"Ндрангета тобу": Италиядагы мафияга каршы чуулгандуу сот иши

Сүрөттүн булагы, AFP
Италиядагы эң таасирдүү деп саналган мафиянын жүздөгөн мүчөлөрү сот алдында жооп берет. Муну ондогон жылдардан берки эң ири соттук териштирүү деп аташууда.
"Ндрангета тобу" боюнча бир нече жылга созулган тергөө иштеринен кийин 355 шектүү кылмышкер менен коррупцияга малынган расмийлер камакка алынган. Алардын кылмыштарына байланыштуу 900гө чукул киши көрсөтмө бермекчи. Мафиянын өкүлдөрү деп саналгандар адам өлтүрүү, баңгизат соодасы, опузалоо жана мыйзамсыз акчаны адалдоо беренелери боюнча соттолот.
Шаршемби күнү башталган соттук териштирүү эки жылга чейин созулушу мүмкүн экени кабарланууда. Көп сандагы кишилер соттолуп жаткандыктан өлкөнүн түштүк тарабындагы Калабрия аймагында атайын сот имараты түзүлдү. Мурда телефон чалууларды кабыл алган имарат бир учурда жүздөгөндөрдүн көрсөтмөсүн кабыл ала алат жана коопсуздук чаралары дагы мыкты. Калабрия таасирдүү "Ндрангета" кылмыштуу тобунун чордону катары саналат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мафия өкүлдөрүн мындай санда сот алдына тартуу 1980-жылдардан бери боло элек. 1986-жылдан 1992-жылга чейин созулган соттук угуулар "Коза ностра" үй-бүлө мүчөлөрү жоопко тартылган. "Коза ностра" атка конгон сицилиялык топтор ("биздин ишибиз" деп которулат) бүтүн дүйнөгө тараган мафияны түзгөн. 1800-жылдары алар Сицилияда чоң күчкө жана таасирге ээ болуп турган. Акырындап алардын таасири күчөй берген.
Бул жолу бир кылмыштуу топтун, Манкусо үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү гана жоопко тартылат. Манкусо үй-бүлөсү "Ндрангета тобунун" маанилүү жана таасирдүү өкүлдөрү.
"Ндрангета тобу" белгилүү "Коза нострадан" дагы күчтүү болсо дагы, кылмыштуу топ Калабрия провинциясында гана иш алып барат. Калабрия - "Италиянын жакыр аймактарынын бири. Провинция Сицилиядан анчейин алыс эмес жерде орун алган. ФИБ (ФБР) маалыматына караганда, учурда кылмыштуу топтун болжолу алты миңдей мүчөсү бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Айрым эсептөөлөргө караганда, "Ндрангета" Европада көмүскө сатылган кокаиндин 80% көзөмөлдөйт. "Ндрангета" Италиянын түндүгүндө таасирдүү эсептелип, Туриндин чет жакасындагы кылмыштуу бизнестерди көзөмөлүнө алган.
Сот алдына мафия тобунун анабашчысы саналган 66 жаштагы Луижи Манкусо дагы келет. Ал криминал дүйнөсүнө "байке" каймана аты менен белгилүү. Бирок уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маалымат жыйнаган Оксфорд университетинин кызматкери Федерико Варесенин айтымында, соттук териштирүү "Ндрангета тобун" жок кыла албайт деген пикирде.
"Алардын барын түрмөгө камасаң дагы көйгөйдү өзөгү чечилбейт. Жакырчылыкты жок кылмайынча криминалдык топтор таасирдүү боло берет",-дейт окумуштуу.








