"Бул жерде чоң саясат турат". Путин Рахмонду орден менен сыйлады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы "Ата Мекенге кызматы үчүн" ордени менен сыйлады. Бул кадырлоо-сыйлоо тажик президенти Кыргызстан тараптан агрессор аталып, БУУнун трибунасына чейин айтылып жаманатты болуп жаткан убакта болуп жатат. Бул Рахмондун мааракесине сыйлык болуп калды, 5-октябрда ал 70 жашка толду.
Жарлыктын текстине караганда, Рахмон бул сыйлыкка Россия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.
Орус президенти Путин тажик кесиптеши Рахмонду калкалар, колдоп келатканы башынан эле белгилүү, бирок Россия менен тыгыз мамиледеги Кыргызстандын чек арасына Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болуп, тажик лидери агрессор деген атка конуп жаткан убакта ушундай ага сый көргөзүп жатканы бул бекем мамиленин дагы бир далили болуп саналат. Демек, Путин турганда Рахмондун кылы кыйшайбайт деген сөз.
Тажиктердин сырттагы куралданып, Рахмонду алып түшүүнү максат кылып жаткан оппозициялык күчтөрдүн дагы, Кыргызстандагы эл аралык сотко арызданып, аны жоопко тартууга аракет кылып жаткан жарандык активисттер дагы ушул чындыкты моюндап турат.
Бирок мындай бекем мамиленин артында чоң геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктар турат дейт эксперттер.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Чынара Эсенгул, геосаясат боюнча адис:
"Бул жерде саясат, экономика жана коопсуздук маселелери турат. Мамлекеттик кызыкчылык жагынан карасак, албетте, режимдин кызыкчылыктары бар. Диктаторлордун, авторитардык лидерлердин бийликте калуу, башкарууну улантуу, өзү болбосо өзүнүн кишисин бийликте калтыруу дегендей өзүнчө логикасы бар. Ошонун баарын эске алганда, авторитардык лидерлер кепке батыраак келет, анткени бир адамдын чечими болот. Бирок бул жерде чоң саясат, геосаясат да турат. Аны да эске алыш керек. Өзгөчө Афганистан маселеси. Андан башка экономикалык да маселе турат. Өткөндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жөнүндө келишимге кол коюлду. Бирок Өзбекстандан нары каякка кетет дегенде, ШКУнун Самарканддагы жыйынында дагы бир чоң келишимге кол коюлду. Өзбекстан бул маселенин үстүндө беш жылдан бери өзүнчө фокус коюп иштеп келатат. Бул Мазари-Шарифке, андан ары Пакистанга кете турган темир жолу. Афганистанда талибдер бийликке келгенде Тажикстан талибдерди тааныбайбыз деп билдирип жалгыз калды. Бул эмнени билдирет? Бул Россия Кытайга каршы болобу же Батышка каршы болобу, Тажикстандын позициясын өзүнүн кызыкчылыгында колдонгонго аракет кылып жатканын көрсөтөт. Башка мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан дагы талибдер менен бейформал мамиледе, бирок сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул жерде Россия менен Тажикстан өзүнчө бир кичинекей лагерь болуп атат, чоң саясатта Россияга таяна турган аймактык күчтүү шериктеш мамлекет болбосо, кыйын болот. Ошон үчүн аны аябай бапестеп колдоп турат".
Мирослав Ниязов, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси:
"70 жаш мааракеси болуп жатпайбы. Ошон үчүн орден бериптир. Унчукпай койсо да болбойт, жакшы эмес. Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн деген сөз. Калган достор менен жакшы мамиледе турсак деп көп аракет кылып атат. Азыр Путиндин душманы көп болуп жатат. Америка баш болуп, бүт Европа чыгып атат. Анан бул жерден дагы душмандарды тапса, эч жакшылык жок да. Ошон үчүн мурунку советтер союзуна кирген эски достор менен кандайдыр бир жакшы мамилени сактап калуунун аракетин көрүп, муну колдой турган адамдарга өзгөчө мамиле кылып жатат деп ойлойм".










