Премьерге далысын салган дарыгерлер: "Жек көрүү жана нааразылыктын коридору"

Сүрөттүн булагы, AFP
Бельгияда жекшембиде премьер-министр барган оорукананын дарыгерлери ага ушундай каршылык мамилесин көрсөтүштү.
Телеканалдар көрсөткөн кадрларларга караганда, дарыгерлер менен медайымдар ооруканага бараткан жолдун эки жагына катар тизилип, премьердин кортежи жакын келгенде андан тескери бурулуп кетип жатышты. Алар Бельгия өкмөтүнүн пандемия шартында ооруканаларга жасаган мамилесине өзүнүн нааразылыгын ушундай жол менен билдиришти.
Бул өлкөдө өкмөт дарыгерлерди ашыгы менен иштөөгө милдеттентирүүдө. Бирок акчалай компенсация төлөнбөй жатканынан нааразылык чыгууда.
Брюсселден кабарчыбыз Гевин Ли кабарлагандай, Белгияда эки күндө коронавирустан каза тапкандар элүүгө жеткен жок. Бул эки айдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Бүгүн бүт өлкө боюнча дүкөндөр ачылгандан бери бир апта болуп, баштапкы жана орто мектептер эшигин ача баштады, бирок ал жерде дагы баарына эмес, чакан класстарга уруксат.
Музей менен зоопарктар алдын ала онлайн брон эрежеси менен иштей алат, анткени көп адам жыйылбаш керек. Ошондой эле жыйырма адамдан көп болбой, спорттук көнүгүүлөрдү уюштурса болот. Бул апта Бельгия үчүн чоң сыноо болуп калмакчы, анткени бул өлкөдө өлүм житим деңгээли дүйнөдөгү эң чоң болуп саналат, он бир миллион адамга тогуз миң өлүм туура келет.
Өткөн дем алышта премьер-министр Софи Уилмс Брюсселдеги ооруканага барып, "жектөө менен нааразылыктын коридоруна" туш болду. Кортеж жакындап келгенде эмгек акы менен эмгек шарттарына нааразы болуп жаткан дарыгерлер менен медайымдар аны карабай, тескери бурулуп кетишти.





