Жүздөгөн ооган үй-бүлөлөрү Улуу Британияга журт которот

Британдык аскерлер Гильменд провинциясындагы согуштук операцияны 2014-жылы эле аякташкан

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британдык аскерлер Гильменд провинциясындагы согуштук операцияны 2014-жылы эле аякташкан

Британдык куралдуу күчтөргө жана Улуу Британия өкмөтүнө иштеген жүздөгөн оогандыктарды ыкчам түрдө көчүрүп алуу планы жарыяланды. Жалпысынан үч миңдей адам Улуу Британияга журт которууга уруксат алары, алардын ичинен 1300 адамдын маселеси каралып чечилгени айтылууда.

Эл аралык аскерлер Ооганстандан чыгып кетип жатканына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды. Коргоо министри Бен Уоллес бул планды аткарууну тездетүү "бирден бир туура иш" болуп жатканын билдирди. Негизинен талибдер тарабынан репрессиялык куугунтукка кабылышы мүмкүн адамдар көчүрүлүп жатат.

"Моралдык милдет"

Бул проблема британдык аскерлер 2014-жылы Гильменд провинциясындагы согуштук операцияны аяктагандан бери эле актуалдуу болуп келатат. Ошол жакта кызмат кылган британдык аскерлерге убагында жардам бергендер биринчи кезекте коргоого жана колдоого муктаж болуп турат.

Башында Улуу Британияга көчүп бара тургандарга абдан эле катаң критерийлер болуп жаткан, башкача айтканда оогандыктардын иш стажысына, конкреттүү аткарган ишине карап жатышкан. Мисалы, британдык аскерлер менен Гильменд провинциясында бир жылдан ашык котормочу болуп иштегендерге артыкчылык берилген эле.

Бирок мамлекеттик жаңы саясатка ылайык, коркунуч алдында турган ар кандай мурдакы же азыркы саясатчыга Улуу Британияга журт которгонго сунуш берилет, анын кызмат орду, наамы же иш стажысы мааниге ээ эмес.

Гильменд провинциясында афган котормочулары британдык аскерлер менен кошо алдыңкы чекте иштеген

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гильменд провинциясында ооган котормочулары британдык аскерлер менен кошо алдыңкы чекте иштеген

Өкмөт бул чаралар Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы өзгөргөнүнө байланыштуу каралып жатканын билдирүүдө. Соңку 20 жылдан бери Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү менен өкмөтүнө иштеген жергиликтүү адамдарга олуттуу коркунуч болуп жатканы айтылууда. Оогандыктарды көчүрүп алуу жана аларга жардам көрсөтүү саясаты жана схемасы 1-апрелден тарта ишке киргизилди.

Ички иштер министри Прити Патель бул чараларды "моралдык милдет" деп атады.

Өкмөттүн билдирүүсүндө Ооганстандан куралдуу күчтөрдү чыгарууну баштоо жөнүндө чечимден кийин премьер-министр Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Турак-жай министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен арыздарды кабыл алууну тездетүүну карап жатканы айтылат.

Азыр Улуу Британияга канча оогандык көчүрүп алынышы так эмес, бирок өкмөт болжол менен үч миңдей адам болот деп турат.

Тобокелге бел байлагандар

Ооганстанда ушул жылдын башында британдык 750 аскер кызмат өтөп жаткан, алар негизинен баш калаа Кабулдун коопсуздугун камсыз кылууда.

Аларды чыгаруу иштери АКШ президенти Жо Байден америкалык аскерлерди чыгарууну чечкенден кийин эле башталган. НАТО күчтөрү дагы бул чечимге макул болушкан, бирок Британ министрлигинин чоң кызматтагы өкүлдөрү бул чечимге "кабатыр" экенин билдиришкен.

АКШ дагы окшош схема менен иштеп жатканы айтылуда, Британияга караганда, АКШнын куралдуу күчтөрү менен өкмөтүнө иштеген оогандыктар абдан көп экени белгилүү.

Жүздөгөн оогандыктарды Улуу Британияга көчүрүү олуттуу логистикалык проблема болуп калган жатат, анткени британдык аскерлер өлкөнү биротоло таштап кетүүдө.

Өкмөт оогандыктарды британ армиясынын калган бөлүгү менен коопсуз алып чыгып кетүүнүн тийиштүү чарасын көрүшү керек. Ошондой эле Британиянын жергиликтүү бийликтери менен байланышып, ооган үй-бүлөлөрүн жайгаштыруу маселесин чечүү керек. (КС)