое алат.

Rusi отчетуна караганда украиндик орточо дрондун иштеши бир жумага араң жетет. (КС)