Кыргыз өкмөтү чек ара боюнча элге түшүндүрөт

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
"Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт",-деп жазды өкмөттүн расмий сайты.
Ага ылайык өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, эл менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.
30-мартта Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт. Ушул эле күнү 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.
"Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт",-деп жазды өкмөттүн сайты.
24-25-мартта Ташкентке Кыргызстандын УКМК төрагасы К.Ташиев баштаган делегация чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациянын соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин "чек ара маселеси 100%" чечилгени кабарланды. Бирок сүйлөшүү тыянактары кыргыз коомунда курч талкууларга жем таштап, ар кандай чечмеленүүдө.
"Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Өтө оор маселелерди карадык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Мен жалыпылап айтып жатам, жети жүз канча дагы гектар. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыр күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык",-деген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Сох-Риштан

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Апта соңунда Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору дагы Сох-Риштан жолу ачыла турганын расмий тастыктады. Бул тууралуу аким Хайрулло Бозоров kun.uz сайтына курган маегинде билдирген.
Фергана облусунун жетекчиси Сох районуна жүргүнчү ташыган кичиавтобус каттамы жолго коюлат деп айтты.
"Мурда 80 чакырым жол басуу керек болсо, жаңы жол аркылуу 19 чакырым жүрөт",-деген ал. Ошондой эле ал жүргүнчүлөр 20дан ашпай турганын ырастады.
Бул өзбек бийлигинин жүгүн жеңилдеткен чечим болуп калды. Сохту облус борбору менен байланыштырган жол Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай району аркылуу өтөт. Көптөн бери эле анклав тургундары бийликтен Сох-Риштан автоунаа жолун ачып берүүнү талап кылып келген.
Бул маалыматты биринчилерден болуп өткөн аптанын жума күнү кыргыз тарап тараткан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 1-апрелден тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачыла турганын айтылган эле. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт.
"Сохто эч кандай коридор жок",- деди сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз жыйынын өткөргөн Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Болгону эки тараптуу макулдашуулар жана айрым шарттар менен 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилди деген Ташиев.
Өткөн апталарда президенттин Ташкентке сапарынан кийин Өзбекстандын анклавына "коридор" тууралуу маалыматтар дагы кыргыз коомчулугундагы талкууга себеп болуп, бийликтин дарегине ачуу сындар жааган. Президенттин басма сөз кызматы адегенде орус тилинде "Кыргызстан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр" деген маалымат таратып, көп өтпөй президенттин расмий сайтына жарыяланган маалымат өзгөртүлгөн текст менен кайра жарыяланган. Оңдолгон маалыматта: "Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени" айтылат.
Президент Садыр Жапаров өктөн апталарда "Азаттыкка" курган маегинде: "Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар "Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен" деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат",-деп айткан.
Сох-Риштан жолу 2013-жылдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан кийин жабылган эле. Ушундан кийин Өзбекстан Кыргызстандын Барак эксклавына бара турган жолду узартып койгон. Мурда эксклав тургундары 7-8 чакырым жол басып район борбору менен карым-катнаш кылып келсе, ошондон кийин бир тарабы 300 чакырым жол басып район борборуна келүүгө аргасыз болушкан. Мындай кыйынчылыктан улам эксклавдагы тургундар көчүп чыгууга аргасыз болду. Кыргызстан бул эксклавды 2018-жылы башка жерге алмашып алды.(AbA)










