"100 пайыз чечилди": кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, "чек ара маселеси 100%" чечилгенин билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация Ташкент шаарында өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдөн кайтып келди.
"Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Өтө оор маселелерди карадык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Мен жалыпылап айтып жатам, жети жүз канча дагы гектар. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыр күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык",-деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Эми эч кандай талаштуу тилкелер болбойт деди УКМК төрагасы.
"Кемпирабад суу сактагычы 5735 гектар болчу (бир аз адашкан болушум мүмкүн). Эми ошодон 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Өзбек тарап бизге буга чейин 1973-жылы 4100 гектар жерди компенсация катары берген. Демек, 300 гектар жер дагы компенсация катары бериши керек эле. Бирок 300 гектар жердин ордуна компенсация катары биз миң гектар жерди алдык. Мына, Өзгөн, Сузак районунун жерлери. Эгерде мурда суу сактагыч толуп, жээктеги үйлөргө суулар тээп, маселе жаралып жаткан болсо азыр андай болбойт. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат. Алар өз тарабынан мурдагыдай тосуп, кайтарбайт",-деди К.Ташиев.
"Сохто эч кандай коридор жок",- деди Ташиев. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 1-апрелден тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалар өтө алат.
Эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан өзбек-кыргыз чек ара маселеси үч жылдан бери ачык талкуулана баштаган эле. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган.
Буга чейин эксперттер чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турганын айтып келишкен. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин өткөрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келген.
Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.
"Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өзбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман-жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат. Мен да буга кошулам. Мен иштеп турган учурда да ушул позицияда иш алып барганбыз. Бир кезде СССР пахтага абдан муктаж болуп калган. Пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахатаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң га жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергена тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелердин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда бул оркоюп чыгып калды",-деп айтып берген эле чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов буга чейинки Би-Би-Сиге маектеринде.
Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан чек ара тактоодо катаал позицияны карманып, сүйлөшүүлөргө сыртын салып келген. Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Расмий маалыматтарда чек аранын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт.









